Камактагы саясатчыларга санаркоо

Бишкектеги Евробиримдик өкүлчүлүгү алдында өткөн митинг. 2016-жыл, 14-апрель.
Image caption Бишкектеги Евробиримдик өкүлчүлүгү алдында өткөн митинг. 2016-жыл, 14-апрель.

Кыргызстанда соңку эки жылда саясий негизде кармалды делген саясатчылар саны 30га чыкты жана алардын көбү шайлоо алдында башка саясий көз караш үчүн куугунтукталгандар дешет укук коргоочулар.

Саясий туткун делген саясатчыларга негизинен Кылмыш кодексинин 295-беренеси - бийликти күч менен басып алуу же кармап туруу айыбы коюлуп, кылмыш иштери козголууда.

Кооптуу тенденция

Айбек Бузурманкулов президенттик шайлоодон кийин Таласта өткөн нааразычылык акцияларга байланыштуу УКМК тарабынан суракка чакыртылган жаш активисттердин бири.

"Кыргызстанда өтө коркунучтуу тенденция жүрүп жатат. Азыр ар кандай митинг, акция же саясий иш-аракет өткөрөм десең эле УКМК ошолорду жаздырып, телефон сүйлөшүүлөрдү жаздырып, коомчулукка таратып, булар бийликти басып алат деген берене менен ошолорго кылмыш ишин козгоп камакка алып атат",- деди "Жаңы муун" жаштар кыймылынын мүчөсү Айбек Бузурманкулов 14-декабрда өткөн саясий куугунтукту токтотуу боюнча жарандык форумда.

Ал иш-чараны "Саясий туткундарды коргоо" жана "Сөз эркиндигин коргоо" комитеттери уюштуруп, анда президент Сооронбай Жээнбековго кайрылуу да жолдонду.

Кайрылууда бир жылдан ашуун убактан бери абакта жаткан, коррупция жана башка олуттуу иштер боюнча айыпталып, соттолгон саясатчылардын жана журналисттердин иштерин кайра карап чыгууну, сотторго бул иштер боюнча мыйзам чегинде адилет чечим чыгаруусуна мүмкүнчүлүк берүү өтүнүчү берилген.

Image caption "Элдик парламент" былтыр 12-майда Атамбаевдин токтоосуз отставкага кетишин талап кылган

"Саясий туткундарды коргоо" комитетинин мүчөсү Зульфия Мараттын байкоосунда өлкөдө бийликке каршы чыккан саясатчыларга кылмыш иштери 2016-жылдын жаз айларынан баштап байма-бай ачыла баштады.

"Бул президенттик шайлоого даярдыкка байланыштуу болду. Алдын ала саясий талаада бийлик оппоненттерин "тазалоо" жүрдү. Бектур Асанов, Кубанычбек Кадыров, Дастан Сарыгулов жана ЭрнестаКарыбековдордун соту жабык алынып барылды. "Элдик парламент" мүчөлөрүнүн иши да жабык жүрдү. Менин көз карашымча бул Кылмыш процессуалдык мыйзам нормаларын одоно бузууга жатат",- деди Зульфия Марат.

Саясий куугунтукту токтотуу боюнча жарандык форумдун кайрылуусуна бийлик тараптан азырынча жооп боло элек. Ошентсе да, аталган форумга катышкан дагы бир саясатчы, экс-депутат Бегалы Наргозуевдин айтымында бул маселеге жарандык коом кайра-кайра кайрылып турушу абзел.

"Эки жылдан бери биздин коом саясий камоолорго көнүп калды. Илгери беш-алты адамды камап койсо ызы-чуу чыкчу эле. Азыр 20-30дай адамды камап койсо деле, эчтеке болбогондой жүрүшөт. Жарандык коом бул боюнча коңгуроону тынбай кагып турушу керек. Себеби, биз өзүбүз көнүп калгандай бийлик да "аа ушунтип чекесинен камай берсе болот турбайбы деп" көнүп калды", -деди Бегалы Наргозуев.

"Көпчүлүгүнүн иши катардагы эле кылмыш"

Анткен менен парламент депутаты Рыскелди Момбеков сөз болуп жаткан 30дай саясатчынын баарын эле саясий туткун деп таанууга каршы.

Сүрөттүн автордук укугу official
Image caption Момбеков: Баары саясий туткун дегенге макул эмесмин

"Булардын баары саясий туткун дегенге мен макул эмесмин. Кантип ошого макул болосуң, эгерде кылган аракеттеринде кылмыштык иштери кылтыйып чыгып турса. Аны саясий куугунтук деп атап алышып, ага кабылдык дегени туура эмес болуп калат. Көпчүлүгүнүн иши катардагы эле кылмыш", -деди Жогорку Кеңеште бийликтеги фракция КСДП депутаты Рыскелди Момбеков.

Анын айтымында Абийир туткундары гильдиясы тарабынан саясатчыларга козголгон кылмыш иштери иликтенип, анан ал уюм аркылуу кортунду чыкса гана, саясий туткун деп тааныса болот.

Депутат мисал катары, буга чейин аталган уюм тарабынан Кыргызстандан абийир туткуну деп таанылган саясатчылар Топчубек Тургуналиев, Феликс Куловдун иштерин мисалга тартты.

Тектеш темалар