2017: Mигранттар темасына байланышкан окуялар

Дүйнөлүк көйгөйгө айланган миграция маселеси Кыргызстан эгемендик алган жылдардан бери такай көтөрүлүп келе жаткан чоң көгөйлөрдүн бири. Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Дүйнөлүк көйгөйгө айланган миграция маселеси Кыргызстан эгемендик алган жылдардан бери такай көтөрүлүп келе жаткан чоң көгөйлөрдүн бири

2017-жылы чет өлкөгө агылган кыргызстандык мигранттар саны көбөйүп, кара тизмедеги жарандардын саны азайды. Өлкөдө миграциялык саясаттын жаңы концепциясы иштелип чыкты. Жылдын биринчи жарымында "Орусия жакынкы он жылда мигранттарсыз жашай албайт" деген иликтөөлөр жарыяланды. Он айда мигранттар Кыргызстанга которгон акча мурдагы жылга салыштырмалуу кыйла көбөйүп, 2 миллиарддан доллардан ашканын Улуттук банктан билдиришти. Анткен менен сыртта иштеп, жашап жүргөн мекендештер көйгөйү дагы эле курч бойдон калууда. Би-Би-Си узаган жылдагы мигранттар темасына байланышкан окуяларды тизмектеп берет.

Бир күнү милийсасы канын соруп,

Бир күнү каракчысы жолун тооруп,

Кыргызым түтөп турдуң Маскөөдө

Он төрт кыз күйгөн кезде жалын болуп...

Кыргызстан эгемендик алган 26 жыл ичинде биринчи жолу парламент трибунасында депутат тарабынан мигранттар тууралуу ыр окулду. Алардын турмушун, бактысы менен ызаасын, кемтиги менен жетишкендигин, көр турмуш айынан бөтөн эл, бөтөн жерде жүрүп, бирок өлкөгө зор салым кошконун таамай белгилеген бул ырда кыргыз мигрантынын портрети чагылдырылган.

Муну да окуңуз:

Ырдын автору, "Ата Mекен" фракциясынын депутаты Каныбек Иманалиев мунун алдында эле Орусияны кесиптештери менен түрө кыдырып, мигранттар менен жолугушууларды өткөрүп келди.

"Мигрант бул - инвестор. Ызы-чуусу бүтпөгөн "Кумтөр" бизге жылына салык катары 11 млн доллар берет. Ал эми мекендештер 2 млрд доллар берип жатат. Экинчиден кыргызстандык мигрант бул - меценат. Айылда мамлекет курган бала бакча көппү же мигранттар курган көппү? Спорт залдарынын ар бир экинчисин алар тургузуп жатпайбы. Үчүнчүдөн мигранттар өлкөгө прогресс алып келген ишкерлер",-деди "Мекендештерге көмөк көрсөтүү" мыйзамынын аткарылышын көзөмөлдөө боюнча жумушчу топтун жетекчиси, депутат Каныбек Иманалиев.

Сүрөттүн автордук укугу kenesh.kg
Image caption Кыргызстан эгемендик алган 26 жыл ичинде биринчи жолу парламент трибунасында депутат тарабынан мигранттар тууралуу ыр окулду.

Мигранттардын жоон топ өкүлдөрү парламентте

Жылдын аягында "Мекендештерге көмөк көрсөтүү" мыйзамынын аткарылышын көзөмөлдөө боюнча парламенттик угуу өтүп, ага биринчи жолу чет өлкөдө иштеген мигранттардын жоон топ өкүлдөрү чакырылды.

"Совет доорунда завод-фабрика иштеп, кыз-келиндерге жумуш бар эле. Азыр андай болбой, кыздар сыртка иштегени кетүүдө. Чет өлкөдө айрымдары башка улуттагы эркектер менен жүрөт деп, ур-тепкиге алынган учурлары да болду. Азыр он жети жаштан баштап кыздарды иштегени жөнөтүшөт. Бул учур кыздардын акыл-эси, ден соолугу калыптанган мезгили. Ушундай учурда кыйналып, ден соолугуна зыян келтирип сыртта жүрүшөт. Миграция кыргыз кыздары үчүн трагедия эле болду",- дейт көп жылдан бери мигранттар менен иш алып барган Москвадагы "Ала Тоо" уюмунун жетекчиси Жамила Бегиева.

