Бишкекте биринчи дарыгерлер мекемесинин директору иштен алынды

Саламаттык сактоо министрлиги Сүрөттүн автордук укугу Google

Саламаттык сактоо министри Талантбек Батыралиев Бишкектеги №1 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун директору Айдарбек Шакировду кызматтык милдеттерин одоно бузуп жатканы үчүн иштен алганын билдирди. Аталган борбордун эмгек жамааты директор кызматкерлерден мыйзамсыз акча чогултуп жатканы тууралуу эки айдан бери министрликке арызданып жаткан болчу. Ал ортодо министрликтин өзүнүн ишинде кадр жана каржылык мыйзам бузуулар чыгып жатканын Жогорку Кеңештин жумушчу тобу билдирүүдө.

Эки айдан бери ызы-чуу басылбай жаткан дарыгерлер борборунун эмгек жамааты таң эртен Саламаттык сактоо министрлигинин алдына пикетке чыгышты. Андан кийин министр Батыралиевдин директор Шакировду кызматтан алуу жөнүндө буйругун кубанып кол чаап угушту. Министр аталган дарыгерлер борборуна министрликтин комиссиясы барып арыз-дооматтарды текшергенин билдирди.

Дарыгерлер борборунун кызматкерлери эки айдан бери директордун мыйзамсыз иштери жөнүндө Ѳкмөткө, Башкы прокуратурага, министрликке, айтор, арызданбаган жери калган жок. Алар өздөрүнүн арызында жетекчи тарабынан кызматкерлерден мыйзамсыз акча чогултуу, акча бербегендерди кысымга алуу учурлары болуп жатканын, жүздөн ашык кызматкер мыйзамсыз иштен бошотулганын көрсөтүшкөн. Министр Батыралиев бошотулган директордун ишиндеги коррупциялык көрүнүштөр жөнүндө арыздарды тийиштүү органдар текшерип, жыйынтык чыгара турганын, ар бир факты тыкыр териштирилиши керектигин айтууда.

Айдарбек Шакиров өз кезегинде анын дарегине айтылган сындарды каралоо жана жалаа экенин билдирип жатат.

Кызматтан алынган жетинчи жетекчи

Бул соңку үч ай ичинде Бишкектеги мамлекеттик дарылоо мекемелериндеги иштен алынган жетинчи жетекчи болуп калды. Ѳткөн жылы ноябрь айында бир эле учурда алты директор ар түрдүү себептер менен кызматынан алынган. Алардын төртөө министр иштен туура эмес алды деп соттошуп жатканын айта кетели. Алардын бири, шаардагы №2 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун мурдакы директору Жыргал Касмалиева министр аларды "ойдон чыгарылган негиздер" менен иштен алып, "Эмгек Кодексинин бир нече беренелерин бузду" деп билдирген Би-Би-Сиге.

Кызматтан алынган директорлор менен министрдин ортосундагы тирешүүнүн ак-карасын эми сот карап баштайт. Министрликтин алдындагы коомдук кеңештин мүчөсү Жумакунова Бактыгүл шаарлардагы дарыгерлер борборлорунда жетекчиге байланышкан көйгөйлөр көп болуп жатканын белгилейт.

"Жетекчинин туура эмес, компетентсиз жүргүзгөн саясатынан ушул көйгөй чыгып жатат. Ошондуктан кадрларды, жетекчилерди тандап жатканда, биз абдан кылдат болушубуз керек. Бардык компетентин - укуктук, кесиптик компетенттеринин баарын карап туруп анан жетекчи шайлашыбыз керек",-дейт Бактыгүл.

Прокуратура органдары Бишкекте бир эле Октябрь районундагы үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлорунун жетекчилери бухгалтерия менен биригип алып жең ичинен тогуз миллион сом кымтып алышканын билдирген.

Министр мыйзамсыз алган акчалар

Ошол эле учурда саламаттык сактоо министринин өзүнүн ишине да ЖК тарабынан, башка мамлекеттик органдары тарабынан текшерүүлөр болуп, кадр саясатында да, каржылык маселелерде дагы мыйзам бузуулар бар экенин таап жатышат.

Жогорку Кеңештин жумушчу тобунун иликтөөсүндө Бишкектеги алты дарылоо мекемесинин жетекчилери ишинен туура эмес алынганы, мекеме жетекчилерин аттестациядан өткөрүү мыйзамсыз аракет болгону көрсөтүлгөн.

Ошондой эле министрдин өзү мамлекеттик кызматта тийиштүү стажы жок болсо дагы 30 пайыз кошумча акча алып келгени, эсеп палатасы текшергенден кийин мыйзамсыз алган акчаны кассага кайра төгүп бергени айтылат. (КС)

Тектеш темалар