Жээнбеков расмий иш сапары менен Өзбекстанга келди

"Ташкент" эл аралык аэропортунан Сооронбай Жээнбековду Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов тосуп алды. Сүрөттүн автордук укугу official

Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков расмий иш сапары менен Өзбекстанга келди. Ислам Каримов атындагы "Ташкент" эл аралык аэропортунан Сооронбай Жээнбековду Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов тосуп алды.

"Расмий сапардын алкагында Президент Сооронбай Жээнбеков Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёев менен тар курамда жана кеңири форматта жолугушуусу пландаштырылган, анын жыйынтыгы менен бир катар документтерге кол коюлат. Мындан тышкары мамлекет башчылары биргелешкен билдирүү жасашат. Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун Өзбекстан Республикасынын Премьер-министри Абдулла Арипов жана Өзбекстан Республикасынын Олий Мажлисинин төрагасы Нигматилла Юлдашев менен жолугушуусу болжолдонгон»,-деп кабарлады президенттин расмий сайты.

Президенттин аппараты "Бул сапар эки өлкөнүн ортосунда акыркы жылы жүргүзүлгөн активдүү саясый диалогдун уландысы болуп калат", -деп билдирүүдө.

Президент Жээнбеков кандай команда топтойт?

Сүрөттүн автордук укугу official
Image caption "Ташкент" эл аралык аэропортунан Сооронбай Жээнбековду Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов тосуп алды.

"Күн тартибинде бир нече актуалдуу маселелер бар. Эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүнүн келечеги боюнча пикир алмашышат. Мамлекеттерибиздин ортосундагы эки тараптуу кызматташуунун мүмкүнчүлүктөрү жогору. Сапардын жүрүшүндө болжолдогон максаттарды ишке ашырууга тараптардын даярдыгы ырасталат", -дейт президенттин тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Айзада Субакожоева.

Мурдакы президент Атамбаевдин тушунда көп жыылдан бери чечилбей келаткан чек ара талаштарын чечүү боюнча сүйлөшүүлөр жанданып, чек аранын дээрлик сексен беш пайызы такталып бүтүп калганы айтылган. Өзбекстанды Ислам Каримов башкарып турганда эки өлкөнүн мамилеси сууп, өзбек тараптан чек ара көп жылдар бою бек турду, соода-сатык жана башка алакалар тыйылып калган эле. Каримов дүйнөдөн кайтып, анын ордуна Мирзииев президент болуп келгенден кийин гана эки өлкөнүн ортосунда чек ара ачылып, мамлекет башчыларынын деңгээлинде көп маселелерди чечүү мүмкүн болду.

Бирок, Жээнбековдун бул сапарында чек ара маселелери да каралган менен бүткөн документтерге кол коюлбайт деп жатат президенттин өзүнүн аппараты.

Чек арадан сырткары, Кыргызстан менен Өзбекстан Камбар-Ата-1 ГЭСин биргелешип куруу боюнча макулдашууга жетишти. Мурда Ташкент бул ГЭСтин курулушуна караманча каршы болуп келген эле.

Андан сырткары Кыргызстандагы суу чарба объектилерин биргелешип пайдалануу, анын чыгымдарын биргелешип көтөрүү боюнча дагы келишимдер түзүлүүдө.

Бишкек өз кезегинде Ысык-Көлдөгү мурда Өзбекстанга таандык болуп келген төрт пансионатты аларга кайтарып берүүгө ниеттенүүдө. Тийиштүү келишим долбоору азыркы учурда Жогорку Кеңештин комитеттеринде каралууда.

Тектеш темалар

Тема боюнча башка макалалар