Дүйнөлүк банк: Кыргызстанда жакырчылык эки эсе азайды

Статистика комитетинин эсебинде учурда калктын 25% жакыр. Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Статистика комитетинин эсебинде учурда калктын 25% жакыр.

Дүйнөлүк банктын Борбор Азия боюнча вице-президенти Сирил Мюллердин айтымында, Кыргызстанда эгемендик жылдары жакырчылыктын деңгээли эки эсе азайган.

Бул көрсөткүч "дүйнө өлкөлөрүндөгү жакырчылыктын деңгээлин аныктоо" деген методологиянын алкагында жүргүзүлүп, анын ичине Кыргызстан да кошулган.

"Эгерде 2000-жылдардагы жана бүгүнкү күндөгү жакырчылыктын деңгээлин салыштыра турган болсок, анда жакыр жашаган жарандар чындыгында бир топ азайганын көрсөк болот. Дүйнөдөгү жакырчылыкты аныктоодо биз күнүнө 2,5 долларга жашаган кишилердин саны канчалык аз же көп экенине көңүл бурабыз. Бул методикага таянып иликтегенде, Кыргызстанда 2005-жылы жакырчылык деңгээли 60%дан жогору болгон. Ал эми 2015-жылы бул көрсөткүч 31% болгон. Андыктан өлкөдө жакырчылык 2 эсе азайды деп так айта алабыз", - дейт Дүйнөлүк банктын Бишкектеги өкүлчүлүгүнүн коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн адиси Динара Акматбекова.

Жөнөкөй тил менен айтканда, Дүйнөлүк банк күнүнө 2,5 доллардан аз акчага жашаган адам жакыр катмарды түзөт деп эсептейт. Демек акыркы он жылда Кыргызстанда күнүнө эки жүз сомдон жогорку акча короткондордун саны өскөн.

Статистика комитетинин эсебинде болсо учурда калктын 25% жакырчылык деңгээлинен төмөн жашайт. Муну аныктоо үчүн ар кайсы аймактан тандалган 5 миңден ашык үй-бүлөнүн айлык кирешеси эске алынган.

Сүрөттүн автордук укугу Gattyimages
Image caption Кыргызстан Борбор Азияда Тажикстандан кийинки орунда турган жакыр өлкө.

"Соңку жылдары кедейчилик боюнча маалымат салыштырмалуу динамикалуу. 2000-жылдары кедейчилик деңгээли 62,6% болсо, ал бүгүнкү күнү 25%га төмөндөгөн. Жакырчылыкты өлчөө бизде туруктуу жүргүзүлөт. Ага мамлекеттик бюджеттен каржыланган жумушчу күчтөрүн жана үй чарбаларынын бюджеттерин тандалма интеграциялык изилдөө аркылуу аныкталат. Бул иликтөө шаар жана айыл жергесин кошуп, бардык аймактарда өтөт", - дейт Улуттук статистика комитенинин кызматкери Ырыскан Калымбетова.

Дегени менен дагы деле миллионго чукул адам кедей-кембагалдардын тизмегинде. Алардын ичинен төрт жүз миңге жакыны карандай чай менен нан жеп отуруп калгандар. Облустар боюнча өтө жакыр Баткен аймагы болуп саналат. Аталган облуста экономикалык, социалдык жашоо-тиричилик көйгөйүнөн улам жакырлардын саны көбөйүп, калктын 54% түзгөн. Жакырчылыктын көрсөткүчү боюнча кийинки орундарда Жалал-Абад, Нарын, Ош, Ысык-Көл турат. Талас жана Чүй облусунда калктын 21-24 % гана жакыр жашайт.

"Бизге жардам сурап кайрылган жакыр үй-бүлөлөрдүн саны азайбай келет. Андан сырткары чет өлкөгө жумуш издеп кеткендердин да арты суюлбай келет. Айыл жергелеринде жумуш жок. Андыктан жакырчылык, сабатсыздык менен дале болсо тынымсыз күрөшүү керек", - деди Би-Би-Сиге "Элим, барсыңбы?" кайрымдуулук фондунун жетекчиси Хабиб Арзыкулов.

Буга чейин дүйнөлүк аналитикалык борборлордун бири жүргүзгөн изилдөө боюнча Кыргызстан Борбор Азияда Тажикстандан кийинки орунда турган жакыр өлкө деп аталган. Бирок расмийлер жакырчылык жыл сайын төмөндөп жатканын билдирип келет.

Тектеш темалар