Назарбаев-Трамп жолугушуусу: “АКШнын Борбор Азияга мамилеси өзгөрүп жатат”

Нурсултан Назарбаев менен Дональд Трамп шейшембиде жолукту Сүрөттүн автордук укугу GETTY IMAGES
Image caption Нурсултан Назарбаев менен Дональд Трамп шейшембиде жолукту

Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаевдин АКШдагы расмий иш сапары уланууда. Ал кечээ Дональд Трамп менен жолукту. Анын алдында “Ак үй” негизги каралчу маселе коопсуздук жана экономикалык кызматташтык болоорун айткан.

Жаңы С5+1 диалог форматынын маанисин белгилеген Назарбаев АКШ менен Россиянын мамилесинин начарлап кеткенине токтолду.

АКШда бизнес чөйрөсү менен тегерек үстөлдө 7,5 млрд долларлык келишимге кол коюшарын белгиледи.

Трамп болсо эки мамлекеттин ийгиликтүү экономикалык кызматташтыгын белгилеп, Назарбаев урмат сыйга ээ экенин айтып өттү.

Бул дипломатиялык мамиле тууралуу Би-Би-Си саясатчы Равшан Жээнбеков менен маектешти. Ага адегенде дипломаттар белгилегендей бул жолугушуу алдыдагы чоң кызматташтыктын башталышы болуп калды, айрыкча Казакстан үчүн, ал эми АКШга Казакстан эмнеси менен маанилүү деп сурады.

Равшан Жээнбеков: Акыркы убактарда Американын Борбор Азиядагы саясатында өзгөрүүлөр пайда боло баштады. Ал бир гана Борбор Азия мамлекеттерине эмес, АКШ менен Россиянын мамилесине байланыштуу.

Россиянын бүгүнкү күндө Борбор Азияга таасири Батышка, АКШга кандайдыр бир деңгээлде жакпайт.

Мына ошондуктан АКШ азыр С5+1 деген Борбор Азия боюнча жаңы программа иштеп чыкты. Бул боюнча жакында АКШнын мамкатчысы Рекс Тиллерсон менен жолугушуу болду. Батыш мамлекеттеринен Евробиримдиктин тышкы саясат боюнча жогорку өкүлү Федерика Могерини регионго келип, тышкы иштер министрлери менен жолугуп кетти.

Алар Борбор Азияда Россиянын үстөмдүгүн колдон келишинче токтотконго жана өздөрүнүн мамилесин активдештиргенге аракет кылууда.

Сүрөттүн автордук укугу GETTY IMAGES
Image caption Маалымат каражаттары эки президент коопсуздук жана экономикалык маселеге көңүл бурганын белгилешти

Ал эми кечээги жолушуу Казакстандын эмес, менин көз карашымча, Американын демилгеси.

Прогрессивдүү, жаштары Батыш менен мамиле түзүүгө умтулган мамлекет катарында биринчи Казакстан менен мамиле түзүүдөн баштайлы деген аракети деп түшүнөм.

Би-Би-Си: АКШнын азыр Афганистан менен Пакистандагы кызыкчылыгы мурдагыдай эмес. АКШ ушул нерседен улам Борбор Азияга артыкчылык бериши мүмкүнбү?

Равшан Жээнбеков: Мен башында айткандай, эң негизги себеби Россиянын Борбор Азияга таасири. Ал жакшы же терс таасири болушу мүмкүн.

Андан сырткары Борбор Азия АКШ жакшы мамиле куралбай жаткан Россия менен Кытайдын ортосунда турат. Ал кандайдыр бир демократиялык аймак катары эсептелет. Ошондуктан Кытай, Россия менен мамиле кылууда Батыш, Америка Борбор Азияга көңүл буруш керек болот.

Афганистан менен Пакистандын да АКШнын саясатында чоң орду бар. Бирок Борбор Азияга көңүл бурдуруп жатканы АКШ менен Россиянын кескин начарлаган мамилеси.

Би-Би-Си: Советтер союзунда ири мамлекет катары Өзбекстандын орду чоң эле, эгемендүүлүк жылдары Казакстан региондун лидери болуп чыга келди, айрыкча экономикалык лидер катары саналат. Назарбаев Трамп менен жолугушууда Борбор Азиянын өкүлү катары да келгенин айтты. Өзбекстан дүйнөгө кайрадан ачылып жатканын эске алганда бул коңшу эки өлкөнүн бири-бирине карата орду кандай болот?

Равшан Жээнбеков: Экономикалык жагынан карасак, Өзбекстандын потенциалы Казакстандыкынан кем эмес. Кайсы бир деңгээлде алардан жогору деп айтсак да болот. Анткени Өзбекстанда Казакстанга караганда күчтүү өнөр-жай, күчтүү айыл чарба бар.

Казакстанда ал жокко эсе. Казакстандын бюджети негизинен металл менен минералдык байлыктардын эсебинен түзүлүүдө. Ал эми Өзбекстандын бюджетинин киреше бөлүгү газ, мунай, ошону менен бирге жогоруда аталгандардан турат.

Интеллект же ачыктык жагынан Казакстан бир топ алдыда. Назарбаевдин Борбор Азиянын өкүлү катары келдим деген сөзүнүнүн символикалык мааниси бар.

Биздин тил менен айтканда, ал региондо аксакал президент болуп калды.

Балким Трамп же АКШ да ушул мааниде мамилени Назарбаевден баштайлы деген болушу мүмкүн.

Эки өлкө бири-бирине атаандаш болот деп деле ойлобойм.