Кесепети согушка тете жол кырсыктары

Бүткүл дүйнөлүк Саламаттык сактоо уюмунун маалыматында дүйнөдө жыл сайын бир миллион эки жүз элүү миңдей киши жол кырсыгынан мерт болот
Image caption Бүткүл дүйнөлүк Саламаттык сактоо уюмунун маалыматында дүйнөдө жыл сайын бир миллион эки жүз элүү миңдей киши жол кырсыгынан мерт болот

Узаган жылдагы көйгөйлүү маселелердин эң негизгилеринин бири - жол кырсыктары болду. Ички иштер министрлигинин берген расмий маалыматына караганда, он ай ичинде катталган жол кырсыктары 2016-жылга салыштырмалуу 8,3 пайызга көбөйгөн. Каза тапкандардын арасында жаш балдар да ондоп саналат. Үрөй учурган жол кырсыктары бийликти да катуу убайымга салып, кезектеги реформаны баштоого аргасыз кылды.

Жол кырсыктарынын коркунучтуу тенденциясы ар кандай изилдөөлөргө да себеп болду. Борбор Азиядагы Америка университетинин изилдөөчүлөрү Бишкек шаарынын жолдорундагы кырдаал боюнча иликтөөсүн жүргүздү. Андагы маалыматка караганда, айдоочулардын 48 пайызы жол эрежесин билбейт, 70 пайыз айдоочулар кайгуул милициясынын кызматкерлерине пара беришет. Андан тышкары көптөгөн жол кырсыктары расмий каттоого алынбай калаары айтылды.

Image caption 2016-жылы Кыргызстанда 128 бала жол кырсыгынан көз жумган

Үрөй учурган жол кырсыктарынын видео, сүрөттөрү байма-бай интернетке тарап талкуунун чордонунан түшпөй келди. Өзгөчө жылдын экинчи жарымында күнү куру эмес катталган жол кырсыктары бир эмес эки жолу өкмөттүн чукул жыйынынына да негиз болду.

Өкмөт башчы Сапар Исаков кызматка дайындалып жатканда да Жогорку Кенештин депутаттары бул боюнча суроо берип, кескин чараларга баруу сунуштарын айтып чыгышкан. Өкмөттүн окуу жылынын башталышына туш келген кезексиз жыйынында премьер-министр, Бишкектеги ар бир мектептин жанына бирден жол кайгуул кызматкерлерин бекитип, көзөмөлдү күчөтүү тапшырмасын берген эле.

Image caption Сурамжылоого катышкан айдоочулардын да бул боюнча пикири бир кылка эмес. Алардын айрымдары документти сатып алганын да жашырбайт

2017-жылдын он айынын көрсөткүчтөрү боюнча жол кырсыктарынын саны өскөнүн мурдагы Жол кайгуул кызматы да бир ырастаган.

"Жол кырысыктары боюнча статистика жакшы абалды чагылдырбайт. Өлкө боюнча соңку он ай ичинде 5197 жол кырсыгы катталган. Былтыр болсо 4796 болгон. Пайыздык көрсөткүч боюнча алганда, быйыл жол кырсыгы 8,3 пайызга өстү. Жол кырсыктарына каза тапкандардын саны 695 адам. Былтыр он айда 771 киши мерт болгон. Жол кырсыктарынын негизги себептери боюнча айтканда, 42 пайызында айдоочулар жөө жүргүнчүлөрдү сүзүп кеткен. Унаалар кагылышкан учур 36, 5 пайыз. Жол кырсыктарынын ушул эки түрү негизги көйгөй бойдон калууда»,-деди ИИМдин Кайгуул милицясынын башкы башкармалыгынын жетекчи орун басары Ыманалы Саркулов.

Image caption Биздин сунушубузда 5-7 жылга эркинен ажыратуу, айып пулду бир млн сомго көтөрүү каралды»,-дейт мыйзам долбоорунун автору КСДП фракциясынын депутаты Дастан Бекешов

Кыргызстанда жол кырсыгынын башкы себептери катары айдоочулардын бир тобу жол эрежесин толук билбей тургандыгы жана айдоо маданиятынын төмөндүгү менен байланыштырылып келет. Мындан сырткары инфраструктуранын оош-кыйыштары, көзөмөл органынын кемчиликтери да айтылып жүрөт.

Эрежелер демекчи, айдоочулук күбөлүк алууда баш аламандыктар көп экенин айткандарга Мамлекеттик каттоо кызматы бул иш мурдагыга салыштырмалуу кыйла сапаттуу болуп калганын айтып келе жатат.

