У. Жылкыбаев: Караколдо дагы бир лыжа базасын куруу аракетин көрүп жатабыз

Караколдогу лыжа базасы Сүрөттүн автордук укугу facebook
Image caption Караколдогу лыжа базасы

Быйылкы жыл Кыргызстанда Аймактарды өнүктүрүү жылы деп жарыяланды. Аймак демекчи, Ысык-Көлдө кышкы эс алуунун шарттарын жакшыртуу, табиятты коргоо сыяктуу маселелер боюнча облус жетекчиси да интернет колдонуучуларына маалымат берди.

Би-Би-Си өкмөттүн аталган облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү Узарбек Жылкыбаевге кайрылып, кышкы туризмди жакшыртууга кандай аракеттер көрүлүп жатканын сурады.

У. Жылкыбаев: Туура айттыңыздар, кышкы туризм жайкыга караганда өтө узак мөөнөткө созулуп, жайкыга салыштырганда кирешеси да кыйла көп болот экен. Караколдо бир эле тоо лыжа базасы бар. Ошол көп жылдан бери иштеп келе жатат. Базанын аркасы менен канчалаган чакан ишканалар, жумушчулар иш менен камсыз болуп жатат. Маселен конок үйлөр, кафелер, лыжанын керек-жарагын убактылуу пайдаланууга бергендер, такси кызматы сыяктууларды айтсак болот.

Сүрөттүн автордук укугу facebook\Ryce Travel Karakol
Image caption У. Жылкыбаев: Караколдо дагы бир лыжа базасын куруу аракетин көрүп жатабыз

Азыркы күндө Караколдо "Карагат" жаңы отели ачылды. Дал ошол ишкерлер дагы бир тоо лыжа базасын курганга жолун салып, электр энергиясын тартып баратат. Жакын арада Швецариядан инвесторлор келип изилдеп башташат. Мындан тышкары тоо лыжа кластери деген план боюнча да инвесторлорду чакырып атабыз, бирок азырынча табыла элек. Көзгө көрүнүктүү болуп дагы бир лыжа базасы салынып калса, башкалар да келет деген үмүттө турабыз.

Би-Би-Си: Жергиликтүү элдин келип аткан меймандарды кабыл алуу, аларга кызмат көрсөтүү маданияты кандай дээнгелде болуп калды деп ойлойсуз?

У. Жылкыбаев: Жылдан-жылга оңолуп атат десек болот. Чолпон-Ата өрөөнүндө мурунку жылдарга салыштырмалуу кичине өзгөрүү бар. Бирок беш кол тең эмес, кээде мыйзам бузуу, ээн баштык боло калып жатат. Кээ бир жагдайларды терс жагынан өзүбүз эле көбүртүп-жабыртып алып атабыз. Бирок акырындап турист кабыл алуу маданияты кыйла өстү деп айта алабыз. Бирок бул мамилеге берилген баа. Эми чыныгы сервис боюнча айтыш оор. Анткени ал жакка инвестициялар зарыл болуп турат. Мен парламентте депутат кезимде да айтып келгем. Бул багытта максаттуу насыя берсек деген ойдомун.

Сүрөттүн автордук укугу official
Image caption Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Узарбек Жылкыбаев

Мисалы конок үйлөрдүн шартын оңдоп, сапаттуу интернет менен камсыздап алсак деген тилек бар. Анын акыбети, кайтарымы сөзсүз болот эле. Бирок азырынча максаттуу чечим кабыл алынбай жатат. Бизде банктар өзүнүн жообун айтып атышат. Алардын айтканына карганда, бизде туризмди өнүктүрүү үчүн насыялар бар. Бирок алардын үстөгү өтө эле оор болуп жатат. Биз жанагы айыл-чарбасына берип жаткандай шарт менен берсек мыкты болмок. Маселен, Ысык-Көл облусун алсак, туризм өнүгүп жаткан жерлерге берсек болот эле да. Бул көп деле каражатты талап кылбайт экен.

Маектин аудиосун бул жерден толук уксаңыз болот

Мисалы 100 миллион сомду бир районго бөлүп, эки-үч жылдык мөөнөт менен берип койсок деле, ишкерлер абдан жакшы кабыл алышат эле. Шарттар бир кыйла оңдолмок. Азыр инфраструктураны жолго коюу боюнча өкмөт иш алып барып жатат. Мына саркынды сууларды тазалоочу жайды алалы. Ушунун баары тейлөөнүн дээңгелине түздөн-түз таасир берет. Мисалы суусу жок болсо кантип тейлөө болот? Учурда бул маселелерге көңүл бурулуп, иш жүрүп жатат.

Быйыл Кыргызстанда Аймактарды өнүктүрүү жылы. Ага шайкеш чакан, орто ишкердикти колдоо, экспортко шарт түзүү, инвестиция тартуу, ирригацияны өнүктүрүү, таза суу менен камсыздоо, транспорттук тейлөөнү жакшыртуу, санарип инфраструктурасын, саламаттык сактоо мекемелерин өнүктүрүү, 2024-жылга бардык облустук бириккен ооруканаларды реконструкциялоо жана кайра жабдуу, билим берүүнүн сапатын арттыруу жана спорттук борборлорду түзүү максаты белгиленди.