Бакиевдерден калган мүлктүн эсеп-чоту

Сөз болуп жаткан шаарчада мурдагы президент Курманбек Бакиев жана анын жакындарына таандык делген 48 коттедж жайгашкан. Сүрөттүн автордук укугу 5news.kg
Image caption Сөз болуп жаткан шаарчада мурдагы президент Курманбек Бакиев жана анын жакындарына таандык делген 48 коттедж жайгашкан.

Чуу жараткан "Идеал Хаус" шаарчасына байланыштуу иликтөө боюнча өкмөт "Фергана.ру" маалымат агенттиги менен журналист Элнура Алкановага кайрылып, иликтөөнү төгүндөөнү жана сайт аркылуу кечирим суроону талап кылды.

Журналист өзүнүн "Фейсбуктагы" баракчасына: "Башкы прокуратура алдын ала эле мени "жалган маалымат таратты" деп атап, иштин өзөгүн иликтебей жатпайбы" деп жазып чыкты.

Буга чейин өкмөт башчынын тапшырмасы менен Башкы прокуратура өзүнчө иликтөө жүргүзүп, бул ишке премьер-министр Сапар Исаковдун тиешеси болгон эмес деген тыянак чыгарган.

"Идеал Хаустун" таржымалы

Сүрөттүн автордук укугу fergananews.kg

Сөз болуп жаткан шаарчада мурдагы президент Курманбек Бакиев жана анын жакындарына таандык делген 48 коттедж жайгашкан. Жакында эле шаарча өтө арзан баада сатылып кетти деген кеп сөз коомчулукта катуу талкууга түштү.

"Жалпысы болуп 48 коттедж улутташтырылган. Бул коттедждердин он экиси гана көзгө көрүнүп калган. Калганы чуңкуру казылып бош турат же фундаменти гана куюлган. Жердин жалпы аянты 12,5 гектар. Биз ачык-айкын тендер өткөргөнбүз. Анда коттедждердин баасы 130 миллион сом болгон. Кийин биз аны 152 миллион сомго саттык. Элдин баары баасын угуп алып эле талкуулап жатат. Бир мисал келтирейин, учурунда Арча-Бешиктен эң кымбат дегенде 3 миң долларга 6 сотых тилкени каалаган жерден сатып алууга мүмкун болчу. Азыр болжолдуу айтканда ал жерлер он эсе кымбат. Эмне себептен? Анткени, миллиарддаган каражаттарды коротуп, мамлекет жол, суу, электр жарыгы сыяктуу коммуналдык кызматтын баарын киргизди. А сөз болуп жаткан шаарчага чындап келгенде бара турган жол да жок",-дейт Би-би-сиге берген маегинде Мамлекеттик мүлк фондунун төрагасынын орун басары Бакытбек Мураталиев.

Бул шаарчаны куруу аракеттери 2008-жылдары башталган. Бул жердеги үйлөр Бакиевдердин жакындары курулуп жатканы белгилүү болгон.

2010-жылдагы апрель окуяларынан кийин "качкын президент Курманбек Бакиевдин үй-бүлө мүчөлөрүнө таандык" деген негиз менен бул үйлөр ошол кездеги убактылу өкмөт тарабынан улутташтырылган эле. Жакында эле бул коттедждер аукционго коюлуп сатылган.

Бакиевдерден калган мүлктөр

2010-жылдагы апрель окуяларынан кийин өлкөдөн чыгып кеткен Бакиевдерге таандык делген мүлктөрдү Убактылуу өкмөт атайын декрети менен өкмөткө өткөргөн. Жалпысы болуп улутташтырылган 47 обьектинин жыйырма алтысы мамлектте калып, калган 21 обьект атайын программага ылайык Жогорку Кеңештин токтому менен сатылат деген тизмеге кирген.

"2010-жылдан бери ал мүлктөрдөн дивиденд, иража катары 12 млрд сомго жакын каражат түштү. Эки обьект банкрот болду деген негизде 263 млн сомго сатылган. Биринчиси, арак заводу, экинчиси, АУБ деп таанылган "Залкар" банк. Сегиз обьектисин менчиктештирүү Жогорку Кеңеш тарабынан токтотулган. Изилдөө иштери жүрүп жатат. Төрт обьектиси сатылды",-дейт Мамлекеттик мүлк фондунун төрагасынын орун басары Бакытбек Мураталиев.

Мамлекет өзүнө алган мүлктөрдүн он бири имараттар менен кеңселер. Эки жер тилкеси, үлүштөр жана акциялардын саны жетөө. Автоунаалардын саны бешөө жана бир мүлк комплекси бар. "Чакан ГЭСтин" 100 пайызы мамлекетке өткөн. "Альфателекомдун"49 пайызы улутташтырылып, калган 51 пайызы кылмыш ишине байланыштуу конфискацияланган.

"Жети обьект 333 млн сомго сатылды. Алардын ичинде яхта, учак, "Кайыңды", "Кошой" кант заводундагы үлүштөр, "Каприздеги" коттедж сатылды. Учурда аны сатып алган жаңы ээлери толук кандуу пайдаланып жатышат",-дейт Бакытбек Мураталиев.

Учурда Бишкектеги Скрябин көчөсүндөгү бир гектерга жакын жер тилкеси боюнча Экономикалык кылмыштарга каршы кызмат иш жүргүзүп жатканы айтылды. Азырынча толук бойдон мамлектке өткөрүү боюнча сот чечими кабыл алына элек дейт расмийлер. Февраль айында Башкы прокуратура мурдагы президент Курманбек Бакиевдин уулу Максим Бакиевге таандык делген бул жер тилкесин мыйзамсыз сатылып кеткен деп кылмыш ишин козгогон эле.

Баш калаанын Жибек-Жолу көчөсүндө жайгашкан Баиевдерге таандык делген турак үйдү Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигине өткөрүлүп берилген.