Жогорку Кеңештин төрагасы кызматынан кетти

Жогорку Кеңеш Сүрөттүн автордук укугу official

Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков кызматынан кетерин жарыялады. Өз кайрылуусунда "шайлоодон кийинки саясий температураны толугу менен түшүрүү үчүн кеттим" деп айтты.

Парламенттеги айрым депутаттар төрага отставкасынын себебин так айтпай жатканын, парламенттин өзүндө мындай демилге болбогонун айтып чыгышты.

"Бир бол" фракциясынын депутаты Мыктыбек Абдылдаев "партиянын ички идеологиясы менен ички саясаты мамлекеттик кызматка аралашпаш керек» деп сынга алды.

"Сизди ушул депутаттар арасынан бирөө кет дедиби?(!) Бирөө нааразычылыгын билдирдиби? Сиз кимге таарынып кетип жатасыз? Ким менен ишенимиңиз болбой калды? Андай болсо ачык айтпайсызбы. Анткени биз сизди шайлаганда кыргыз мамлекетинде төбөсү көрүнүп калган чет мамлекеттеби, ички саясаттабы туура идеология менен алып бара ала турган инсандын бири деп төрага кылып шайлаганбыз. Анан ишеним болбой калды деп эле кетип калганыңызды түшүндүрүш керек. Партиянын ички идеологиясы менен ички саясаты мамлекеттик кызматка аралашпаш керек. Анда сизди партиядан чыгарып коюшсун. Саясий кеңештен чыгарып коюшсун. Ошондо сиз моралдык жактан болбой калды деп кетсеңиз болмок. Мындай чоң мамлекетте мага ишеним болбой калды, рахмат деп кеткен кичине шашылыш болуп калды деп ойлойм",-деди Мыктыбек Абдылдаев.

Сүрөттүн автордук укугу official
Image caption Чыныбай Турсунбеков Жогорку Кеңеш төрагасы болуп 2016-жылы апрелде шайланган.

Айрым серепчилер Чыныбай Турсунбековдун кызматынан кетишине себептер эки жарым ай мурда эле пайда болгон деп жатышат. Президенттик шайлоо өнөктүгү башталар алдында СДПК Сооронбай Жээнбековду президенттикке талапкер катары тандап алганда, Чыныбай Турсунбеков дагы талапкерлигин коюуга аракет кылганы белгилүү. Анда СДПКнын саясий жетекчилиги бул жүрүштү партиянын чечимине баш ийбегендик катары катуу айыптап чыгып, төрага так талашуу оюнан баш тарткан.

Президенттик шайлоонун жүрүшүндө төрага бейтарап позицияда болуп, СДПК талапкери Сооронбай Жээнбековду ачык сүрөөнгө алган жок.

Өткөн жылы Сооронбай Жээнбеков премьер-министрликке кызматка келгенде парламентте төрага болуп турган иниси Асылбек Жээнбеков отставкасын жарыялаган. Ошондон кийин парламент Чыныбай Турсунбековду төрага кылып шайлаган эле. (AbA)

Тектеш темалар