"Ар бир сандын артында тагдыр, соолуган өмүр турат"

Бишкекте жол кырсыктарынан каза тапкандарды эскерүү күнү белгиленди.
Image caption Бишкекте жол кырсыктарынан каза тапкандарды эскерүү күнү белгиленди.

Бишкекте жол кырсыктарынан каза тапкандарды эскерүү күнү белгиленди.

"Жол коопсуздугу" деп аталган коомдук уюму, ЕККУнун Бишкектеги кеңсеси жана Ички иштер, Саламаттыкты сактоо министрликтери атайын иш-чара өткөрүп, "Жол эрежелери боюнча мыйзамдар милиция үчүн эмес, биз үчүн жазылган" деген чакырыктар менен чыгышты. Алар айдоочуларды дагы, жөө жүргүнчүлөрдү да жоопкерчиликке чакырды.

Жол кырсыктарынын басымдуу бөлүгү Бишкекте

"Бул жылы Бишкек шаарынын аймагында 1840 жол кырсыгы катталып, 57 киши каза тапты. 200дөн ашык киши жаракат алган. Бул өткөн жылга салыштырмалуу кырсыктардын саны көп дегенди билдирет. 2016-жылдын он айында 1013 жол кырсыгы катталган. Бирок жолдо каза тапкандардын саны өткөн жылга салыштырганда 37 кишиге азайган. Бишкек шаары боюнча 95 мектептин ар бирине бирден жол кыймылын көзөмөлдө кызматкери бекитилген. 10 ай ичинде өздөрү дагы жол эрежесин бузган же кызматтык милдетин аткарбаган жол кыймылын көзөмөлдөчү 78 кызматкерге чара көрүлдү. Кадр маселесинде да көйгөйлөр бар. Бишкек шаары боюнча элүүдөн ашуун кызматкер жетишпейт",- деди Бишкек шаардык патрулдук милициянын басма сөз кызматынын ага тескөөчүсү Таалайбек Бугубаев.

Өлкө боюнча өткөн жылдын он айына салыштырганда быйыл жол кырсыгы 8,3 пайызга өскөн.

Бүткүл дүйнөлүк Саламаттык сактоо уюмунун маалыматында жыл сайын дүйнөдө бир миллион эки жүз элүү миңдей киши жол кырсыгынан мерт болот.

Кыргызстанда жол кырсыктарынан каза тапкандардын саны 2013-жылы эң жогорку чекке жетип, 1220 адам каза тапкан. Ушундан кийин эрежелерди катталдаштырып, көзөмөлдү күчөтүү аракеттери болду. Бирок ага карабастан кырсыкты алдына алуу, кыскартуу чаралары көзгө көрүнөрлүк жыйынтык бербей жатат дейт бул жаатта иш алып барган коомдук уюмдар.

"Айдоочу, сен кайда шашыласың!"

"Дүйнөдө жол кырсыгы жаш балдардын өлүмүнө себеп болгон жагдайлардын бири. Дүйнөдө күн сайын жол кырсыгынан 3,5 миң бала каза табат. Былтыр Кыргызстанда 128 бала жол кырсыгынан көз жумган. Биздин чакан мамлекет үчүн бул үрөй учурган көрсөткүч. Бул жөн гана статистика эмес, ар бир сандын артында тагдыр, соолуган өмүр турат. Кайгыга баткан ата-эне, туугандары бар. Жол кырсыгынын курмандыктарына бир гана каза тапкан адамдар кирбейт, алардын ичинде жаракат алып, майып болгондор да бар. Бул кишилердин турмушу жол кырсыгынан мурун жана кийин деп бөлүнүп калат. Алар ошол күндү элесинде көп жолу кайталап - "Мен өтө тез ылдамдыкта жүрбөсөм, каршы тилкеге чыкпай койсом же шашып кызылда белгиде өтпөсө, алкоголдук ичимдикти ичпей айдасам кандай болот эле" деген суроону беришет. Бирок турмушту артка бура албайсыз. Ал себептен жол эрежесин сактоо өтө маанилүү. Ал коопсуздук кызматкерлери эмес, биздин коопсуздугубуз үчүн зарыл",- дейт Жол коопсуздугу уюмунун өкүлү Нуркамал Максүтова.

