Алмаз Сазбеков: Чек арадагы кырдаалдан улам чоң зыянга учурадык

Алмаз Сазбеков Сүрөттүн автордук укугу official

Эл аралык валюта корунун маалыматына таянып, кыргыз өкмөтү кыргыз-казак чек арасындагы кырдаалдан улам өлкө экономикасы 200 миллион доллар зыян тартты деп билдирүү таратты.

Келтирилген зыян мындан да көп болушу мүмкүн, азырынча чыгымдарды эсептөө соңуна чыга элек дейт кыргыз расмийлери.

Би-Би-Си Кыргызстандын Экономика министринин орун басары Алмаз Сазбаков менен чек арадагы түзүлгөн кырдаалдын кесепеттери тууралуу маектешти.

Би-Би-Си: Эл аралык валюта коруна таянып, чек арада жүк ташуучу унаалар узак убакытка туруп калгандыктан Кыргызстандын экономикасы чоң жоготууга учурап жатканын айтып жатасыздар? Өкмөттүн өзүнүнүн эсеби кандай?

Алмаз Сазбеков: Бул эл аралык корунун эсептөөсү болгондуктан, алардын методикасына кийлигише албайбыз. Ал эми өкмөттүн эсептөөлөрү учурда жүрүп жатат. Биздин эсеп боюнча Эл аралык валюта корунун эсебинен бир аз көбүрөөк болот. Чыгымдарды саноо учурунда өнөр-жай, айыл-чарба секторлорунда канча продукция чыкпай калганы жана алардын түз жоготууларына маани берилет. Ошондой эле потенциалдуу жеткирүү учурундагы жоготуулар эсептелет.

Би-Би-Си: Өкмөт чек арадагы кырдаалдан улам жабыр тарткан ишкерлерге жардам иретинде каржылык жардам көрсөтүлдүбү?

Алмаз Сазбеков: Бул тууралуу саноо жүргүзүлгөн эмес. Ал эми ишкерлердин же чек арадагы кырдаалдан жабыр тарткандардын түз жоготуулары эсептелүүдө. Жыйынтыгы чыкканда кабарлайбыз.

Би-Би-Си: Дүйнөлүк соода уюмунун кеңешинин рекомендациясы кыргыз өкмөтүн канчалык канааттандырды?

Алмаз Сазбеков: Бул кеңеш нейтралдуу көз-карашты карманат. Казак же кыргыз тарапка тартып кетүү жок. Бул жер болгону абалды түшүндүрүп берчү аянтча гана болот. Уюм маселени эки тараптуу диолог жолу менен чечкиле деди, ал эми уюмдун кеңеши протоколго киргизип койду.

Би-Би-Си: Казак тарап Дүйнөлүк соода уюмунда келтирген жүйөсүндө чек арадагы чара бир гана кыргыздарга багытталган эмес деп, алар нормаларды сактап жатканын билдирди. Бул канчалык ынанымдуу?

Алмаз Сазбеков: Биз бул жоопту алдынала эле күткөнбүз. Анткени буга чейин Казакстандын премьер-министри дагы ушул эле жоопту бир нече ирет белгилеген. Алар айткан беш себеп кантип эле бир күндө ортого чыгат? Эгерде биздин кайсы бир продукциядан шек саналса, анда чектөөнү дагы ошого киргизиши керек эле да. Алар андай кылган жок, масштабдуу түрдө тосуп жатат.

Би-Би-Си: Казак тарап Кыргызстанда лаборатория жок экенин айтып, соңку бир жылда азык-түлүктүн сапаты эки эсеге төмөндөп кеткенин айтууда. Бул чындыкка туура келеби? Сиздер муну текшере аласыздарбы?

Алмаз Сазбеков: Бул нерсенин өзүнүн процедурасы бар. Алгач казак тарап биздеги тиешелүү органга кат жазып, чара көрүүнү сунуш кылышы керек. Эгер биз тараптан эч кандай аракет болбосо гана чектөө кадамдарга барса болот. Ал эми биздеги продукциялардын сапаты тууралуу сөз кылсак, жакында эки ветеренардык лаборатория ачылган. Алар бүт стандартка жооп берет. Эгерде биздеги продуктылардын сапаты чын эле начар болсо муну Орусия же Европа өлкөлөрү дагы айтып даттанат болчу.

Би-Би-Си: Азырынча эки өлкө мүчө болгон Евразия экономикалык биримдиги кайрылууга жооп кайтарган жок. Ал эми Дүйнөлүк соода уюмунун дагы жообу нейтралдуу болуп турат. Эми кыргыз өкмөтү кандай чараларды көрөт?

Алмаз Сазбеков: Эгерде чек аранын нормалдуу режимине алып келе турган диалог болсо, биз ага каршы эмеспиз, сүйлөшүүгө даярбыз. Андан сырткары биз ДСУнун бир эле аянтчасына катыштык, мындан сырткары министрлер конференциясы, генералдык кеңеш деген сыяктуу чоң аянтчалары бар, аларга маалымат берсек болот. Эгер алар натыйжа бербесе, акыркы кадам катары ДСУнын эки тараптуу маселелерди чечүү кеңешине кайрылабыз.