Назарбаев: Чек ара көйгөйү чечилет

Бүгүнкү жолугушуу Белоруссиянын борбору Минскиде Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун кезектеги сессиясынын алкагында өттү Сүрөттүн автордук укугу President.kg
Image caption Бүгүнкү жолугушуу Белоруссиянын борбору Минскиде Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун кезектеги сессиясынын алкагында өттү

Минскиде жолуккан президенттер Сооронбай Жээнбеков менен Нурсултан Назарбаев кыргыз-казак чек арасындагы көйгөйдү чечүү тууралуу бүтүмгө келишти.

Анда чек ара маселеси тууралуу сөз болуп, Назарбаев эки өлкө өкмөттөрү тарабынан түзүлгөн жол картасына кол коюлганга чейин, тишелүү көзөмөл менен чек арада абал жайгарылаарын айтты.

Жамааттык коопсуздук кеңеши уюмунун Минскидеги кезектеги жыйыны тар чөйрөдө жана жалпы жыйын форматында өтүп, жыйырмадан ашуун маселе каралууда. Бул жыйындын алкагында президент Сооронбай Жээнбеков Назарбаев менен жолукту. Анда белгилүү болгондой казак президенти Назарбаев чек арадагы абалдан толук кабардар экенин айтып, Казакстан менен Кытайдын чек арасында да ушундай эле тартипте иштеген көзөмөл бар экенин кошумчалады. Мындан сырткары Казакстандын президенти кыргыз кесиптешин расмий сапар менен Казакстанга чакырды.

Бир жарым айдан ашуун убакыттан бери кыргыз-казак чек арасында казакстан тараптан көзөмөл күчөп, өтүүдө кыйынчылык башталган. Бул Кыргызстанда кийинчерээк Казакстандын өзүндө да кызуу талкууларга себеп болгон. Минскиде эки президенттин жолугушуусу кандай гана форматта болбосун мамилени жакшыртууга жардамын берет деп кубаттагандар бар.

Image caption Кыргыз-казак чек арасындагы абал 10-октябрдан тарта татаалдашкан

"Менимче абал туура нукка бурулат. Албетте кыргыз президенти жаңы багытты тандайт. Ооба, Сооронбай Жээнбековдун буга чейин Атамбаевге "Эл баатыры" наамын ыйгаруусу жана башка сөздөрү мурдагы саясат уланаарынан кабар берет. Бирок казак президенти Нурсултан Назарбаев менен мамиле жакшырат. Бул кыргыз президентинин негизги максаттарынын бири. Президент Назарбаев дагы кыргыз-казак чатагын жайгарууга өзү да кызыкдар",-дейт казакстандык эксперт, "Либерти" фондунун президенти Галым Агелеуов.

Минсктеги жолугушуда Назарбаев, эки тараптын жумушчу топтору даярдаган жол картасы иштелип чыкканын, эми ал талкууланып кабыл алынаарын айтты. Жол картасы демекчи, аталган документти буга чейин Сапар Исаков баштаган кыргыз өкмөтү Астанага барып, соңку варианты он күнгө жакын убакытта даярдалган. Бирок ал жолку жолугушуулар күткөндөй жыйынтык берген эмес.

Октябрда Кыргызстандагы президенттик шайлоо алдында мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин Казакстанга карата пикири чек арадагы абалга себеп болду дегендер да жок эмес.

"Жаңы президент эки тизгин, бир чылбырды өзү толук колго алып, мамлекттик башкарууга Атамбаевдин кийлигишүүсүнө жол бербесе бул маселени чечүү жеңил эле. Бир айга жетпей чечилээрине толук көзүм жетет. Эгер андай болбой, Атамбаевдин айтканынан чыга албай турган болсо бул маселе күндөн-күнгө оорлойт",- дейт Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Равшан Жээнбеков.

Бир жарым ай ичинде эки өлкө ортосунда кайым айтышуулар бир нече ирет күчөп, маселе бир топ эле саясатташканы да байкалды. Саналуу эле күн мурун бул боюнча Кыргызстан Бириккен улуттур уюмунда да билдирүү жасаган. Бирок андан майнап чыкпасын айткан айрым эксперттер, маселе сырткы кийлигишүүсү жок эки мамлекеттин сүйлөшүүсү аркылуу гана чечилет деп келишти.

"Жыйынтык чыгабы, чыкпайбы аракеттин жасалганы, сүйлөшүп калганы жакшы да. Биздикилер аракет көрүп, Казакстанга атайын расмий сапар жасоо керек. Чек ара эле эмес, жалпы эле мамилени кайра куруу зарыл болуп калды. Президенттин расмий сапары зарыл. А Белорусияда болсо чындап келгенде учурашып, жакшы-жакшы, макул деп тарап кетет да",- дейт Кыргызстандын Казакстандагы мурдагы элчиси Жумагул Сооданбеков.

Кыргыз-казак чек арасындагы абал 10-октябрдан тарта татаалдашкан. Казакстан муну Кыргызстан тараптан болгон аткезчилкти тескөө аракети деп түшүндүргөн. Минскидеги бүгүнкү жолугушуу Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун кезектеги сессиясынын алкагында өттү. Ага Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков баштаган делегация да катышат.

Тектеш темалар

Тема боюнча башка макалалар