Бабанов БШКга арызын жазды

Бабанов парламенттеги "Республика Ата Журт" фракция жетекчилигинен да өз эрки менен кеткен Сүрөттүн автордук укугу official
Image caption Бабанов парламенттеги "Республика Ата Журт" фракция жетекчилигинен да өз эрки менен кеткен

Бабановдун депутаттык мандатын тапшыруу боюнча юридикалык жактан күбөлөндөрүлгөн арызы БШКга келип түштү. Боршайкомдун жумушчу тобу учурда ал арызды кароого киришти.

Буга чейинки Бабановдун бул тууралуу арызын БШК мыйзамдарга ылайык "арызды депутат өзү келип берип же күбөлөндөрүшү керек"деген жүйөө менен четке каккан.

"Саясаттан четтейм"

Президенттик шайлоодон кийин өлкөдөн чыгып кеткен "Республика" партиясынын лидери Өмүрбек Бабанов жергиликтүү ММКда ал тууралуу чыккан макалаларга жооп кылып, аны ар кыл саясий оюндарга аралаштырбоону суранган кайрылуу жолдоду.

"Тилекке каршы кээ бирөөлөр учурдан пайдаланып, жалган маалыматтарды таркатуу менен өздөрүнүн аттарын чыгарып жатышат. Бүгүн болсо "Де-Факто" гезити дагы калп маалымат жазып, аны башка сайттар дагы чыгарышты. "Де-Факто" гезитин макаласын дагы төгүндүккө чыгарууну сурайм", -деп жазды 15-январда Бабанов "Фейсбук" социалдык желесиндеги баракчада.

Дүйшөмбүдө аталган гезит Бабанов Москвада экс-президенттин иниси Жаныш Бакиев жана Ош шаарынын бозгундагы мурунку мэри Мелисбек Мырзакматов менен жолугушканын жазып чыккан.

"Де-Факто" гезити бул маалыматтарды кайсы булактарга таянып жазгандыгы тууралуу тактаган жок.

Ал кайрылуусунда Бабанов ошондой эле, дагы бир ирээт саясаттан четтей турганын кайталады.

"Мен саясатта болбой турганымды айтканмын, ушул элимдин алдында айтылган сөзгө турам"- делет ал кайрылууда.

Депутаттык мандаттан ажыратуу тартиби

Бабанов ушуну менен БШКга парламенттен кетүү тууралуу экинчи арызын жазып отурат.

БШК Бабановдун Жогорку Кеңештин депутаттык мандатынан баш тартуу жөнүндөгу буга чейинки арызын, күбөлөндүрүлгөн эмес деп, кабыл алган эмес.

Мыйзамдарга ылайык парламент депутатын мандатынан ажыратуу ал жеке арыз менен кайрылса; бир сессиянын ичинде 30 календардык жумушчу күндү калтырса; туруктуу жашаган жерин өзгөртүп, өлкө аймагына чыгып кетсе; башка өлкөнун жарандыгын алса, соттун айыптоочу өкүмү күчүнө кирсе мандаттан ажыратууга негиз болот.

"БШК арыз 18-январда туштү. Бабанов боюнча чечим бат эле кабыл алынышы мүмкүн. Эгерде кошумча изилдөө, тактоолорду талап кылынса бир топ убакытты да талап кылышы да мүмкүн", -деди Би-Би-Сиге Боршакойм өкүлү Абдыжапар Бекматов.

УКМК: Бабановго карата тергөө бүтө элек

Ал арада Бабановго карата президенттик шайлоо өнөктүгүндө кылмыш иши кайсыл стадияга жеткени да бүдөмүк.

УКМКнын басма сөз кызматынан Рахат Сулайманов Бабановго карата иш тергелип жатканын гана айтып, тим болду.

Башкы прокуратура 4-ноябрда "Республика-Ата-Журт" фракциясынын лидери, депутат Өмүрбек Бабановго карата Кылмыш-жаза кодексинин 297-беренесинин биринчи бөлүгү - "Конституциялык түзүлүштү күч менен алмаштырууга ачык чакыруу", 299-берененин биринчи бөлүгү - "Улут аралык, расалык жана диний кастыкты козутуу" боюнча иш козгоп, УКМКга өткөрүп берген.

Бабанов өзүнө коюлган айыптарды четке кагып келет.

2017-жылы 15-октябрда өткөн шайлоодо өлкөдөгү эң бай адамдардын бири Өмурбек Бабанов, бийлик талапкери, шайлоодо жеңген Сооронбай Жээнбековдун негизги атаандашы болгон.