Бишкектe 70 пайыз жол кырсыгы расмий статистикага катталбайт

Бишкек шаары

Борбор Азиядагы Америка университетинин изилдөөчүлөрү Бишкек шаарынын жолдорундагы кырдаал боюнча иликтөөсүн жарыялады. Андагы маалыматка караганда, айдоочулардын 48 пайызы жол эрежесин билбейт, 70 пайыз айдоочулар кайгуул милициясынын кызматкерлерине пара беришет. Андан тышкары көптөгөн жол кырсыктары расмий каттоого алынбай келатканы айтылды.

Борбор Азиядагы Америка университетинин айлана-чөйрө жана өнүктүрүү борбору Бишкектеги жол кырсыктарын, анын келип чыгуу себептерин, ага таасир тийгизген жагдайларды изилдеп чыгып, анын жыйынтыгын жарыялады.

Иликтөө "Унаалардын согушу: Бишкекте ким жана эмне үчүн жол эрежесин бузат" деп аталат. Аны түзгөндөрдүн айтымында, кескин чаралар жана реформаларга карабай, жол кырсыктары жана адам өлүмдөрү көбөйүп, мындан улам изилдөө зарылчылыгы келип чыккан.

Изилдөөчүлөр көз карандысыз жана илимий методдорго таянып, бир миң айдоочуну сурамжылоого алышкан. Ошондуктан жарыяланган доклад туура жана так жүргүзүлдү деп айтышууда.

Image caption Соңку мезгилдеги үрөй учурган кырсыктар коомчулукту нес кылып, өкмөттү дагы катаал чараларды издөөгө мажбур кылды

Сурамжылоонун жыйынтыгына караганда, 70 пайыз айдоочулар кайгуул милициясынын кызматкерлерине пара беришет, айдоочулардын 48 пайызы жол эрежесин билбейт, 70 пайыз жол кырсыктары расмий статистикага катталбайт. Ошондой эле баш калаадагы жол коопсуздугун камсыздоо иштеринин 58 пайызы канааттандырарлык эмес.

Бул статистиканы эсептеп чыгарган Борбор Азиядагы Америка университетинин айлана-чөйрө жана өнүктүрүү борборунун директору Рахат Сабырбековго расмийлер бул изилдөөгө кандай реакция кылды, деп сурадык:

"Жол коопсуздугу боюнча улуттук форумга келген расмийлерге биз иликтөө жыйынтыгын көрсөттүк. Алар туура эмес деп айтышпады. Биз алып чыккан кээ бир фактылар чындык десе, кээлерине макул болушкан жок".

Өлкө боюнча өткөн жылдын он айына салыштырганда, быйыл жол кырсыгы 8,3 пайызга өскөн. Унааны катуу ылдамдык менен айдоо кырсыктардын көбүнө себеп экени жашыруун эмес. Каршылаш тилкеге чыгып алып кырсыкка кабылган, адам өлүмү менен коштолгон учурлар да көп болот.

Image caption Жол кырсыктарынан каза тапкандарды эскерүү күнү, Бишкек, 15-ноябрь

Соңку мезгилдеги үрөй учурган кырсыктар коомчулукту нес кылып, өкмөттү дагы катаал чараларды издөөгө мажбур кылды. Жакында эле өкмөт башчы өзүнүн жүз күндүк ишинин жыйынтыгын чыгарып жатып бул маселеге өзгөчө токтолгон эле.

"Бардык пландаштырылган иш-чаралар жол коопсуздугун жакшыртууга багытталган. Бирок аны ишке ашыруу жай темпте жүрүүдө. Буга байланыштуу кезексиз кеңешме өткөрүлүп, Кайгуул милициясынын башкы башкармалыгы жоюлду. Бул жөн гана орун алмаштыруулар болбостон, аталган ыкма аркылуу сапаттык жактан мыкты кызматкерлерди ачык сынак аркылуу кызматка алууга мүмкүнчүлүк түзүлөт",-деген эле премьер-министр Сапар Исаков.

Кыргызстанда айдоочулар арасында жол эрежесин билбей эле, айдоочулук күбөлүктү жөн эле сатып алгандар тууралуу маселе көп жылдан бери көтөрүлүп келүүдө. Жол кыймылын көзөмөлдөгөн кызмат жол кырсыктарын иликтей келгенде, дал ушундай айдоочулардын жоопкерчиликсиздигинен башкалар жабыр тарткан учурлар көп дешeт.

Өткөн айдын биринчи жарымында эле жол кырсыгынан 50гө жакын кишинин каза тапканы коомчулуктун үрөйүн учурду. Мыйзамды күчөттүү, айып пулдарды көбөйтүү сунуштары айтылып жатканы менен айдоо маданияты, жоопкерчилик, эрежени сыйлоо түшүнүктөрүнүн төмөн болуп жатканы дагы кырсыктын бирден-бир себеби дегендер бар.

Тектеш темалар