Журналист Алишер Саиповдун үй-музейи ачылат

Алишер Саипов Сүрөттүн автордук укугу facebook

Бул тууралуу Би-би-сиге журналисттин бир тууган иниси Шохрух Саипов билдирди.

Кыргызстандык журналист Алишер Саиповду 2007-жылы 24-октябрда Ош шаарындагы өзү негиздеген басылманын редакциясы жайгашкан имаратка жакын жерде белгисиз бирөөлөр атып кетишкен.

Буга чейин кесиптештери журналисттер арасында Алишер Саиповдун сыйлыгын негиздешкен эле. Эми туугандары Саиповдун үй-музейин ачып жатышат.

26 жашында киши колдуу каза тапкан журналист Алишер Саипов бир катар эл аралык басылмалар менен кызматташып, макалаларды жазып турган.

Чөлкөмдөгү саясий, диний маселелерди талдаган макалалары түрдүү басылмаларда жарыяланып келди. Өзбек тилинде чыккан "Сиёсат" деп аталган басылманы негиздеген эле. Көп жылдан бери жарык көрбөй келген бул гезит 24-октябрга карата чыгарылып жатат деди Шохрух Саипов.

Туугандары жана кесиптештери журналист Алишер Саиповдун өлүмү кесиптик ишмердүүлүгүнө байланыштуу деп айтып келе жатышат. Бирок азырга чейин кылмыштын бети ачыла элек.

Image caption Көп жылдан бери жарык көрбөй келген бул гезит 24-октябрга карата чыгарылып жатат деди Шохрух Саипов.

Журналист Алишер Саиповдун өлүмү боюнча бир киши айыпталып, 2010-жылы Ош шаардык соту тарабынан жыйырма жылга түрмөгө кесилген. Бирок Алишер Саиповдун атасы Авас Саипов башынан эле бул айпыталган кишини кылмышкер катары эсептебей, уулун өлтүргөндөр кармалбай эле эркиндикте жүрөт деп билдирип келген.

Кийин бул айпыталган кишинин кылмыш болгон күнү башка жерде болгону аныкталып, Жогорку Сот бул ишти кайра башынан териштирүү чечимин чыгарган. (AbA)

Тектеш темалар