"2010-жылга чейин айдоочулук күбөлүк берүү ИИМдин карамагында турганда экзамен тапшырыптыр деген дээрлик жок болуп калган. Себеби баарын татаалдаштырып салган. А татаалдашкан жерде сөзсүз коррупция күчөйт. Машакатынан коркуп экзаменге барбай эле акча менен ала башташкан. Бүгүнкү күндө андай жок. Каалаган киши сынакты ээн эркин тапшырып, документин ала алат. Бирок алардын арасында баарын жадыбалдай жаттап алгандар да жок эмес. Ал эми иш жүзүнө келгенде алардын өз аракетине жараша болуп жатат",- дейт каттоо кызматынын өкүлү Мелис Эржигитов.

Сүрөттүн автордук укугу Sai.gov.ua
Image caption "Акылдуу Дубайды кимдер жасады? Хуавей жасады. Мен технология Дубайдыкы кандай болсо, биздики да ошондой болот деп расмий түрдө айтам. Биздики Дубайдан кийин жасалып жаткан соң айрым камералар, жабдуулар балким ал жактыкынан да мыкты болушу мүмкүн",- дейт премьер-министр Сапар Исаков

Сурамжылоого катышкан айдоочулардын да бул боюнча пикири бир кылка эмес. Алардын айрымдары документти сатып алганын да жашырбайт.

Кырсыктарды азайтуу боюнча ар кандай сунуштар чыгып, өкмөттүн ишин катуу сынга алгандар да арбын болду.

«Акыркы төрт күн ичинде Кыргызстан деген мамлекет "кырсыкстан" деген мамлекетке айланды. Тактап айтканда, беш күндө 30 киши жол кырсыгынан каза тапты. 9 млн киши жашаган Нью-Йоркто бир жылда 202 киши каза табат. Бизде бир айда эки жүзгө чыгып жатпайбы. Эки жыл мурун кылымыш менен кырсык азайат деп ИИМ олчойгон каражатты коротуп, патрулдук милицияны түзгөн. Кана азайганы? Тескерисинче эки эсе өсүп жатат",-деди парламент трибунасынан КСДП фракциясынын депутаты Рыскелди Момбеков.

Сүрөттүн автордук укугу official
Image caption Натыйжалуу болот деп эки жылдай мурун түзүлгөн Жол кайгуул кызматы ноябрь айында жоюлуп анын ордуна Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы түзүлдү

"Жол коопсуздугу" коомдук уюму бул багытта атайын окууларды да өткөрүп келет. Уюм КМШ өлкөлөрүнүн ичинде Кыргызстан жол кырсыктарынын саны боюнча сап башынан түшпөй келе жатканын жүйө келтирип, өкмөттү бул багытта жигердүү иш алып барууга үндөп келет.

"Дүйнөдө жол кырсыгы жаш балдардын өлүмүнө себеп болгон жагдайлардын бири. Дүйнөдө күн сайын жол кырсыгынан 3,5 миң бала каза табат. 2016-жылы Кыргызстанда 128 бала жол кырсыгынан көз жумган. Биздин чакан мамлекет үчүн бул үрөй учурган көрсөткүч. Бул жөн гана статистика эмес, ар бир сандын артында тагдыр, соолуган өмүр турат. Кайгыга баткан ата-эне, туугандары бар. Жол кырсыгынын курмандыктарына бир гана каза тапкан адамдар кирбейт, алардын ичинде жаракат алып, майып болгондор да бар. Бул кишилердин турмушу жол кырсыгынан мурун жана кийин деп бөлүнүп калат. Алар ошол күндү элесинде көп жолу кайталап - "Мен өтө тез ылдамдыкта жүрбөсөм, каршы тилкеге чыкпай койсом же шашып кызылда белгиде өтпөсө, алкоголдук ичимдикти ичпей айдасам кандай болот эле" деген суроону беришет. Бирок турмушту артка бура албайсыз. Ал себептен жол эрежесин сактоо өтө маанилүү. Ал коопсуздук кызматкерлери эмес, биздин коопсуздугубуз үчүн зарыл",- дейт Жол коопсуздугу уюмунун өкүлү Нуркамал Максүтова.

Буга чейин да Жогорку Кеңештин айрым депуттаттары чараларды күчөтүп, жазаларды катаалдаштыруу боюнча демилгелерди айтып келген.

