Сүрөттөр сүйлөйт: Кыргызстан Октябрь революциясына чейин жана андан кийин

Кыргызстандын мамлекеттик архивинен алынган сүрөттөр топтомун сунуштайбыз. Бул сүрөттөрдө 1917-жылдагы Октябрь ревоюциясына чейинки жана андан кийинки Кыргызстандагы урунттуу учурлар чагылдырылган.

Орусиядан жер которуп келгендер менен жергиликтүү кыргыздардын жолугушуусу. Сүрөттүн автордук укугу мамлекеттик архив
Image caption Орусиядан жер которуп келгендер менен жергиликтүү кыргыздардын жолугушуусу.

Орусиядан жер которуп келгендер менен жергиликтүү кыргыздардын жолугушуусу. Сүрөттүн так датасы көрсөтүлгөн эмес. Октябрь революциясына чейинки жылдар. Орусия падышачылыгы Түркстанды орусташтыруу колониялык-улутчул саясатын XX кылымыдын башында күчөткөн деп белгилейт тарыхчылар. Айрым маалыматтарга караганда орус дыйкандарын көчүрүү иштерине 1896-1916-жылдары 237 млн 310 миң 236 рубль жумшалган экен. 1916-жылы орустар Түркстандагы жалпы калктын 6 пайызын түзгөн экен.

1917-жылдын 31-декабрындагы Пишпектин Эмен паркындагы митинг. Сүрөттүн автордук укугу мамлекеттик архив
Image caption 1917-жылдын 31-декабрындагы Пишпектин Эмен паркындагы митинг.

1917-жылдын 31-декабрындагы Пишпектин Эмен паркындагы митинг.

Кытайдан качып келген дунган жамааты тарабынан салынган мечит. Сүрөттүн автордук укугу мамлекеттик архив
Image caption Кытайдан качып келген дунган жамааты тарабынан салынган мечит.

Кытайдан качып келген дунган жамааты тарабынан салынган мечит. Ал 1901-жылы бир да мык кагылбастан, кытайлык архитектор тарабынан тургузулган. Бул жер учурда Караколдун борбордук мечити болуп саналат. Азыркы Каракол шаары 1889—1922 жана 1939—1992-жылдарда Пржевальск деп аталган.

Кереметтүү Ысык-Көлдүн көрүнүшү. Сүрөттүн автордук укугу мамлекеттик архив
Image caption Кереметтүү Ысык-Көлдүн көрүнүшү.
Сүлүктү шаары. Сүрөттүн автордук укугу мамлекеттик архив
Image caption Сүлүктү шаары.

Сүлүктү шаары. Сүлүктүдө 1868-жылдан тартып эле көмүр казуу өндүрүшү колго алына баштаган. Кыргызстандагы совет бийлиги 1918-жылы биринчилерден болуп орногон аймак.

1927-жылдын 7-ноябрындагы Пишпектеги демонстрация . Сүрөттүн автордук укугу мамлекеттик архив

1924-жылдын 7-ноябрындагы Пишпектеги демонстрация.

Фрунзедеги өкмөт үйү. 1939-жыл. Сүрөттүн автордук укугу мамлекеттик архив
Image caption Фрунзедеги өкмөт үйү. 1939-жыл.

Фрунзедеги өкмөт үйү. 1939-жыл. 1984-жылга чейин бул жерде Кыргыз ССРинин Жогорку Кеңешинин Президиуму жайгашкан. Учурда бул имарат Кыргызстандын Жогорку Сотуна тиешелүү.

Бишкектеги Правда көчөсү. Сүрөттүн автордук укугу мамлекеттик архив
Image caption Бишкектеги Правда көчөсү.

Бишкектеги Правда көчөсү. Азыр бул көчөнүн аты Султан Ибраимовдун атын алып жүрөт.

Чоң Чүй каналынын курулушу. Сүрөттүн автордук укугу мамлекеттик архив
Image caption Студенттер Чоң Чүй каналынын курулушунда.

Чоң Чүй каналынын курулушу. Чоң Чүй каналы совет мезгилиндеги Кыргызстандагы эң ири курулуштардын бири болгон. Чүй өрөөнүн суу менен камсыздоо максаты менен түзүлгөн долбоор 1940-жылдын 10-майында башталган.

Каналдын курулушуна 40 миңдей киши тартылган. Сүрөттүн автордук укугу мамлекеттик архив
Image caption Каналдын курулушуна 40 миңдей киши тартылган.

Каналдын курулушуна 40 миңдей киши тартылган. 1941-1945-жылдардагы согуш учурунда дагы курулуш таптакыр токтоп калган эмес. Дээрлик 150 чакырымга созулган каналдын курулушу 1950-жылдардын этегине барып гана бүткөрүлгөн.

Чоң Чүй каналынын курулушу учурунда концерт коюп келген өнөрпоздор. Сүрөттүн автордук укугу мамлекеттик архив
Image caption Чоң Чүй каналынын курулушу учурунда концерт коюп келген өнөрпоздор.
Чоң Чүй каналынын курулушу. Сүрөттүн автордук укугу мамлекеттик архив
Image caption Чоң Чүй каналынын курулушу.
Чоң Чүй каналынын курулушу учурундагы инженердик жардыруу иштери. Сүрөттүн автордук укугу мамлекеттик архив
Image caption Чоң Чүй каналынын курулушу учурундагы инженердик жардыруу иштери.
Фрунзе политехникалык институту жана коомдук спорт аянты. 1955-жылы тартылган сүрөт. Сүрөттүн автордук укугу мамлекеттик архив
Image caption Фрунзе политехникалык техникуму жана коомдук спорттук зал. 1955-жылы тартылган сүрөт.

Фрунзе политехникалык институту жана коомдук спорт аянты. 1955-жылы тартылган сүрөт. (AbA\SA)

Тектеш темалар