Чет өлкөдө окуу: алданып калба, абитуриент

Сүрөттүн автордук укугу usnews.com
Image caption Соңку убакта Кытайга барып окуган кыргыз жаштары көбөйүп жатат.

Кыргызстанда соңку убакта ортомчу фирмалар же компаниялар жаштарды чет өлкөгө окууга чакырып, бирок алдап кеткен учурлар көбөйүп жатат дешет адистер. Ошондуктан Бишкектеги "Перспектив" борбору абитуриенттерге чет өлкөдө окууну сунуш кылган ортомчулар менен мамиле түзүүдө этият болууну эскертүүдө. Аталган борбордун өкүлү Нурсултан Кубановду Би-Би-Си сөзгө тартып, бул проблеманын чыгып жаткан себептерин сурады.

Би-Би-Си: Ортомчу компаниялар жаштарды алдап кеткен же кайсы бир алган милдеттенмелерин аткарбай койгон көрүнүштөр канчалык көп?

Н. Кубанов: Биздин өзүбүздүн билим берүү борборубуз бар. Кытайга студенттерди жөнөтүп иштейбиз. Мына ушундай маселелер менен кайрылган ата-энелер көбөйүүдө. Чынында эле аябай көп кайрылып жатышат ушул маселе боюнча кеңеш сурап.

Мисалдары да көп. Былтыр бир эркек бала менен бир кыз чет өлкөдөгү окуу жайга тапшырып, бирок чакыруу келбей, алардын акчасын алган адамдар качып кеткен учур болду. Алар бизге кайрылды. Бирок, биз эмне кылып жардам бере алабыз.

Келишим түзүш керектигин жана башка шарттарын айтып түшүндүрүп бердик. Мындай кырдаал былтыр абдан күчөдү, тенденция өсүп кетти. Ошол эле учурда чет өлкөдө окууну каалагандар да көбөйүп жатат.

Би-Би-Си: Ошондой ортомчулардын алдамчылык торуна түшүп калбас үчүн абитуриенттер кандай маселелерге олуттуу көңүл бурушу керек?

Н. Кубанов: Биринчиден, чет өлкөгө окууга кетиребиз деп телеканал аркылуу берилген жарнамалардан алданып калган учурлар болуп жатат. Экинчиден, ошондой орточу компанияларга барганда сөзсүз түрдө анын лицензиясын, юстиция органдарындагы каттоо күбөлүгүн сураш керек. Анын канча жылдан бери иштеп жатканын, кандай иштегенин такташ керек. Ар бир жаран ошол компания жөнүндө мүмкүн болушунча көп маалымат алганга аракет кылганы абзел. Жарнама берип жаткан компания ар бир жаранга ал кызыккан маалыматты так жана туура бергенге милдеттүү.

Мисалы, Европа өлкөлөрүнө жөнөтүп жатса, ал жакта мурда кеткендер окуп жатабы, жатаканасы барбы, башка шарттары кандай, аны сурап, керек болсо тийиштүү университеттин өзүнө чейин чыгып, бардык маалыматты тактап текшерип алган оң.

Сөзсүз түрдө келишим түзүп, анда өзүнүн укуктарын максималдуу түрдө коргоп алуу зарыл.

Би-Би-Си: Чет өлкөдө окуунун мүмкүнчүлүктөрү жана шарттары жөнүндө абитуриенттерге пайдалуу болгон кандай маалымат булактары бар?

Н. Кубанов: Андай маалымат булактары жок. Мен өзүм студент болуп жүргөндө көрө алган эмесмин. Азыр деле жок. Гранттык программалар чыкканда ага арыз кандай берилет, кандай документтер керек, бул боюнча маалыматтар чыгат.

Бирок бизде туруктуу түрдө маалымат жана кеңеш берген өзүнчө институт жок. Чет өлкөдө окуйм деген балдар менен иштеген өзүнчө бир институт керек деп ойлойм.

Тектеш темалар