НТС Сот аткаруу департаментинин чечимин күтүп жатат

НТС телеканалынын имараты Сүрөттүн автордук укугу Social media
Image caption НТС телеканалынын имараты

Сот аткаруу департаментинин өкүлдөрү НТС телеканалынын башкы директору менен сүйлөшүүдө. Аталган каналдын кызматкерлери жана башка маалымат каражаттарынын өкүлдөрү НТСтин имаратында сот аткаруучулардын чечимин күтүп жатышат.

Жаңжалдуу иш боюнча Сот департаменти Би-Би-Сиге мындай түшүндүрмө берди:

"Сот аткаруучулардын имаратка кирип барганы - НТСти рейдерлик жол менен басып алууга жатпайт. Бул тууралуу маалымат каражаттары туура эмес кабарларды жазып жатышат. Сот аткаруучулар соттун чечимин гана аткарышууда. Чечимди комментарий кыла албайбыз",- деди департаменттин маалымат катчысы Назира Сагыналиева.

Буга чейин "Республика - Ата-Журт" партиясынын лидери, аталган каналдын ээси деп айтылып жүргөн Өмүрбек Бабанов НТС боюнча өзүнүн фейсбук баракчасына:

"Урматтуу кыргызстандыктарым, ойго келбеген иш болуп жатат. Рейдерлик жол менен, сотту колдонуп, НТС телеканалын тартып алганы турушат. Кыргызстандык соттор эми Максим Бакиевдин кызыкчылыктарын коргоп калганбы? Юридикалык документтер, акыйкаттык - куру барак, куру сөз болуп калды беле? Башкы максат - көзкарандысыз, жеке телеканалды жаап салуу же тартып алуубу?", -деп жазды.

НТСтин тегерегиндеги жаңжал боюнча депутат Кенжебек Бокоев "саясий заказ болуп жатат, бул маселени парламентте иликтөөгө алышыбыз керек. Бул иш Бабановдун ишмердүүлүгүнө байланыштyy болушу мүмкүн" деген эле. (ErA)

Тектеш темалар