Укуктук колдоо, медициналык жардам, кош жарандык сыяктуу көп жылдырдан бери айтылып келаткан мигранттарга тиешелүү маселелер узаган жылы да бир нече козголуп, 2017-жылы өкмөт олуттуу көңүл бурду, дейт расмийлер.

Сүрөттүн автордук укугу rufat ergeshov/bbc
Image caption Москвадагы "Ала Тоо" уюмунун жетекчиси Жамила Бегиева

Май айында миграциялык саясаттын жаңы концепциясы иштелип чыгып, бул документте 2030-жылга чейинки убакытта жасалчу иштердин программасы камтылды деген болчу Миграция кызматынын жетекчиси Медетбек Айдаралиев:

"Концепциянын негизги максаты- стихиялык миграцияны азайтуу, мигранттарга юридикалык жардамдарды берүү жана эң негизгиси - Кыргызстанда жумуш орундарын түзүү, ички миграция маселесине да өзгөчө орун берилет. Бир ай ичинде терең талкуулап концепцияны кабыл алсак, анын үстүндө иштесек, сөзсүз бул жерде жылыштар болот".

"Орусия жакынкы он жылда мигранттарсыз жашай албайт"

Ушул эле айда Орусиянын мамлекеттик кызмат жана эл чарбасы академиясынын илимий кызматкерлери Орусия жакынкы он жылда мигранттарсыз жашай албайт деген иликтөөнү жарыялады. Анда айтылгандай, "бул өлкөгө иштегени келген он адамдын жетөөсү Кыргызстан, Тажикстан же Өзбекстан сыяктуу борборазиялык мигранттар. Бул өлкөгө агылган жаш жумушчуларды саны жылдан жылга көбөйүп жатат. Аны менен бирге мигранттардын Орусия экономикасына кошкон салымы да көбөйүп, өткөн жылы эле патенттен 45 млрд. рубль каражат түшкөн". Экономикалык жагын айтканда, Кыргызстанга мигранттар жөнөткөн каражаттар ички дүң продукциянын үчтөн бирине барабар.

Кыргызстандык мигранттардын басымдуу бөлүгү кара жумуштарда иштейт,- дейт Москвада көп жылдан бери иштеген Белек:

"Орусиялыктардын өздөрү аз айлык менен мындай оор жумушта иштегиси келбейт. Курулуш сыяктуу иштерде кожоюндар акчаны бербей койгон учурлар да көп. Ошентип көптөгөн мигранттар же акчасын ала албай, же ишти таштап кете албай жүрө берет".

Сүрөттүн автордук укугу rufat ergeshov/bbc
Image caption Казакстандын айрым аймактарындагы талаа жумуштарында иштеп, кайра кайта албай документсиз жүргөндөрү да бар

Айрым учурда мигранттар ден-соолугун берип тапкан каражаттарды кайра мекенинде чакан ишканаларды ачууга же ошол барган өлкөсүндө эле ирденип алууга жумшап, мигранттар арасында жеке ишкерлердин жоон тобу өсүп чыкты. Ошол эле учурда бөтөн жерде жумушсуз калып, ар кандай оор кырдаалда мүшкүлгө туштуккандары да аз эмес. Айталы, Казакстандын айрым аймактарындагы талаа жумуштарында иштеп, кайра кайта албай документсиз жүргөндөрү да бар.

"2006-2007-жылдары Кыргызстандан барган дыйкандардын саны үч миңге жеткен. Анын эки жүздөйү мекенине келсе деле, жумуш жок деп калып кетти. Өкүнүчтүүсү, ошол 200 кишинин жарымынан көбүнүн, алардын балдарынын документтери жок. Айла жоктон күнүмдүк оокатын эле өткөрүп жаткан учуру",-деди алматылык ишкер Улан Чойтонбаев.

