Бешинчи президент тууралуу беш сүрөт

Президенттик шайлоону утуп чыккан Сооронбай Жээнбековдун ант берүү аземи 24-ноябрда "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында өтөт деп кабарланууда.

Сооронбай Жээнбеков Сүрөттүн автордук укугу Social media

Башында эле инаугурацияга чет мамлекеттерден расмий конктор чакырылбай турганы белгилүү болду. Негизинен ант берүү аземинин кандай өтөрү азырынча так эмес. Анткени өтө иш-чаранын сценарийи айтыла элек.

Албетте, жаңы шайланган президент тууралуу коомчулукта шаан-шөкөттү, кооз сөздөрдү жактыра бербеген, иштерман жана кылган ишин жарнамалабаган жетекчи катары мүнөздөмө бар.

Инаугурациянын алдында Сооронбай Жээнбековдун балалыгы менен өмүр жолуна кыскача сереп сала кетели. Анан калса, 16-ноябрь жаңы шайланган президенттин туулган күнү.

Классташтары Советбек Жунусов жана Абдимамат Таировдун "Кутбилим" басылмасына берген архив сүрөттөрдүн топтомун окурмандарга сунуш кылабыз.

Сооронбай Жээнбековду жакындан билгендер аны саясатта чырлуу иштерге аралашпаган, түз жүргөн, адамгерчилиги менен калк арасында аброй күткөн киши катары сыпатташат. Ошол эле учурда саясий чөйрөдө президенттик мөөнөтү аяктап бара жаткан Алмазбек Атамбаевдин досу жана эң ишенимдүү кишилеринин бири катары белгилүү.

1. Сооронбай Жээнбеков 1958-жылдын 16-ноябрында Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы Тельман айылында туулган.

Жээнбековдун үй-бүлөлүк архиви. Сүрөттүн автордук укугу Жээнбековдун үй-бүлөлүк архиви.
Image caption Классташтар.

Кара-Кулжа районунунун борборунда орус жана кыргыз тилинде окуткан мектепте окуптур. Татьяна Петровна деген биринчи мугалими болгон экен.

2. Волейболго бала кезинен жакын болуп мыкты ойногон. Жогорудагы сүрөттө мектептеги волейбол командасы менен. Ош облусун жетектеп турган учурда деле кез-кезде волейбол ойноп калчу дейт аны жакындан билгендер. Тоолуу аймакта төрөлүп өскөндүктөн улак тартышка дагы шыктуу деп айтышат.

Мектептеги волейбол командасы 1975-жыл. (С.Жээнбеков солдон бешинчи). Сүрөттүн автордук укугу Жээнбековдун үй-бүлөлүк архиви.
Image caption Мектептеги волейбол командасы 1975-жыл. (С.Жээнбеков солдон бешинчи).

Мектептеги волейбол командасы 1975-жыл. (С.Жээнбеков солдон бешинчи).

3. Баса, эмгек жолун мектепте орус тил мугалими болуп иштөө менен баштаган экен. Шайлоодогу үгүт учурунда, "Мугалимдик кесип Кыргызстандагы эң престиждүү кесипке айланат",-деп айтканы бар. Маалыматтарга караганда, 1976-1977-жылдары Өзгөндөгү Ленин атындагы орто мектепте орус тил мугалими болуп эмгектенген.

Жээнбековдун мугалим кези -Өзгон районундагы Ленин орто мектебинин мугалимдер жамааты. (С.Жээнбеков оңдон экинчи). Сүрөттүн автордук укугу Жээнбековдун үй-бүлөлүк архиви.
Image caption Жээнбековдун мугалим кези -Өзгон районундагы Ленин орто мектебинин мугалимдер жамааты. (С.Жээнбеков оңдон экинчи).

4.1983-жылы К.И.Скрябин атындагы айыл чарба институтун бүтүргөн. Кесиби боюнча зооинженер. 2003-жылы Кыргыз агрардык университетинин экономика факультетин аяктаган.

Жээнбековдун үй-бүлөлүк архиви. Сүрөттүн автордук укугу Жээнбековдун үй-бүлөлүк архиви.
Image caption Студент кездеги көз ирмем.

Жээнбековду студент кезинен баштап жакшы билген академик Жамин Акималиев: "Айыл чарба институтунун ректору болуп турганымда менин студентим болгон. Студент кезинде эле тарбиялуу жигит болчу. Өзү жөнөкөй, туруктуу, сөзүнө турган, иштин көзүн билип, эч кимди алдабаган мырзалардын бири",-деп айтканы бар.

2003-жылы Кыргыз агрардык университетинин экономика факультетин аяктаган.

5.Сооронбай Жээнбеков көп балалуу үй-бүлөдө өскөн. Атасы Шарип чөлкөмгө таанымал, кадыр-барктуу, нарктуу киши болгонун айтышат. Биз бир туугандардын коомчулукка таанымал болгондорун гана атап өтөлү. Бир туугандардын улуусу Кантөрө Токтомаматов бүт өмүрүн илим чөйрөсүнө арнады. Экономика илимдеринин доктору, профессор эле. Быйыл жаз айында 69 жаш курагында оорудан улам дүйнө салган. Өзү негиздеп, жетектеп келе жаткан Жалал-Абаддагы Экономика жана ишкердик университетине көп жылдар эмгектенген.

Жээнбеков ата-энеси жана бир туугандары менен. Сүрөттүн автордук укугу Жээнбековдун үй-бүлөлүк архиви.
Image caption Жээнбеков ата-энеси жана бир туугандары менен.

Коомчулук Жээнбековдордун ичинен элчилик кызматтарда жүргөн, мурда Жалал-Абаддын губернатору болуп иштеп турган Жусупбек Шариповду жакшы тааныйт. Жогорку Кеңештин төрагалык кызматын тапшырып берген Асылбек Жээнбеков дагы көп жылдар саясатта жүрөт.

Сооронбай Жээнбеков 15-октябрда өткөн президенттик шайлоого КСДП талапкери катары чыгып, 50 пайыздан ашуун добуш менен утуп чыкты. (AbA)

Тектеш темалар