Алмамбет Шыкмаматовго сот өкүмү чыгат

Алмамбет Шыкмаматов

Бүгүн Бишкекте Жогорку Кеңештин депутаты, "Ата Мекен" оппозициялык фракциясынын мүчөсү Алмамбет Шыкмаматовго сот өкүмү чыгышы күтүлүүдө. Сот аны коррупция беренеси боюнча жоопко тартууда. Депутаттын өзү болсо анын үстүнөн саясий куугунтук болуп жатканын билдирип келатат.

Алмамбет Шыкмаматов Эсеп палатасында иштеп турганда өзүнүн аялына таандык автоунааны тендер менен мекемеге кымбат баада сатып, мамлекетке 180 миң сом зыян келтирген деген күнөө менен жоопко тартылууда. Депутаттын өзү сот процесинин жүрүшүндө автоунааларды сатып алуу боюнча өткөрүлгөн тендерге эч кандай катышы да, таасири да болбогонун билдирип, керектүү далилдерди келтирди. Эсеп палатасынын өкүлдөрү да мамлекетке эч кандай акчалай зыян болбогонуна айтып күбө өтүштү. Ошого карабастан мамлекеттик айыптоочулар депутатты сегиз жылга эркинен ажыратуу жана үй-мүлкүн конфискация кылуу керек деп жатышат. А. Шыкмаматов 13-ноябрда сүйлөгөн соңку сөзүндө өзүнө коюлуп жаткан күнөөлөрдү далилсиз карандай жалаа катары карап, аны саясий куугунтук деп атады.

Алмамбет Шыкмаматов "Ата Мекен" фракциясынан соттолуп жаткан үчүнчү депутат. Буга чейин фракция лидери Ѳмүрбек Текебаев коррупция боюнча сегиз жылга соттолду. Фракциянын дагы бир активдүү мүчөсү, мурдакы баш прокурор Аида Саляновага издөөдө жүргөн кылмышка шектүү адамга адвокаттык лицензияны мыйзамсыз узартты деген күнөө коюлуп, беш жылга кесилди.

"Ата Мекен" Жогорку Кеңештеги эң оппозициялык фракция катары, ал эми анын лидери Текебаев жана Салянова менен Шыкмаматов мурдакы президенттин саясатын эң активдүү сындап келаткан саясатчылар катары белгилүү. Алар бир жыл мурдакы референдумда президент тарабынан Баш мыйзамга сунушталган өзгөртүүлөргө дагы кескин каршы позицияда болушкан. Ошол окуялардан кийин Баш прокуратура алардын артынан түшкөн дешет.

Ошондуктан укук коргоочулар мурдакы президент Атамбаевди коррупцияга каршы күрөшкө жамынып өзүнүн саясий атаандаштарын түрмөгө салып жатат деп сынга алып келишти. Бир ай мурда жаңы шайланган президент Сооронбай Жээнбеков оппозициядагы саясатчыларга кандай мамиле болот деп азыр болжоп турушат. Бирок жаңы президент өзүнүн шайлоо компаниясында Атамбаевдин саясий жолун улантарын, анын ичинде коррупцияга каршы күрөш эң негизги максаттардын бири экенин баса белгилеген.

Кыргызстанда соттордун эгемендигин бекемдөө зарылдыгы канчалык көп айтылып жаткан менен чынында соттор дагы деле саясий башкаруучулардын кысымында калып, алардын тапшырмасын аткарып жатат деген маселе күн тартибинен түшпөй келатат. (KC)

Тектеш темалар