Ч. Султанбекова: Памир кыргыздарын алып келүүгө каршылыктар болду

Афганистандын Улуу Памирине Кыргызстанга келген этникалык кыргыздардын ичинде алты үй-бүлө, 17 бала бар. Сүрөттүн автордук укугу facebook Kulueva
Image caption Афганистандын Памиринен Кыргызстанга келген этникалык кыргыздардын ичинде алты үй-бүлө, 17 бала бар.

Афганистандагы Улуу жана Кичи Памирде жашаган этникалык кыргыздардын балдарын жана алты үй-бүлөнү Кыргызстанга алып келүүгө Афган бийликтери жана кыргыз хандары тарабынан чоң каршылыктар болгонун кыргыз экспедициясын баштап барып келген вице-премьер-министр Чолпон Султанбекова Би-Би-Сиге билдирди.

Ч. Султанбекова: Бул миссиябыз чоң кыйынчылык менен коштолду. Барсак эле берип койгонго болгон жок. Биз балдарды окууга дароо эле алып келели деп барганбыз. Бул жөнүндө Кыргыз өкмөтүнүн токтому бар. Андан сырткары эки тараптын ортосунда түзүлгөн меморандум бар. Бирок биз баргандан кийин губернатордун ага укугу жок болчу, биз бере албайбыз деп Ишкашим чек ара бекетинде көпкө чейин - беш күндөй туруп калдык.

Акыры чоң кыйынчылыктар менен алып чыктык. Биздин команданын балдарды алып кетебиз деген духунун аркасы менен максатыбызга жеттик. Буга чейин кыргыз өкмөтү буга чейин көп эле иш-аракет жасаган экен, бирок ишке ашпай келген. Ошондуктан бул Кыргызстандын тарыхында биринчи болуп жаткан кадам.

Би-Би-Си: Жергиликтүү афган бийлигинин биринчи учурда балдарды бергенден баш тарткан себептерин чечмелей кетсеңиз?

Ч.Султанбекова: Бул жерде саясий, геосаясий маселелер бар. Чоң Памир менен Кичи Памирдеги кыргыздардын чек арада жашаган адамдар катары мааниси бар. Көптөрүнүн паспорттору жок. Келген адамдарга паспорт алып бериш дагы алты айдын ичинде жасалган иштер болду. Бул жерде маселе аябай көп. Булар жашаган аймак беш мамлекеттин чек аралары кесилишкен жер болуп саналат. Кыргыздар бул жерден кетип калса кандай болот деген маселе коюлат экен да.

Би-Би-Си: Ошол жактагы жергиликтүү кыргыздардын башчыларынын дагы балдарды жибергиси келбей, каршы болгонун айтып жатышат барган журналисттер.

Ч. Султанбекова: Чындыгында, ал жердеги кыргыздардын өзүнүн ханы бар экен. Ал киши дагы кыргыздардын бул жакка келип, билим алышын көп деле каалабайт экен, балдар эч жакка барбай ошол жакта эле калса деген ойдо окшойт. Аларды кул катары карап-кармаган дагы маселе бар. Ошол себептүү ал биздин барганыбызга анчалык кубанып мамиле кылган жок. Ал афган бийлиги менен сүйлөштүбү, айтор бут тосуулар болду.

Би-Би-Си: Балдарды Кыргызстанга окутуу үчүн алып келингени айтып жатасыздар. Ал эми Памирдеги этникалык кыргыздарды биротоло көчүрүп келүү жөнүндө Кыргыз өкмөтүнүн так планы барбы?

Ч. Султанбекова: Биринчиден ал жактагы кыргыздардын баарына паспорт алып бериш керек. Биздин өкмөттүн өтүнүчү менен бул жакка келген кыргыздарга паспорт алынып калды. Калгандарынын паспорту жок. Чек арадан чыга алышпайт, ошол жердин тегерегине да чыкканга жолу жок. Бүгүнкү күнү биз ошол афган бийликтери менен сүйлөшүп жатабыз. Мен ушул маселени койдум афган өкмөтүнө. Бул биринчи эле кадамыбыз. Анын артынан дагы тийиштүү аракеттер болот.

Тектеш темалар