Жээнбеков иш сапары менен Орусияга келди

Сооронбай Жээнбеков Сүрөттүн автордук укугу PRESIDENT.KG

Президент Сооронбай Жээнбеков чет өлкөгө алгачкы иш сапарын Орусиядан баштады. Президенттин расмий сайтында Жээнбековду Орусия чакырганы жазылган.

Жээнбеков Орусиянын президенти Владимир Путин менен сүйлөшүүлөрдү өткөрүп, эки лидер кыргыз-орус эки тараптуу кызматташууну өнүктүрүү, Евразия алкагындагы интеграциялык бирикменин маселелерин талкууга алмакчы.

Расмий иш сапардын алкагында президент Жээнбеков Орусиянын өкмөт башчысы Дмитрий Медведев менен дагы жолугат.

Буга чейин Жээнбеков Кыргызстан эл аралык уюмдар менен чөлкөмдүк түзүмдөрдүн алкагында интеграциялык процесстерде активдүүлүгүн улантаарын белгилеген.

Кытай менен кошуналык жана стратегиялык өнөктөштүк тереңдетилип, коңшу өлкөлөр менен илгертен келе жаткан боордоштук, достук кызматташтык, тарыхый ынак мамилеге таянып иш алып барылары айтылган.

Сүрөттүн автордук укугу Social Media

Орусиядагы сүйлөшүүлөрдөн кийин президент Жээнбеков жумушчу сапары менен Беларуска барып, Жамааттык коопсуздук кеңешинин кезектеги сессиясына катышат.

Сооронбай Жээнбеков 15-октябрда өткөн президенттик шайлоого КСДП талапкери катары чыгып, 50 пайыздан ашуун добуш менен утуп чыккан.

Тектеш темалар