"Биз күнүгө жолго чыгабыз. Бүгүнкү күнү жөө жүргөн адамды унаа сүзүп кетпейт деген кепилдик жок. Унаа айдоочу болсоңуз башка унаа менен жол кырсыгына кабылбайм деген кепилдик жок. Азыр жол кырсыгынан улам бир үй-бүлө толугу менен жок болуп кеткен учурлар катталууда. Алардын арасында жаш балдар дагы бар. КМШ өлкөлөрүнүн арасында Кыргызстанда жол кырсыгынын деңгээли калкынын саны кыйла көп болгон Казакстан менен Орусияга жетет",-дейт "Жол коопсуздугу" деп аталган коомдук уюмдун жетекчиси Чынара Сапарбек.

"Жүздөгөн кишилер мертинип жатса, жооп берген эч ким жок"

«Биринчиден, жол коопсуздугун көзөмөлдөгөн органдарда жоопкерчилик жок. Көп киши каза болгондо райондун, облустун же шаардын жетекчилерине чейин кызматтан алынчу эле. Жолдогу кыймыл күчөгөн кезде эч ким көзөмөлдөгөн жери жок. Экинчи себеби, көзөмөл жок болгондуктан жарандар башаламандыкка барууда, ичип алып айдап жатышат. Өткөн аптада Бишкектеги Чыңгыз Айтматов проспектисинде болгон жол кырсыгында таңкы саат беште ичип алып айдап жүрүшөт. Азыр рейд иш-чаралары жок. Биз жума, ишемби, жекшемби күндөрү түнү менен текшерип жүрчүбүз, түнкү клубдардын, кафе, ресторандардын жанында тескечүбүз»,-деген Би-би-сиге берген маегинде Жол кайгуул кызматынын мурдагы жетекчиси Талантбек Исаев.

«Акыркы төрт күн ичинде Кыргызстан деген мамлекет "кырсыкстан" деген мамлекетке айланды. Тактап айтканда, беш күндө 30 киши жол кырсыгынан каза тапты. 9 млн киши жашаган Нью-Йоркто бир жылда 202 киши каза табат. Бизде бир айда эки жүзгө чыгып жатпайбы. Эки жыл мурун кылымыш менен кырсык азайат деп ИИМ олчойгон каражатты коротуп, патрулдук милицияны түзгөн. Кана азайганы? Тескерисинче эки эсе өсүп жатат",-деп билдирүү жасаган парламент трибунасынан КСДП фракциясынын депутаты Рыскелди Момбеков.

Өкмөттүк чаралар

Өкмөт жол коопсуздугу тутумун реформалоо боюнча пландын аткарылышын тездетүү убадасын берүүдө. Анда негизги чаралар 6 блоктон туруп, жол кыймылы коопсуздугун жогорулатууга багытталган 148 иш-чараны ичине камтыйт.

Бул боюнча токтомду өкмөт августтун соңунда кабыл алган эле. Бирок берилген убакытта аткарылбай калгандары бар.

«Бардык пландаштырылган иш-чаралар жол коопсуздугун жакшыртууга багытталган. Бирок аны ишке ашыруу жай темпте жүрүүдө. Буга байланыштуу кезексиз кеңешме өткөрүлүп, Кайгуул милициясынын башкы башкармалыгы жоюлду. Бул жөн гана орун алмаштыруулар болбостон, аталган ыкма аркылуу жаңы сапаттык жактан мыкты кызматкерлерди ачык сынак аркылуу кызматка алууга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Ошондой эле биз аталган ведомстводо вертикалдык баш ийүүнү чыңдадык. Бул жол коопсуздугу тутумун башкарууну жакшыртуу үчүн зарыл процедуралык кадам болуп саналат,-деди премьер-министр Сапар Исаков. -Бардык иш-чаралар өз мөөнөтүндө аткарылышы тийиш, план аткарылбаган учурда кызматтан бошотууга дейре жоопкерчилик каралат. Өзгөчө көңүлдү процесстерди автоматташтыруу, кызматкерлерди алуу, «Акылдуу шаар» долбооруна, маалыматтык иш-чараларга буруу керек».

