Парламенттеги өзгөрүүлөр шайлоодон кийинки саясаттын башатыбы?

"Кыргызстан" фракциясынын өкүлү Дастан Жумабеков ЖКнын төрагалыгына 80 добуш менен шайланды Сүрөттүн автордук укугу OFFICIAL
Image caption "Кыргызстан" фракциясынын өкүлү Дастан Жумабеков ЖКнын төрагалыгына 80 добуш менен шайланды

Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков кызматын тапшырып, анын ордуна көпчүлүк коалиция сунуштаган Дастанбек Жумабековду шайланды. Ал тапта жергиликтүү маалымат каражатттарында спикер гана алмашпастан парламент тарайт деген кеп тарады.

"Кыргызстан" фракциясынын өкүлү Дастанбек Жумабеков ЖКнын төрагалыгына 80 добуш менен шайланды. Ал эми Исхак Масалиевге 32 депутат, баарына каршы беш депутат добуш берген.

Турсунбеков спикерликтен кетип, саясаттан кетпейм деди

Жогорку Кеңештин төрагасы, социал-демократ Чыныбай Турсунбеков кызматтан кетип жаткан себебин учкай гана чечмеледи.

“Президенттик шайлоо алдында башталган Кыргызстандагы жалпы саясий температуранын көтөрүлүшү түшүп келатат. Анткени эл өзүнүн жаңы президентин шайлап алды. Бирок температура толугу менен түшүшү үчүн мен дагы отставкага кетишим туура болот деген чечимге келдим”, - деди Турсунбеков парламенттин жыйынында.

“Бир бол” фракциясынан депутат Мыктыбек Абдылдаев спикерди депутаттар шайлаган соң парламенттин каршылыгы болгондо кетет деген таризде комментарий берди. Андай болбосо, Турсунбековдон эмне үчүн кетип жатканын кенен түшүндүрүшүн сунуштады.

“Сизди депутаттардын арасынан бирөө кет дедиби же бирөө сизге нааразылыгын билдирдиби? Сиз кимге таарынып кетип атасыз? Ким менен ишенимиңиз болбой калды? Ачык айтпайсызбы анда. Ишеним болбой калды деп эле кетип калганыңыз... Урматтуу депутаттар, партиянын ички идеологиясы менен ички саясаты мамлекеттик кызматка аралашпаш керек. Анда сизди партиядан, .саясий кеңештен чыгарып коюшсун. Мындай чоң мамлекетте “жок, ишеним болбой калды, рахмат” деп кеткен кичине шашып кеткениңиз го деп ойлойм”, - деди Абдылдаев.

Бардык фракциянын өкүлдөрү Турсунбековду жылуу ойлор менен узатты.

Сүрөттүн автордук укугу OFFICIAL
Image caption КСДП өкүлү Чыныбай Турсунбеков спикерликтен "шайлоодогу температураны төмөндөтүш үчүн кетип жатам" деди

“Сиз бүт баарына тең шарт түзүп бергенге аракет кылдыңыз. Сиздин жумушуңуз өтө үлгүлүү болду. Эми ким шайланарын билбейм, бирок ушул жумушту улантып кетсе жакшы болот эле”, - деди вице-спикер, оппозициялык “Республика-Ата-Журт” фракциясынан депутат Алтынай Өмүрбекова.

Ал эми КСДПнын лидери, адегенде спикерликке келери айтылып жүргөн Иса Өмүркулов болсо партия ичинде Турсунбековго пикир өзгөрбөгөнүн белгилей кетти.

“Чыныбай Акунович партия ичинде ишенимден кеткен жок. Чыныбай Акуновичти куугунтуктаган эч ким жок. Ал биздин катарыбызда ошондой боюнча калат. Эми ар кандай кырдаал болуп жатпайбы, бизде абал бат бат өзгөрүп турат, балким кийин дагы кайра көрсөтүп калабызбы...”.

Турсунбековдун кеткени эмнени түшүндүрөт?

Турсунбековдун спикерлик кызматын тапшыруусун чу дегенде эле шайлоо алдындагы жана шайлоо учурундагы иш-аракетине байланыштырып жатышат. Ал президенттикке талапкерлигин коюу ниетин билдирип, кийин партиянын жетекчилигинин “анда партиядан чыгат” деген эскертүүлөрүнөн кийин оюнан баш тарткан. Ал эми шайлоодогу үгүт учурунда нейтралдуу позицияны карманды.

Саясат таануучу Марс Сариев да негизги себептердин бири ушул, башкача айтканда кызматын тапшырууга аргасыз кылышты деп ойлойт. Бирок башка айрым факторлорду да тизмектеп, шайлоодо уткан партия андан ары өзүнүн позициясын күчөтүү аракетинде баратат деди.

