Азыр Кыргызстанда оппозиция ким?

Саясат талдоочулар өлкөдө оппозициялык күчтөр калбай калганын белгилешүүдө Сүрөттүн автордук укугу Knews
Image caption Саясат талдоочулар өлкөдө оппозициялык күчтөр калбай калганын белгилешүүдө

Президенттик шайлоонун шарапаты менен өлкөдөгү оппозициялык күчтөрдүн мизи кайтарылганын айтылууда. Парламент ичинде бийликке сын-пикир айта турган үч фракция лидерлеринин экөөсү камалып, бирөөсү четке чыгып кетти. Ал эми системадан тыш оппозициялык күчтөр мобилдеше албай жатканы байкалат.

Кыргызстанда оппозиция азыр ким жана анын каруусу канчалык?

Бабанов фракция лидерлигинен кетти

13-ноябрда Өмүрбек Бабанов Жогорку Кеңештеги "Республика-Ата Журт" фракциясынын лидерлигинен өз арызы менен кеткени белгилүү болду.

Азырынча кийинки фракция жетекчиси ким болот белгисиз, ошентсе бул кызматка депутаттар Талант Мамытов менен Курманкул Зулушевдин талапкерлиги каралып жаткандыгы каңкууланууда.

4-ноябрда Башкы прокуратура Бабанов үгүт маалында Ош шаарында конституциялык түзүмдү күч менен алмаштырууга чакырык таштап жана улут аралык кастыкты козуткан деп ага каршы кылмыш ишин козгогон.

Айрым маалыматтар боюнча Бабанов учурда Россияда ден-соолугун чыңдап жатат, анын качан Кыргызстанга кайтып келери белгисиз.

Бабанов президенттик шайлоого чейин Жогорку Кеңеште бийликке лоялдуу оппозиция катары кабылданчу. Анын "Республика-Ата Журт" фракциясы парламенттеги көпчүлүк коалицияга кирбесе да, оппозициялык фракция катары бийликке акараат көрсөтүп, каршы чыккан эмес.

"Оппозиция атына татый турган күч калбады"

Бирок "Ата Мекен" фракция лидери Өмүрбек Текебаев камалып, андан кийин бийлик талапкерине тең ата каршылаш болуп шайлоого катышкан Өмүрбек Бабановдундун партиясы башкы оппозициялык партия талапкери катары карала баштаган эле.

"Азыркы кезде Кыргызстанда оппозиция атына татый турган күч, партия же саясатчы калбай калды десек болот. Бабанов көп деле оппозиционер катары ишенимге татыган эмес болчу мурда деле, бирок анын таасирдүү фракциясы болуп, парламенттик трибунада добушу күч болгондуктан бийлик партиясына баланс болчу күч катары каралды эле",- дейт саясат талдоочу Эмилбек Жoроев.

Сүрөттүн автордук укугу official
Image caption «Республика-Ата Журт» фракциясы парламентте буга чейин лоялдуу оппозиция аталып келген

Ошентип Бабановго карата кылмыш ишинин козголушу менен Жогорку Кеңештеги алты фракциянын ичинен үчүнчү фракция лидерине кылмыш иш козголуп отурат.

Буга чейин "Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевге коррупция боюнча боюнча кылмыш иши козголуп, сегиз жылга эркинен ажыратылган. Анын фракциялашы, мурунку Баш прокурор Аида Салянова Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын мыйзамсыз узартканы үчүн айыпталып, ага Ленин райондук соту тарабынан үй-мүлкүн мамлекеттин пайдасына чегерүү менен беш жылга эркинен ажыратуу тууралуу өкүмү чыгарылган. "Ата Мекен" фракциясынын дагы бир мүчөсү Алмамбет Шыкмаматовдун устүнөн да учурда сот жараяны жүрүүдө. Ал Эсеп палатасында иштеген убакта кызмат абалынан пайдаланган деп айыпталууда.

Бабановдун негизги колдоочуларынын бири болгон "Кыргызстан" фракциясынын мурдагы лидери Канат Исаевге өткөн айда бийликти күч менен басып алууну пландаган деген кине менен кылмыш иш козголуп, камакка алынган.

Серепчилер фракция лидерлерине карата соңку окуялар парламенттеги КСДП үстөмдүгүн шарттап жаткандыгын айтышат.

Оппозициянын алсырашы - максаттуу саясаттын жыйынтыгы

Саясат талдоочу Алмаз Акматалиев Жогорку Кеңеште күчтүү оппозиция калбай баратышын Би-Би-Сиге төмөндөгүчө чечмелеп берди:

"Жогорку Кеңеште көз карандысыз, Кыргызстандын келечеги үчүн чындап күйгөн , өзү таза парламент, фракциялар болмоюнча эч качан ЖК ичинде күчтүү оппозиция жаралбайт. Азыркы парламент эмнеге ошол вазийпаны аткара албай атат? Себеби ал жерде жалаң олигархтар чогулган. Мурунку иштери кынтыксыз депутаттар аз эле. Ошон үчүн кичине эле кысым болсо, алар оппозиция боло албасын көрсөтүп жатышат. Жаңы оппозиция жаңы парламент келгенде гана пайда болушу мүмкүн"- деди Алмаз Акматалиев.

Серепчинин пикиринде соңку жылдары өлкөдө оппозициялык күчтөр жокко чыкты.

"Соңку бир-эки жылда биз түшүнгөн оппозиция жок болду. Себеби президент жакшы иштерди жасады. Ошого колдоо болгону үчүн оппозиция туулуп, бутуна турган жок. Оппозиция качан күчтүү болот? Президент каратып туруп катааларды жасай баштаса, ошондо гана күчтүү оппозиция пайда болушу мүмкүн", - деди саясат талдоочу Акматалиев.

Ошентсе дагы бүгүнкү күнү таасирдуу оппозициянын калбай баратышы өлкөдөгү социалдык-экономикалык жагдайлардын жакшырышынынан эмес, максаттуу саясаттын жыйынтыгы деген пикирлер да болууда.

Сүрөттүн автордук укугу Social media
Image caption Жороев: Оппозициялык күчтөр жарандык коомдон чыгышы мүмкүн

"Тилекке каршы, кетип жаткан президенттин жана анын жакын чөйрөсүнүн максаттуу саясаты бүгүн эч кандай легитимдуу жана таасирдүү оппозиция калбоосуна алып келди",- дейт Эмилбек Жороев.

Ал мындан ары, бийликке оппозиция болчу күчтөр парламент же партиялар арасында эмес, жеке кишилер жана активдуу жарандар арасынан чыгышы мүмкүндүгүн белгиледи.

Тектеш темалар

Тема боюнча башка макалалар