«Муну жөнгө сала турган Административдик жана Кылмыш-жаза кодекстери бар. Сунушталган мыйзам долбоору Кылмыш-жаза кодексине тишелүү. Андагы нормалар маселен, адам ден-соолугунан катуу жапа чексе же каза тапса, анда Кылмыш-жаза кодекси менен каралат. Эгерде айдоочунун алкоголь ичкен ичпегенин текшерген наркологдор туура эмес аныктама жазса, алардын дагы айып пулун бир миллион сомго чейин көтөрүп жатабыз. Азыр мындай учурга беш миң сом гана жаза каралган. Жол кырсыгынан киши ден-солугунан ажыраса же өмүрү кыйылса айдоочуга катаал жаза берүүнү сунуштадык. Ал эми азыркы биз колдонуп жаткан норма боюнча сотторго кенен укуктар берилген. Алар кааласа, 100 миң сомго чейин айып пул салат же коомдук ишке чектейт, болбосо түрмөгө кесет. Учурда кылмыш кылган адамдар 100 миң сом айып төлөйт. Эркинен ажыратуу 3-5 жыл деп каралган. Биздин сунушубузда 5-7 жылга эркинен ажыратуу, айып пулду бир млн сомго көтөрүү каралды»,-дейт мыйзам долбоорунун автору КСДП фракциясынын депутаты Дастан Бекешов.

Жол кырсыктары азайбай жатканын ишке ашпай келе жаткан "Коопсуз шаар" долбоору менен түздөн-түз байланыштыргандар аз эмес. Соңку бир нече жылда эле беш жарым миңдей адамдын жол кырсыгынын курмандыгы болгону соңку президенттик шайлоодо да унутта калган жок. Негизги талапкерлер саналган Сооронбай Жээнбеков менен Өмүрбек Бабанов дагы теле дебат учурунда дал ушул маселе боюнча бири-бирин катуу айыптаган эле.

Натыйжалуу болот деп эки жылдай мурун түзүлгөн Жол кайгуул кызматы ноябрь айында жоюлуп анын ордуна Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы түзүлдү.

Өкмөт бул кызмат иш тартиби, эрежелери жана натыйжалуулугу жагынан чон өзгөрүүлөрдү алып келээрин айтканы менен шашылыш жасалган мындай аракеттен ойдогудай жыйынтык күтүүгө болбойт дегендер да аз эмес. Алар элге кеңири маалымат таратылып, коомчулуктун колдоосу болбосо мекеменин атын өзгөртүүдөн пайда жок деген жүйөнү айтып келишет. Бирок, аталган кызматтын жетекчилиги кадр маселесинен тарта мыйзамдарды да өзгөртүп жатканын айтып, реформа башталды деген пикирде.

Жыл жыйынтыкталаарда өкмөт башчы Сапар Исаков 100 кундүк ишинин жыйынтыгын чыгарган жыйынында да бул маселе козголду. Анда өкмөт башчы "Акылдуу шаар" долбоору көңул борборундагы маселе болуп жатканын айтып, бул жаатта бел чечпей иштеп жатканын айткан эле.

"Ачык айтайын, бул ишке "Хуавей" компаниясы катышат. Мен бул компания эмне болгон компания экенин баарына көрсөтүп, түшүндүрүп берсеңиздер деп биздин тиешелүү адистерге тапшырма бердим. Сиздер билесиздерби? Бул абдан мыкты компания. Акылдуу Дубайды кимдер жасады? Хуавей жасады. Мен технология Дубайдыкы кандай болсо, биздики да ошондой болот деп расмий түрдө айтам. Биздики Дубайдан кийин жасалып жаткан соң айрым камералар, жабдуулар балким ал жактыкынан да мыкты болушу мүмкүн. Мен ачык айтайын, "Акылдуу шаар" боюнча Кыргызстанда эч ким адис эмес. Ошондуктан "акылдуу шарды" курууда сөзсүз түрдө техникалык көзөмөл болсун деген талапты коюп жатам. Биз бул ишти аткарууга дүйнөлүк аброю бар IBM компаниясын тартып жатабыз. Муну эмне үчүн кылып жатабыз? Биде кайсы бир компания бул сыяктуу чон ишти баштаса мындай кылып койду, тигиндей болуп жатат деген маселе сөзсүз чыгат. Ошондуктан бул абдан жакшы иш экенини мен үчүн да башкасы үчүн да кепилдиги менен болсун деп жатам. Мындан сырткары биз бул долбоорду жана келишимди камсыздандырабыз. Жакынкы аралыкта биз буюрса баарыбыз бул келишимдин жыйынтыкталышына жана жүзөгө аша баштаганына күбө болобуз",- дейт премьер-министр Сапар Исаков.

Ошентип коомчулук өкмөт жаңы башталды деп жаткан аракеттердин жыйынтыгы чыгат деген үмүттө күтүү менен карап жаткан убагы.

Бүткүл дүйнөлүк Саламаттык сактоо уюмунун маалыматында дүйнөдө жыл сайын бир миллион эки жүз элүү миңдей киши жол кырсыгынан мерт болот. Кыргызстанда жол кырсыктарынан каза тапкандардын саны 2013-жылы эң жогорку чекке жетип, 1220 адам каза тапкан.