“Турсунбеков партияда калып жатат. Анын спикерликтен кетиши логикага ылайыктуу. Анткени партия ичиндеги тартипти сактап калыш керек. Мисалы, “Өнүгүү-Прогресс” ичинен ыдырап, Бакыт Төрабаевди жетекчиликтен алуу тууралуу кеп тарап жатат. Эми сөзсүз шайлоодо уткан партиянын өзүн күчөтүү тенденциясы болот”, - деди Сариев Би-Би-Сиге.

Саясат таануучу Орозбек Молдалиев дагы спикердин кызматтан кетишине анын шайлоого барам дегени көбүрөөк таасир этти дейт.

Молдалиев шайлоо убагында Жогорку Кеңештин такыр иштебегени Турсунбековдун чоң кемчилиги деп эсептейт.

Сүрөттүн автордук укугу OFFICIAL
Image caption "Президенттик шайлоо учурунда парламенттин дээрлик иштебегени Чыныбай Турсунбековдун кемчилиги" дейт саясат таануучу Орозбек Молдалиев

Жогорку Кеңештин жаңы төрагасы Дастанбек Жумабеков

“Кыргызстан” фракциясынан депутат Дастанбек Жумабековду көпчүлүк коалиция спикерликке сунуштады. Андан башка оппозициядагы “Өнүгүү-Прогресс” фракциясы Исхак Масалиевдин талапкерлигин көрсөткөн.

Адегенда спикерликке КСДПнын Иса Өмүркулов өңдүү көрүнүктүү өкүлдөрү келет деген пикирлер ЖМКда айтылган. Көпчүлүк коалициядагы “Бир бол” фракциясынан депутат, шайлоодо активдүү иштегени айтылган Аскар Шадиевдин талапкерлиги да сөз болуп жаткан.

Байкоочулар буга чейин чоң кызматтарда деле иштебегенин айткан депутат Дастанбек Жумабековдун чыга келишин бийликти регионалдык принцип менен бөлүштүрүүгө байлашууда.

Мисалы, Марс Сариев президенттик шайлоонун жыйынтыктарына байланыштуу компенсация катары спикерликти таластык саясатчыга берди деп ойлойт.

Ал эми Орозбек Молдалиев башкача ойдо:

“КСДП менен “Кыргызстан” тилектеш эле партия. Бирок орустар “менин денеме көйнөгүм жакыныраак” дегендей, чечимге келгенде КСДП өзүнчө, “Кыргызстан” өзүнчө эле болуп калат. Ал эми Дастанбек Жумабеков боюнча ачыгын айтканда, Таластан эң көп добуш алып берген ошол. Шайлоодон кийинки “устукан” бөлүштүрүш ошол учурдагы салымга жараша болот. Барган жеринен канча добуш алды деп туруп, ошого жараша министрлик жана башка орундарды бөлүшөт”.

Сүрөттүн автордук укугу OFFICIAL
Image caption Даир Кенекеев вице-премьерликке бекитилди

Чыныбай Турсунбеков Социал-демократтар партиясын жетектеп, парламентти бул фракциянын лидери да болгон.

Ал эми Дастанбек Жумабеков буга чейинки чакырылыштын да депутаты. Андан мурда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинде иштеген.

Парламентти таратуу пикирлери

Марс Сариев бийликтеги партия өзүн күчтөндүрүү аракети турган иш дейт. Ал үчүн парламентти таратуу зарыл болсо, бул кадамга да барат деди саясат таануучу:

“Азыркы күнгө чейин парламент бийликке макул келчү. Анткени кол баласындай эле. Эми шайлоодон кийин кырдаал башка. Ошондуктан парламентти өзгөртүп, ар кандай күчтөр менен консенсус таап, өздөрүн бекем коюп алыш керек болот”.

Сүрөттүн автордук укугу Жогорку Соттун жаңы судьясы Нургүл Асанова

Ал эми Орозбек Молдалиев парламентти таратууга олуттуу негиз табылыш керек жана андай болсо жаңы спикер шайланмак эмес деген оюн ортого салды:

“Парламенттин үчтөн экисин тараталы деп добуш бериш керек, ага чейин легитимдүү, негизделген сунуш зарыл. Анан КСДПнын талапкери президенттикке өткөндөгү ийгиликтин күүсү менен парламенттен көпчүлүк орунду алабыз деген ою болушу мүмкүн. Бирок бул кудай биле турган маселе. Кайра парламенттик шайлоо болсо, КСДП көп добуш алышы чоң суроо. Коомдук пикирди иликтеп көрүш керек, ал улам өзгөрүп турат”.

Бүгүн парламент ошондой эле Жогорку Соттун судьялыгына Нургүл Асанованы бекитти. Ал акыркы жылдары тренер, окутуучу катары иштептир.

Ал эми экономикалык маселе боюнча вице-премьер министрликке өкмөттүн Таластагы өкүлү Даир Кенекеевди бекитти. Кенекеевдин ордундагы Дүйшөнбек Зилалиев кайтыш болгон күч тармагын тейлеген вице-премьер министр Темир Жумакадыровдун ордуна баратат.

Тема боюнча башка макалалар