АКШ «мыйзамдагы ууруларга» каршы санкция киргизди

Тайванчик деген ысым менен белгилүү Алимжан Сүрөттүн автордук укугу TASS

АКШ бир катар Орусия жарандарына каршы санкция киргизди.

Америкалык Каржы министрлигинин маалыматына караганда, санкцияга он киши кабылган. Булар Евразиялык транс улуттук кылмыштуу топторго таандык, "Мыйзамдагы уурулар" экени айтылды.

"Кара тизмеге": Тайванчик деген ысым менен белгилүү Алимжан Тохтахунов, Захарий Калашов (Шакро Молодой) Василий Кристофоров, Камчыбек Көлбаев, Лаша Шуханашвили, Владислав Леонтьев, Юрий Пичугин жана Владимир Тюриндин ысымдары киргизилген .

Гафур Рахимов, Алимжана Тохтахунов жана Рубен Татулянга каршы санкция "Мыйзамдагы ууруларга материалдык жардам көрсөткөн» деп киргизилди.

Андан сырткары санкцияга Татулянга таандык эки компания дагы кабылды. Бул санкция АКШ жана анын союздаштарына коркунуч жараткан "транс улуттук уюшкан кылмыштуу топтордун кеңири жайылган каржы инфраструктурасын талкалоого багытталган" иш чаранын алкагында киргизилди деп айтылат расмий маалыматта.

"Мыйзамдагы ууруларды" аталган мекеме, "мурдагы Советтер союзунун, Европа жана АКШнын аймагында кеңири жайылган уюшкан кылмыштуу топ" катары мүнөздөп, акчаны адалдоо, опузалоо, карактоо жана паракорчулук менен алектенет деп белгилейт.

Санкцияга ылайык, буларга таандык АКШ аймагындагы активдер тоңдурулат. Ошондой эле санкцияга кабылгандар жана аларга таандык компаниялар менен каржылык же башка байланыштарды түзүүгө АКШ жарандарына тыюу салынат.

Шакро Молодой деген ат менен белгилүү Захарий Калашов учурда опузалап акча талап кылган деген шек менен камакта олтурат. Аны «Орусиядагы кылмыш дүйнөсүнүн лидерлеринин бири»деп табышкан.

2008-жылы Калашов Испанияда акчаны адалдаган деген айып менен камалган. Ошондой эле Грузияда адам өлтүрүү боюнча айыпталып, сыртынан 18 жылга соттолгон.

Алимжан Тохтахуновду ММКлар кылмыш дүйнөсү менен байланышытырып, анын каймана атын Тайванчик деп жазып жүрүшөт. Бирок өзү Орусиянын мыйзамдарын бузбаганын айтып келет.

2013-жылдын апрель айында АКШ бийлиги Тохтахуновду акчаны адалдаган жана мыйзамсыз кумар оюндарынын бизнесин уюштурган деген айып таккан. Би-би-синин өзбек кызматына берген маегинде, Тохтахунов сот иши тууралуу эч кандай расмий документтерди албаганын айткан.

Ал эми кыргызстандык Камчы Көлбаевди 2012-жылы АКШ эл аралык ири баңгибарондордун кара тизмесине киргизген.

Ошону менен катар АКШнын Каржы министрлиги "Боордоштор жамааты" деп аталган эл аралык кылмыштуу топко кирген деп шектелген бир катар кишилердин арасында Камчы Көлбаев дагы бар деп маалымат таратып, алардын банктагы эсептерин тоңдуруп жатканын кабарлаганы бар.(AbA)