Баш мыйзамдагы беш берене күчүнө кирди

Конституция 2016-жылы жалпы элдик референдумда өзгөртүлгөн
Image caption Конституция 2016-жылы жалпы элдик референдумда өзгөртүлгөн

1-декабрдан тарта Конституциянын 70, 72, 75, 81 жана 87-беренелерине кирген өзгөртүүлөр күчүнө кирди.

70-берене парламенттеги коалициялык көпчүлүк боюнча. Андан чыгыш үчүн фракция мүчөлөрүнүн үчтөн экиси макул болуп, аны кол коюу менен бекитиш керек.

72-берене премьер-министр менен биринчи вице премьер-министрдин укугу тууралуу. Жогорку Кеңештен шайлангандан кийин эми алардын депутаттык мандаты сакталат. Жалпы жыйында добуш бере алат. Өкмөттөн кетсе, депутаттык орду сакталат.

75-берене спикерге тиешелүү. Парламентте коалиция тараса, төраганы да кайра бекитүү зарыл болот.

81-берене президенттин мыйзамдарга вето коюу укугу тууралуу. Мурда салык жана мамлекеттик бюджет боюнча мыйзамдарга сөз жок кол коюуга милдеттүү болсо, эми премьер-министр кайрылган учурда кол койбой, парламентке кайрып бере алат.

87-беренеге ылайык, өкмөттүн куралышы Жогорку Кеңештен көз каранды. Жаңы чакырылыш келгенде өкмөт кетип, парламент башкасын курайт.

Ушул эле берененин башка пункту боюнча, коргонуу жана коопсуздукту караган өкмөт мүчөлөрүнөн башкасын президент премьер-министрдин сунушу боюнча кызматтан алышы мүмкүн.

Парламент менен өкмөттө кандай өзгөрүү болот?

"Коомдук анализ институту" коомдук бирикменин директору Рита Карасартова беренелер өкмөт башчыга көп укук берип, парламент дагы алсыздандырылып жатат деген ойдо.

Image caption "Коомдук анализ институту" коомдук бирикменин директору Рита Карасартова

"Мисалы, өкмөт бюджет долбоорун премьер-министр алдында даярдайт. Аны Жогорку Кеңеш карап, "бул маселеге да каражат тап" деп бир беренени кошуп, бекитип коюшу мүмкүн. Анда өкмөт башчы президент менен сүйлөшүп, кол койдурбай коюу шарты түзүлүп жатат. Бул жерде Жогорку Кеңештин колундагы маанилүү акыркы чечимди алып, премьер-министрге берип жатат", - деди Карасартова.

Ал эми мурдагы депутат Равшан Жээнбеков өкмөттүн укуктары кеңейир жатканы менен, бийлик дале президенттин колунда деген пикирде:

"Премьер-министр өкмөттүн мүчөлөрүн кызматтан алуу өңдүү негизги милдеттерди алат. Бирок мен өкмөт күчтөнөт деп айтпас элем. Анткени президентте мурдагыдай эле күч түзүмдөрдү - УКМК, Башкы прокуратура калып жатат. Алар кимдин колунда болсо Кыргызстанда бийлик ошол адамда", - деген Жээнбеков бул абал эки президенттин ортосунда тирешүү жаратып, өкмөттөгү жана парламенттеги абал да ошого жараша болот деген оюн айтты.

Сүрөттүн автордук укугу Social Media
Image caption Саясатчы жана мурдагы депутат Равшан Жээнбеков

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев бул өзгөрүүлөр менен Кыргызстан парламенттик башкарууга багыт алып жатат деп билдирген.

КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркуловдун айтымында, өзгөртүүлөр, коалицияны туруктуу кылат, коалициянын улам тарашына спикер кызыкдар болбош үчүн кайра шайланат жана өкмөт менен парламенттин арасында тең салмактуулук жаралат:

"Бюджет мыйзамынын кайтарылып келиши парламенттеги популизмди ооздуктайт. Айрым учурда каражаттын булагы белгисиз болсо деле мыйзамды кабыл алып жатышат. Туура, өкмөт башчысына көбүрөөк күч берилип жатат, анткени парламент менен тең салмактуу болот. Ал эми парламентте өкмөттү кетирүү укугу толугу менен кала берет, парламент күчүн жоготкон жок".

2010-жылы кабыл алынган Конституцияга өткөн жылкы референдумда 29 өзгөртүү киргизилген. Беш беренеден башкасы мурда иштей баштаган.

Референдумга шайлоочулардын 40 пайыздайы келип, анын 80 пайызы өзгөртүү үчүн добуш берген.

Тема боюнча башка макалалар