БИФ: Кыргызстанга түз инвестиция тартуу - ишкер көйгөйү

Бишкек инвестициялык форуму-2017 6-декабрда өтөт
Image caption Бишкек инвестициялык форуму-2017 6-декабрда өтөт

Бишкек инвестициялык форумуна катышуу үчүн Германия, Индия, Өзбекстан, Сингапур, Тажикстан жана Түркиянын бизнес делегация өкүлдөрү Бишкекке чогулууда. Эртең форум башталып, өз бизнесине каражат издеп жаткан же бизнесин кеңейтем деген ишкерлер колунда бар адамдар менен жолугушат.

Иш-чаранын негизги фокусу Кыргызстандагы түз инвестициялар мүмкүнчүлүгү жана анын реалдуулугу. Бул жөнүндө ири компаниялардын өкүлдөрү кеңеш берип, талкуулар өткөрүлөт.

“Өлкөгө инвестиция тартуунун эки жолу бар. Биринчиси жеке ишканаларга түз инвестиция тартуу, экинчиси мамлекеттик деңгээлде чоң инфраструктуралык инвестицияларды тартуу. Соңку жыйырма жылдан бери мамлекеттин кепилдиги менен келген инвестиция жаатында көзгө көрүнөөр жылыштар байкалбайт”,- дейт иш-чаранын уюштуруучуларынын бири, ЖИА бизнес биримдигинин башкаруу кеңешинин мүчөсү Жоодар Сайдилканов.

Сүрөттүн автордук укугу RUFAT ERGESHOV/BBC
Image caption Кыргызстанда орто жана чакан бизнестер экономиканын өзөгүн түзөт

Чакан жана орто бизнесине инвестор издеп, түз инвестиция тарткан ишкерлердин абалы да кубандыраарлык эмес. Кыргызстандык ишкерлер инвестиция тартуу, жада калса сапаттуу бизнес план түзүүнү билбейт деген сындар көп айтылып келет.

Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду да ишкерлерди каржылап баштаганда, ушул себептен улам көп бизнес долбоорлор жактырылбай жатканын билдирген.

Быйылкы жылдын биринчи жарымында Кыргызстанга келген түз инвестициянын көлөмү өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу сегиз пайызга өскөн. Бирок бул деле өлкөгө келген чет элдик түз инвестиция агымынын жогорку темпи эмес.

Инвестициянын ири бөлүгү мурдагыдай эле тоо-кен тармагындагы ири долбоорлорго жумшалууда. Мындай өндүрүштөр өлкөдө кошумча наркты пайда кылгандын ордуна, чийки затты сыртка алып чыгып кетүүдө. Демек экономикада бул инвестициялардын сезилээрлик пайдасы байкалбай жатат. (ErA)