"Дебаттардан кийин талапкерлердин рейтинги өлчөнсө"

Сүрөттүн автордук укугу Social media
Image caption Саясат таануучу Аида Алымбаева Кыргызстандагы дебаттар ачык өттү дейт

Президенттикке талапкерлер теледабаттын мүмкүнчүлүктөрүн пайдалана алдыбы? Дегеле шайлоо алдындагы дебаттар кандай принциптер менен уюштурулат?

Бул тууралуу Эл аралык Борбор Азия университетинин окутуучусу Аида Алымбаева менен маектештик. Адегенде андан Кыргызстандагы акыркы теледебаттар тууралуу оюн сурадык.

Аида Алымбаева: Теледебаттар шайлоодогу эң маанилүү, керектүү инструмент. Анткени шайлоо өнөктүгү өтө кыска. Мисалы, АКШда же башка өлкөлөрдө ал бир жылга, жарым жылга созулат. Ал эми бизде бир ай гана берилүүдө. Шайлоочулардын баары талапкерлер менен жолуга албайт, өз суроолорун берүүгө шарты жок.

Ал эми теледебаттар шайлоочуларга көп маалымат берет, ал аркылуу анализдеп, чечим чыгарышат.

Би-Би-Си: Президенттикке талапкерлер теледабаттын мүмкүнчүлүгүн туура пайдаланып, өз программаларын элге жеткире алдыбы?

Аида Алымбаева: Ооба, мисалы, кайсы бир талапкерлер өз шайлоочуларын жоготуп алды деп ойлойм. Анткени алар өз программасын жеткирген жок, статистикалык же далилдей турган маалыматтарды айта алышкан жок. Же конфликт маанайын жаратышты. Башкача айтканда биз көп нерсе күткөн талапкерлер аны актабаган учурлар болду.

Ал эми айрым талапкерлер эл үчүн ачылыш болду. Жакшы таанылбаган менен экономиканы жакшы түшүнөт экен, тышкы саясат тууралуу да дурус сүйлөдү деп калдык.

Би-Би-Си: Сиз өзүңүз Европада жашап, билим алып келгенсиз. Шайлоо алдындагы дебаттар да бизге АКШ жана Европа өлкөлөрүнөн жеткен. Алардын теледабаттары менен Кыргызстандагы дебаттардын кандай айырмалары бар?

Аида Алымбаева: Кыргызстанда өткөн дебаттардын жакшы жагы – талапкерлерге убакыт тең бөлүндү. Баарына бирдей суроолор берилип жатты, андыктан ачык өттү десек болот.

Башка мамлекеттерде дебаттар талапкерлердин рейтингине кандай таасир эткени өлчөнөт. Дебаттардан кийин эл арасында сурамжылоо жүруп, кимдин колдоосу көбөйүп, кимдики азайганы изилденет. Бизде да ошондой изилдөө болсо жакшы болмок. Ал талапкерлерге да, шайлоочуларга да керек.

Батыш өлкөлөрдө суроолорду да эл тандайт. КТРК да ошондой ыкманы колдонуптур, бирок ал бүт элден сураган жок да. Бир канча күн мурун социалдык тармак же телевидение аркылуу суроолор кабыл алынары жарыяланган жок, жалпыбыздын суроо берүү мүмкүнчүлүгүбүз болгон жок.

Би-Би-Си: Шайлоо алдындагы дебаттар негизи кандай принциптерге ылайык уюштурулат?

Аида Алымбаева: Ар кайсы өлкөдө өз эрежелери бар. Мисалы, АКШда эки партия атайын комиссия түзөт. Ал комиссия үч теледабат өткөрөт. Ал жакта дебаттар университеттерде да өтөт. Ар кайсы телеканалдардын алып көрсөткөнгө укугу болот. Бизде менимче андай болгон жок, бир телеканал өзү гана көрсөттү. “Твиттер”, “Фейсбук” аркылуу түз алып көрсөтүү да болгон жок окшойт.

Эң негизгиси талапкерлерге бирдей убакыт бөлүнүш керек. Жалпы жана ар бирине өзүнчө суроолор берилиш керек.