Саясий элита шайлоо өнөктүгүнө баасын берди

"Акыйкат шайлоо үчүн" кыймылы шайлоо өнөктүгүнө корутунду баасын берди
Image caption "Акыйкат шайлоо үчүн" кыймылы шайлоо өнөктүгүнө корутунду баасын берди

"Акыйкат шайлоо үчүн" кыймылы шайлоодон кийин жеңилген тарап бийликти басып алууга аракет жасашы мүмкүн деген кептерди четке какты. Ар бир талапкердин шайлоо штабдары менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатканы белгиленип, массалык баш-аламан болот деген чочулоолорго негиз жок экени айтылды.

Шайлоого карата убактылуу иш алып барчу аталган кыймыл мүчөлөрү "жымжырттык күнүн" утурлай саясий элита атынан билдирүү менен чыкты.

Шайлоого карата корутунду баа берилди

"Акыйкат шайлоо үчүн" кыймылынын он чакты мүчөсү соңуна чыгып бара жаткан президенттик шайлоо өнөктүгүнө бүгүн корутунду баасын берди.

"Шайлоо аябагандай кир өтүп, кара пиар менен коштолуп атат. Административдик ресурс болуп көрбөгөндөй колдонулуп жатат. Ошол эле маалда биздин кээ бир талапкерлердин чет элге барганын, чет элдик лидерлердин шайлоого кийлигишүүсүн туура эмес деп ойлойбуз. Атамбаевдин өзүнө жакпаган талапкерди камайм деп кайра-кайра коркутканы президентке кадыр-барк алып келбейт. Кайсы бир талапкерди ММК аркылуу колдоп, экинчиси басымарлаганы шайлоого туздөн-түз кийлигишүүсү деп билебиз", - деди кыймыл мүчөсү, экс-депутат Равшан Жээнбеков.

"Атамбаев туура айтат: элдин калыссыздыкка чыдамы жок"

"Акыйкат шайлоо үчүн" кыймылынын дагы бир мүчөсү, мурдагы премьер-министр Феликс Кулов талапкерлерге байланыштуу бийликти басып алуу тууралуу Интернетте жайылтылып жаткан аудио-видео жазууларды жасалма атады.

Оперативниктердин тили менен айтканда бул атайы уюштурулган оюн көргөзүү (постанова). Мамлекеттик бийликти басып алуу болот дегенге эч кандай негиз жок. Өлкөдө эч ким буга барбайт. Ушундай сөздөрдү чыгарып аткан атайын кызматтарга ишенбегиле. Бирок эгерде жер-жерлерде кайсы бир аткаминерлер добуш берүү жыйынтыгын бурмалоого аракет жасашса, жообу болот деп ойлойм. Атамбаев туура айтат, биздин элдин калыссыздыкка чыдамы жок",- деди Феликс Кулов.

"Адилет" укуктук клиникасынын жетекчиси, мурдагы Жогорку Кеңеш депутаты Чолпон Жакупова шайлоодо негизги делген талапкерлер арасында тиреш күчөп, элдин коопсуздук жаатында тынчы кетип жактандыгына байланыштуу маалымат жыйыны уюштурулганын айтты.

"Абалды эмне курчутушу мүмкүн? Шайлоо кандай кир өтүп жатканына баарыбыз күбө болуп жатабыз. Бирок добуш берүү жыйынтыгы да ушундай жол менен чыгарылса, ал детонатордой эле роль ойноп калышы мүмкүн. А ким аны кыла алат, эки тараптын бирөө гана",- деди Жакупова.

"Биометрика Атамбаевдин чоң жетишкендиги болду"

Жыйында жалаң гана сындар айтылбай, өлкөнүн эгемен тарыхындагы жетишкендиктер да белгиленди.

Экс-президент Роза Отунбаева соңку 26 жылда Кыргызстанда президенттик жана парламенттик ири шайлоолорду баарын кошкондо 12-жолу шайлоо өткөнү жатканын белгилеп, ага карата кемчиликтер менен кошо жетишкендиктер да болуп жатканын санактап өттү.

"Мен ойлоп атам биз өсүп атабыз, үйрөнүп атабыз. Биздин эле кошуналар мындай нерселерди билишпейт, таанышпайт. Бул шайлоого даярдык жакшы эле деңгээлде болду. Президент Атамбаевге айтышыбыз керек, биометриканы киргизгени чоң жетишкендик болду. Бул нерсе ошол эле өнүккөн өлкөлөрдүн баарында жок. Айрымдары дагы деле добуштарды кол менен эсептеп келишет. Биз болсо ал нерселерге жетише алдык. Карусель өңдүү көптөгөн мыйзам бузуулардан арылып атабыз",- деди Роза Отунбаева.

Сүрөттүн автордук укугу official
Image caption "Президент Атамбаевге айтышыбыз керек, биометриканы киргизгени чоң жетишкендик болду"

Экс-президент ар бир, анын ичинде ушул шайлоодон дагы жыйынтык алып, кийинки 2020-жылы өтүүчү парламенттик шайлоого даярдануу тууралуу сөз көтөрдү.

"Акыйкат шайлоо үчүн" коомдук кыймылы 12-сентябрда түзүлүп, ага мурда кийин аткаруу жана мыйзам чыгаруу бийлик бутактарында иштеген ондогон саясатчылар кирген.

Алардын катарында экс-президент Роза Отунбаева, легендарлуу парламенттин төрагасы Медеткан Шеримкулов, Жогорку Кеңештин мурдагы төрагалары Абдыганы Эркебаев, Зайнидин Курманов, мурдагы премьер-министрлер Апас Жумагулов, Феликс Кулов, экс-депутат Равшан Жээнбеков баштаган саясатчылар, коомдук ишмерлер жана жарандык активисттер бар.

Тектеш темалар

Тема боюнча башка макалалар