Сот реформасы өтөөсүнө чыктыбы?

Сот акыйкаттыгын камсыздоо 2010-жылдагы элдик ыңкылаптан кийин көтөрүлгөн Сүрөттүн автордук укугу Google
Image caption Сот акыйкаттыгын камсыздоо 2010-жылдагы элдик ыңкылаптан кийин көтөрүлгөн

2010-жылдан кийин убада кылынган сот системасын реформалоо ишке ашып жатабы? Бүгүн Бишкекте өткөн "Кыргызстандагы 2014-2017-жылдар аралыгындагы сот системасынын өнүгүшү" аттуу тегерек стол үстүндө талкуунун негизги темасы ушул болду.

Бийлик өкүлдөрү соңку беш жыл аралыгында сот акыйкаттыгынын улуттук системасы калыптанды деген менен жарандык коом буга макул эмес.

"Укук мектеби" бейөкмөт уюму быйыл майдан декабрьга чейин өлкөдөгү сот системасын реформалоо боюнча үч жылга эсептелген мамлекеттик максаттык программаны ишке ашышына байкоо салып, реформа 40 пайызга аткарылган деген корутундусун чыгарды.

"Сандык индикаторлор менен алганда бул программа алкагында 40 пайызга иш аткарылды деп белгилей алабыз. Биз соттордун сот залы материалдык жактан кандай жабдылган, техникалык коопсуздук боюнча көзөмөл-өткөрмө технологиялары кандай, видео байкоо салуу канчалык жолго коюлган ошол нерселерге көңүл бурдук",- деди "Укук мектебинин" долбоордук ассистенти Гүлзина Казакова Би-Би-Сиге.

Ал сегиз айлык бейөкмот уюмунун иликтөөсүнүн корутундусу жакында кенен мазмунда жарыяланарын билдирди.

Быйыл июньда мурунку өлкө башчысы Алмазбек Атамбаев Соттук реформа боюнча кеңештин жыйынында соңку беш жыл аралыгында сот акыйкаттыгынын улуттук системасы калыптанды деп билдирген.

Экс-президент Алмазбек Атамбаев 15-ноябрда Туруктуу өнүгүү боюнча улуттук кеңештин жыйынында да сүйлөп жатып, сот системасын реформалоо маселесине токтолгон.

"Ким эмне дебесин, бирок сот реформасы боюнча опол-тоодой иштер жасалды. Бир эле мисал, соңку беш жылда бийликтин сот бутагын каржылоону беш эсеге көбөйттүк. Дүйнөнүн бир да өлкөсүндө мындай нерсе жок. Бирок эмнеге бул реформа биз күткөндөй иштеп кеткен жок деген суроо турат. Соңку жылдары 10дон кем эмес олуттуу кодекстер кабыл алынды. Алар кийинки жылдын 1-январдан тарта күчүнө кирет. Бул кодекстер ишке киргенде биз сот реформасынын реалдуу жыйынтыгын көрөбүз. Себеби буга чейинки мыйзамдардын өзүндө коррупцияга шарттар бар эле. Сот реформасына нааразы болгондор - ал качан иштей баштайт билбегендер", - деген эле экс-президент.

Сүрөттүн автордук укугу official
Image caption Атамбаев: Сот реформасы боюнча опол-тоодой иштер жасалды

Атамбаев буга чейинки мыйзамдар боюнча айыпталуучуга жазасын тандоодо соттор үчүн мыйзамдарда кенен тандоо болуп, кылмышкерлерге айып пул төлөтүп же 25 жылга кесип коюу мүмкүнчүлүгү болуп келгенин белгилеген.

Андыктан сот системасын кардиналдуу өзгөртүү башталып, азырынча анын жыйынтыгы адистерге гана байкалып жаткандыгы айтылган. Себеби реформага мыйзамдык пайдубал гана түптөлүп, реформа алкагында жаңыртылган документтердин көбү кийинки жылдан тарта күчүнө кирет.

2019-жылдын 1-январынан тарта иштей турган укуктук ченемдик документтерге Кылмыш кодекси, Кылмыш-процессуалдык кодекси, Кылмыш-аткаруу кодекси, Жазык тууралуу кодекс, Мыйзам бузуулар тууралуу кодекс жана "Пробация тууралуу", "Амнистия тууралуу" мыйзамдары кирет.

Image caption Рита Карасартова: Президентке баш ийген, өлкө башчысына абдан көз каранды сот системасын калыптандырдык

"Кагаз түрүндө кандай гана укуктук ченемдик актыларды кабыл алынып атат, бирок баарын жалпылап алсак, баягы максат койгондой жети жыл ичинде көз карандысыз сот, мыйзам чегинде иштеген сотту калыптандыра алдыкпы? Сотторду 100% алмаштыра алдыкпы? Биз кайра президентке баш ийген, өлкө башчысына абдан көз каранды сот системасын калыптандырдык",- деди Би-Би-Сиге Коомдук иликтөө институтунун жетекчиси Рита Карасартова.

Сот акыйкаттыгын камсыздоо жана натыйжалуу сот тутумунун иштешин жөнгө салуу маселеси 2010-жылдагы элдик ыңкылаптан кийин көтөрүлгөн.

Кыргызстандын бийлиги көп жылдан бери сот системасын реформалоо милдетин алдыга коюп, аны ишке ашырууга аракет кылып келет. Бирок коомдо "сотторго ишеним жок" деген пикир дагы эле күчүндө.

Тектеш темалар