Image caption Акыйкатчы Кубат Оторбаев Москвадагы Сахарово борборунда

Чет өлкөдө абакта кармалган кыргызстандыктар

Бул сыяктуу окуялар Орусия аймагында да кездешет. Айрым учурда мигранттар жумушсуздук айынан ар кандай кылмышка барган учурлары бар. Айталы, быйылкы жылдын экинчи жарымында Тышкы иштер министрлиги 1800гө жакын кыргызстандык жаран учурда түрдүү кылмыштар боюнча айыпталып, чет өлкөлөрдө абактарда кармалып отурганын маалымдады.

Алардын көпчүлүгү Орусия, Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстанга туура келет. Кытайда болсо 18 кыргызстандык жаза мөөнөтүн өтөөдө. Быйыл алардын экөөсүн мекенине өткөрүү иши чечилгенин өкмөт кабарлады.

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption "Орусиягa агылган жаш жумушчуларды саны жылдан жылга көбөйүп жатат. Аны менен бирге мигранттардын Орусия экономикасына кошкон салымы да көбөйүп, өткөн жылы эле патенттен 45 млрд рубль каражат түшкөн".

Жашап жүргөн жердин тилин билбей, укуктарынын сакталышын талап кыла албаган мигранттар чыркырап жазага тартылып кеткен учурлар көп экени жашыруун эмес. Кыргызстандын элчиликтери жана консулдуктары бул учурда аларга укуктук жардам беребиз деп айтып келишет. Бирок мындай мекемелердин санынын аз болгону жана соттук териштирүүлөрдүн көпкө созулганы мигранттар түйшүгүн оорлотууда. Акыйкатчы Кубат Оторбаев аларга укуктук жардам берүү үчүн Москва шаарында Евразия Омбудсмендеринин альянсын түзүүгө жетиштик деген болчу:

"Альянстын негизги максаты - мигранттардын укугун коргоо, юридикалык кеңеш берүү. Чет элде жүргөн жөнөкөй жаранга бул эмнени берет? Биринчиден, меморандумга кол койгон Акыйкатчылар менен, алардын аппараты менен тыгыз кызматташабыз, экинчиден, акысыз юридикалык маалыматтарды бере алабыз. Үчүнчүдөн жабык мекемелерди чогуу кыдыра алабыз. Биз ошол ишти баштадык".

Дүйнөлүк көйгөйгө айланган миграция маселеси Кыргызстан эгемендик алган жылдардан бери такай көтөрүлүп келе жаткан чоң көгөйлөрдүн бири. Мигранттарсыз өлкө турмушу терең кризиске батары турган кеп. Токсонунчу жылдары жумуш тартыштыгы, үй-бүлөнү багуу сыяктуу түрдүү себептерден улам чет өлкөлөп кеткен эмгек мигранттары соңку жылдары ишканаларды ачкан, өзүнүн көйгөйүн чечип, өзгөлөргө жумуш берген бизнесменге айланды. "Мигрант элек, чемпион болдук" дегендер көп чыкты. Кайрымдуулук иштерин кылып, мекенине жардам көрсөтүп жаткандар көп.

2017- жылдын он айында мигранттар Кыргызстанга которгон акча мурдагы жылга салыштырмалуу кыйла көбөйүп, 2 млрд доллардан ашканын Улуттук банктан билдиришти. Бирок мигранттар салган акчаны эле санап отура бербей, аларга укуктук жактан жардам берели деген чакырыктар көп айтылууда.

Мигрант көйгөйү дагы эле курч бойдон калууда. Оор турмуш алдыда күтүп турганын билсе да, бүгүн да, азыр да кара курсактын айынан чет өлкөгө жумуш издеп кетип жаткандар, учак, поезд, автобус күткөндөр аз эмес.