Иш-чараларда «Таза Коом» долбоорунун алкагында Бишкек жана Ош шаарларында жол эрежелерин бузган унааларды каттаган фото жана видео системасын орнотуу планы бар. Бул ушул жылдын ноябрь соңуна чейин аткарылышы керек деп көрсөтүлгөн. Андан кийин өлкөнүн башка аймактарына коюлат деп айтылды.

Өкмөттүн чараларында кырсыктар көп катталган негизги унаа жолдордогу кооптуу жерлерди аныктоо, коопсуздукту камсыздоо үчүн кошумча иш-аракеттерди көрүү жагы да жазылган. Жол белгилерин жетиштүү деңгээлде коюп, айдоочулук күбөлүк берген мекмелериндеги коррупцияны жок кылуу, айдоочуларды даярдоонун сапаты жакшыртуу тууралуу дагы чаралар бекитилген.

Айдоочулук күбөлүктү сатып алгандар

Кыргызстанда айдоочулар арасында жол эрежесин билбей эле, айдоочулук күбөлүктү жөн эле сатып алгандар тууралуу маселе көп жылдан бери көтөрүлүп келүүдө. Жол кыймылын көзөмөлдөгөн кызмат жол кырсыктарын иликтей келгенде, дал ушундай айдоочулардын жоопкерчиликсиздигинен башкалар жабыр тарткан учурлар көп дешет.

"2010-жылдан тартып айдоочуларды даярдоо мекемелерине лицензия берүү Билим берүү министрлигине өткөн. Ал эми окугандардан экзамен алып, айдоочулук күбөлүк берүү Мамлекттик каттоо кызматынын колунда. Жол кайгуул кызматы эреже бузуучуларды кармап ошолор менен гана иштейбиз. Биз катталган жол кырсыктарын иликтеп, талдай келгенде жол кырсыгына кабылгандардын жыйырма бир пайызы айдоочулук күбөлүгү болгону менен үч жылдык гана тажрыйбасы бар болуп чыгууда. Биз ошондон улам бул маалыматтарды жогоруда айтылган эки мекемеге да жибердик",- дейт ИИМдин Кайгуул милициясынын башкы башкармалыгынын жетекчи орун басары Ыманалы Саркулов.

Бирок Мамлекттик каттоо кызматы айдоочулук күбөлүктөрдү каттоо кызматы бере баштагандан тартып, бул тармакта коррупция кыскарып, иш кыйла жакшырганын жүйө келтирүүдө.

"2010-жылга чейин айдоочулук күбөлүк берүү ИИМдин карамагында турганда экзамен тапшырыптыр деген дээрлик жок болуп калган. Себеби баарын татаалдаштырып салган. А татаалдашкан жерде сөзсүз коррупция күчөйт. Машакатынан коркуп экзаменге барбай эле акча менен ала башташкан. Бүгүнкү күндө андай жок. Каалаган киши сынакты ээн эркин тапшырып, документин ала алат. Бирок алардын арасында баарын жадыбалдай жаттап алгандар да жок эмес. Ал эми иш жүзүнө келгенде алардын өз аракетине жараша болуп жатат",- дейт каттоо кызматынын өкүлү Мелис Эржигитов.

Мамлекттик каттоо кызматы билдиргендей, учурда өлкөдө эки жүздөн ашуун автомектептер бар. Алардын баарынын окутуу боюнча уруксат кагазын Билим берүү министрилиги тескейт.

Ноябрдын эки аптасында жол кырсыгынан 50гө жакын кишинин каза тапканы коомчулуктун үрөйүн учурду. Мыйзамды күчөттүү, айып пулдарды көбөйтүү сунуштары айтылып жатканы менен айдоо маданияты, жоопкерчилик, эрежени сыйлоо түшүнүктөрүнүн төмөн болуп жатканы дагы кырысктан бирден-бир себеби дегендер бар. (AbA/AT/AbK)

Тектеш темалар