"Манас күнү"

"Манас" эпосуна тартылган сүрөттөр Сүрөттүн автордук укугу Google

Бишкекте "Манас күнүнө" арналган иш чаралар өтүп жатат. Маданият министрлиги уюштурган чоң жыйын улуттук филармонияда болду.

Маданият, маалымат жана туризм министри Султан Жумагулов сөз сүйлөп, маданиятка сиңирген зор эмгектери үчүн манасчыларга "Маданияттын мыкты кызматкери" төш белгилерин тапшырды.

Президенттин жана премьер-министринин атынан атайын өкүлдөр сөз сүйлөп, сыйлыктар берилди.

Image caption Маданият, маалымат жана туризм министри Султан Жумагулов мыкты манасчыларга сыйлык тапшырды.

Бишкектин чет-жакасындагы "Манас айылы" тарыхый-этнографиялык комплексинде жети күндүк манас айтуу жүрүп жатат.

4-декабрь Манас күнү болуп Ѳкмөт тарабынан 2015-жылы 27-апрелде жарыяланган.

Сүрөттүн автордук укугу official
Image caption Кыргызпатенттин алдындагы патенттик-техникалык китепканада "Манас" эпосуна арналган иш чара болду.

"Манас" эпосу дүйнө жүзүндө ыр менен жазылган эң чоң эпикалык чыгарма, кыргыз элинин улуттук сыймыгы, дүйнөлүк маданият казынасына кошкон эң зор салымы. Анын манасчы Саякбай Каралаевдин айтымындагы вариантынын көлөмү эле жарым миллион саптан ашат.

"Манас" эпосунун өзбек тилиндеги котормосу жакында эле Ташкентте кайрадан басылып чыкты. Анын басмадан чыккан нускасын президент Алмазбек Атамбаевге анын Өзбекстанга болгон мамлекеттик иш сапары учурунда тапшырышкан.

Эпос буга чейин англис, немис, француз, орус, япон, монгол, венгер, кытай, казак тилдерине которулган.

«Манас» 2013-жылы ЮНЕСКОнун маданий мурастар шедеврларынын тизмесине киргизилген.

"Манас" эпосу дүйнөдөгү эң көлөмдүү эпос катары Гиннестин "Рекорддор" китебине да жазылган.

1995-жылы Кыргызстанда «Манас» эпосунун миң жылдыгы чоң салтанат менен белгиленген.