Элдин саясий маанайы жана үмүт-тилектери

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Элдин ичинде жаңы президент жашоо деңгээлин жакшырткан саясат жүргүзөт деген үмүт чоң.

"Демократия жана жарандык коом үчүн" коалициясы жүргүзгөн сурамжылоого караганда, эмгек акы менен пенсияларды көбөйтүү, кыргыз-казак кризисин чечүү, инфраструктураны өнүктүрүү өлкө калкынын жаңы президенттен күткөн биринчи кезектери маселелер болуп саналат. Аталган изилдөөдө ошондой эле элдин азыркы учурдагы саясий маанайын аныктоочу суроолор дагы берилген.

Бул социологиялык сурамжылоонун максаты өлкөдө жаңы президент шайлагандан кийинки калктын саясий каалоо-тилектери, президент А.Ш. Атамбаевдин алты жылдык ишмердигине берген баасы, президенттик шайлоонун жыйынтыктарына мамилеси жана жаңы президент С. Ш. Жээнбековдон күткөн үмүт-тилектерин аныктоо болгон.

Жашоого канаттангандар жана канааттанбагандар

Сурамжылоого катышкандардын 37,3% өлкөдөгү жашоону канааттандыраарлык деп эсептейт, бирок 32,8% жашоо бир гана жагынан канааттандырат. Ошол эле учурда өлкөдө ар бир сегизинчи респондентти жашоо көп жагынан канааттандырбайт. Жашоонун учурдагы деңгээлине канааттанбагандык айылга караганда шаар жашоочуларынын арасында көбүрөөк (36% - 23,9%), ошондой эле Бишкекте (37,8%), Ысык-Көл (36,6%) жана Талас областында (34,1%) арасында басымдуу.

Сурамжыланган калктын теңинен көбү, же 53,7% өлкөдө мамлекеттик саясат туура багытта жүрүп жаткандыгына "толугу менен" же "көбүнчө" кошулат. Респонденттердин үчтөн бири, 34,8% ошондой пикирге "көбүнчө" же "таптакыр" кошулбайт. 35 жаштан 54 жашка чейинки курактагы респонденттердин арасында ишенбөөчүлүк мамиле басымдуу (38,6%).

Атамбаевдин рейтинги жогору

Калктын 67,3% Атамбаевдин президент катары алты жылдык ишин жактырат. Ошол эле учурда ар бир бешинчи респондент (20,6%) Атамбаевдин аткарган ишине канааттанбайт.

Атамбаевдин президенттик кызматтагы негизги жетишкендиктеринин арасынан респонденттер көбүнчө: инфраструктуранын өнүгүшүн (27,8%) жана саясий туруктуулукту (11,7%) аташты. Ошол эле учурда ар бир тогузунчу респондент (11%) Атамбаевдин президенттик мөөнөтүнүн учурунда кандайдыр бир жетишкендиктер болду деп эсептешпейт.

Шайлоо жыйынтыгына ишеним Таласта төмөн

Респонденттердин 30,5% президенттик шайлоонун жыйынтыгы шайлоочулардын эркине дал келет деп жооп берген. 33,6% шайлоонун жыйынтыгына ишенбей турганын билдиришкен. Президенттик шайлоолордун жыйынтыктарына канааттанбастыктын жогорку деңгээли Талас (72%), Ысык-Көл (43,9%), Чүй (43,9%), Жалал-Абад (41,5%) областтарында жана Бишкек ш. (46,3%) байкалат. Талас менен Чүйдөгү элдин бир бөлүгү ыза болуп турат десе болот, анткени шайлоодо Жээнбековдун жеңилип калган атаандашы "Республика" партиясынын лидери Өмүрбек Бабанов Талас жана Чүй областтарында көп добуш алып, жеңип чыкканы белгилүү. Сурамжыланган калктын 48% шайлоо системасын реформалоо керек дейт

Жээнбековдун рейтинги Бабановдон жогору

Айтмакчы, сурамжылоо Жээнбековго элдин колдоосу Бабановго караганда баары бир жогору экенин ырастады. "Эгерде Сизде дагы бир жолу добуш берүү мүмкүнчүлүгү болсо, кайсы президенттикке талапкер үчүн добуш берет элеңиз?" деген суроого респонденттердин отуз пайызы Жээнбековду, 22% Бабановду аташкан.

Жээнбековдон элдин күткөнү

Image caption Сооронбай Жээнбеков 24-ноябрдан баштап президенттик кызматка киришти

Сурамжыланган адамдардын 39,7% Жээнбеков президент катары өзүнүн милдетин аткарууга киришкенден кийин өлкөдө өнүгүүлөр тездей баштайт деген илгери үмүттө турушат.

Жаңы президенттен калктын биринчи кезекте күткөнү: эмгек акы, пенсия жана жөлөк пулду көбөйтүү (23,6%); эл аралык мамилелерди жакшыртуу (15,9%); ошондой эле шаар менен айылдын инфраструктурасын жакшыртуу (9,6%). Калктын төрттөн бири, 26,8% жаңы президенттен олуттуу өзгөрүүлөрдү күтпөйт.

Ырас, өлкөдө эмгек акы менен пенсиялардын өлчөмү аз, бул биринчи кезекте дарыгерлер менен мугалимдерге тийиштүү.

Эл аралык мамиле дегенде биринчи кезекте элдин ою кыргыз-казак кризисин чечүү жөнүндө болуп жатканы белгилүү. Шайлоо алдында курчуган кыргыз-казак мамилеси соңку кылымда мынчалык бузулган эмес. Казакстан чек арада текшерүүлөрдү күчөтүп, Кыргызстанга аткезчиликти тыйбай жатат деп доомат коюуда. Расмий Бишкек өз кезегинде коңшусун мыйзамсыз экономикалык камоого алып жатат деп БУУга чейин арызданды.

Тема боюнча башка макалалар