Президенттер бузган мамилени премьерлер оңдой алабы?

Сапар Исаков жумушчу сапар менен Казакстанга кетти Сүрөттүн автордук укугу official
Image caption Сапар Исаков жумушчу сапар менен Казакстанга кетти

Кыргызстандын премьер-министри Сапар Исаков кыргыз-казак чек арасындагы соңку кырдаалды талкулоо үчүн 18-октябрда жумушчу сапар менен Астанага кетти.

Жаңы өкмөт башчынын Казакстанга болгон биринчи иш-сапары эки өлкө ортосундагы мамиле болуп көрбөгөндөй курчуп турган убакка туш келди.

Жумушчу сапар тууралуу макулдашууга 17-октябрда эки өлкөнүн өкмөт башчыларынын телефон сүйлөшүүлөрүнөн кийин жетишилди.

Шайлоого байланыштуу кыргыз өлкө башчысынын казак президенти Нурсултан Назарбаевге карата эмоционалдуу билдирүүсүнөн кийин эки мамлекет алакасы кескин сууп, анын экономикалык кесепеттери чыгып жаткан кез.

Мындан бир күн алдын эле кыргыз өкмөтү Казакстандын үстүнөн ЕАЭК , Бүткүл дүйнөлүк соода уюмуна кайрылып, бажы жана соода жаатындагы негизги макулдашуулар бузулуп жатканына арызданган эле.

Бирок айрым талдоочулар бул каржы институттары аркылуу аркылуу мамилени жөндөп кетүү мүмкүндүгүнө анда ишеңкиребей турушат.

Экономист Искендер Шаршеев ЕАЭБ алкагында механизмдер аркылуу абал жайгарылбайт деген пикирде.

"Евразиялык экономикалык биримдиктин мыйзамдары улуттук мыйзамдардан өйдө келери айтылат. Демек ЕАЭБдин жоболору аткарылышы керек, ЕАЭБ мүчөлөрү үчүн мыйзам. Бирок биз көрүп жаткандай ар бир өлкө өзүнүн улуттук кызыкчылыктарын коргоодо. Ошондуктан ЕАЭБ алкагында механизмдер иштебейт, иштесе анын далилин жакынкы арада көрүшүбүз керек", - деди Шаршеев.

Эксперт ЕАЭБге караганда азыркы шартта Дүйнөлүк соода уюму аркылуу кырдаалга таасир этүү мүмкүнчүлүгү көбүрөөк экенин айтат.

Сүрөттүн автордук укугу Social media
Image caption "ДСУ аркылуу маселе чечилип, ал күчүнө киргиче жарым жылдан бир жылга чейин убакыт кетиши мүмкүн"

Бирок ал жерде деле иш Кыргызстандын пайдасына чечилиши күмөн. Себеп дегенде Кыргызстан ДСУда туруп, ЕАЭБге кирип кетишин мүчөлүк шарттарын одоно бузгандык катары бааласа болот.

"Кыргызстан Дүйнөлүк соода уюмунда турганда Кытай-Кыргызстан чек арасындагы бажы ставкасы 3,5-5% эле, бүгүнкү күнү ал 12-15% болду. Алты эсе көтөрүлдү десек болот. Кытай кааласа ДСуга кайрылып, Кыргызстанга каршы санкцияларды көргүлө, булар бизге кеңешпей ДСУга мүчөлүгүн бузуп, башка уюмга (ЕАЭБ) кирип биздин товарларга ставканы көтөрдү деген нааразылык менен чыкканга укугу бар"- деди Искендер Шаршеев.

Тирешүү уланууда

Ал арада кыргыз-казак мамилеси жанданмак түгүл, мурункудан да чыңалуу жолуна түшүп бараткандай.

Кыргызстандын Айыл жана суу чарба министрлиги оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу Киров суу сактагычынан суу 18-октябрдан тарта агызыла баштарын билдирген

Казак тараптын жообу көпкө күттүрбөй, Казакстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин расмий өкүлү Руслан Иманкулов анын өлкөсү Киров суу сактагычынан бүгүнтөн тарта суу коё берилери тууралуу маалымат берилген жана алар буга даяр экенин казак ММKларына билдирди.

Иманкулов Кыргызстан тарап секундасына 100 куб метр суу чыгарыларын убада кылууда, ал эми казак тараптын суу агуучу нугу секундасына 200 куб метр сууну кабыл алууга даяр деди.

Ийри отуруп түз кеңешүү жемишин береби?

Ал арада чек арадагы кырдаал дагы бир-эки жума өзгөрүүсүз калса, бизнес өкүлдөрү олуттуу чыгым тартып, а эгер айга созулса экономика жабыркары күтүлүүдө. Бул себептүү жергиликтүү бизнес өкүлдөрү учурдагы кырдаалга камтама болууда.

Өкмөт башчы Сапар Исаковдун Казакстанга сапары тууралуу маалымат чыга электе эле жергиликтүү бизнес ассоциациялар ортого үчүнчү тарапты салбай, маселени казак өкмөтү менен ийри отуруп түз кеңешүүнү сунушташкан.

"Азыр кыргыз өкмөтү мүмкүн болушунча бардык уюмдарга кайрылалы деген позицияда болуп атат. Биздин позиция мындай: бул жерде Казакстан тарап менен түз байланышка чыгып, сүйлөшүү жолу маанилүү болуп турат. Өкмөт аралык дипломатиялык ыкмалар менен сүйлөшүү жолу менен чечиле турган маселе. ЕАЭБ жана ВТО аркылуу маселенин чечилүү жолун көрбөй жатабыз"- деген эле Бизнес Ассоциация ЖИАнын аткаруучу директору Фархад Пакыров.

Ошентип президенттер чыңалткан мамилени премьер-министрлер жайгарышына үмүт артылууда.

Тектеш темалар

Тема боюнча башка макалалар