Карылар үйүнө алып келген жол - жандүйнө жалгыздыгы

Байбиче Сүрөттүн автордук укугу DIMITAR DILKOFF/AFP/Getty Images

Жакында эле британдык бийлик жалгыздык көйгөйү өкмөттүн көңүл буруусуна муктаж маселеге айланганын моюнуна алды. Эми муну менен алектенүү үчүн өкмөт атайын өкүлүн дайындады.

2017-жылы атайын иликтөө жарыяланган. Анда жалгыздыктан жабыркоонун ден соолукка тийгизген зыяны күнүнө 15 даана тамеки тартканга барабар деп көрсөтүлөт. Болжолу бүтүндөй Англия боюнча курагы 75 жаштан өйдө эки миллионго чукул киши жалгыз жашайт.

Ал эми мындай көйгөйгө анчейин маани бербеген Кыргызстанда жагдай кандай?

Би-би-си менен маегинде Бишкектеги карылар үйүнүн биринде күн кечирип жаткан Нил Абдулин улгайган курактагы жалгыздыктан улам үй-бүлөсүнөн обочолонуп калып, карылар үйүнө келгендер саны көп экенин айтып берди. (Каарманыбыз уул-кызыма сөз тийбесин деп, аты-жөнүн өзгөртүп берүүнү жана сүрөткө тартпоону өтүнгөн).

Нил Абдулин: Жалгыздык дегенде - үйүндө жалгыз калган экен деп түшүнбөш керек. Бизде азыр карылар үйүнө көбү руханий жалгыздыктан улам келишет. Өзүнчө кобурашып сүйлөшүп калганда, тагдырын айтып калышат да. Бир эле мисал айтайын, бизде бир абышка бар. Байбичеси көз жумгандан кийин кичүү баласынын үйүнө шаарга келген экен. Эрте менен уулу жумушка кетет, кечинде келет. Оңдуу деле сүйлөшпөйт экен. Келини болсо тамагын берет, кир-когун жууйт. Бирок ал үйдө ага көңүл бөлгөн жан жок. Баары эле жакшы, тамагы бар, кийими бүтүн. Бирок ушундай жалгыздыктан кыйналганда өзү курактуу сүйлөшө турган кишилерди издеп, карылар үйүнө келе бериптир. Кийин кайра кетпей койду. Өзүмдөн улам деле билем, карыган кезде киши көңүл бурууга муктаж болуп калат экен. Андай болбосо ооруга жолугасың, өзүндү-өзүң жейсиң.

Би-би-си: Сиз кандай тагдыр менен келип калдыңыз эле?

Сүрөттүн автордук укугу Rufat ergeshov

Нил Абдулин: Мурда инженер болуп жакшы жумуштарда иштедик, балдарга жакшы билим бердик. Кыргызстанда жумуш жок калганда балдар сыртка кетти. Кызым Италияда, балам болсо Сан-Марино деген жерде иштеп жүрүшөт. Байбичем каза тапкандан кийин өзүм эле карылар үйүнө келгем.

Би-би-си: Балдар кабарлашып турабы? Алып кетели, биз менен жүрүңүз деп айтышабы?

Нил Абдулин: Телефондон сүйлөшүп турабыз. Мен аларды такыр күнөөлөбөйм. Биз менен жашаңыз деп көп айтышат. Бирок ал жакка барганда эмне? Алар өз түйшүгү менен алек, барганда ошол эле жалгыздык башка түшөт да. Бөтөн жерде же тил билбесең, кыйналып кетем деп эле барган жокмун.

Би-би-си: Карылар үйүндөгү карыялар тууралуу сөз кылганда, балдары таштап кетиптир деген түшүнүк болчу да. Сиз болсо жандүйнө жалгыздыгы тууралуу айтканыңыз кызык болду.

Нил Абдулин: Кары киши эмнеге муктаж. Көңүл бурууга муктаж. Алардын ушул абалын сезип, кобурашып, көңүлүн алып койсо эле кулпуруп калмак. Оору-сыркоо дагы ушундан келет экен. Биз ушуга маани беришбиз керек. Ызы-чуунун арасында жүрүп, өзүңдү жалгыз керексиз сезгенде, оору да бат таап алат экен. Ошон үчүн өзүңдү санаадан арылта турган ыкмалар керек экен. Мурда унаа кырсыгына кабылып, саламаттыгыма чоң зыяны тийген. Ошондон киийн йога көнүгүүлөрү менен машыгып баштагам. Азырга чейин бул ыкма мени алектенем. Башка дене көнүгүүлөрүн дагы кылып турам. Мисалы, жапондук, корейлик дене көнүгүүлөрү бар да. Кадимкидей сергип, жеңилдеп калам.

Би-би-си: Карылар үйүндө ошондой карыялардын дартын угуп, сүйлөшкөн адистер болобу?

Нил Абдулин: Эки адис бар, бирөөсү психолог, экинчиси жардамчысы. Кеп-кеңеш берип турат. Бирок эми ар ким ар кандай кабыл алат да аларды. Кээси психолог десе, акылдан айныгандардын дарыгери деп ойлоп, жаман кабыл алгандары да бар. Негизгиси бири-бирине дартын айтып, бөксөрүп алышат. Айылдан келгендер алгачкы айларда түнт болуп жүрүп, кийин көнүп кетишет. Ал эми кишинин мүнөзүнө жараша экен. Тамак-ашы, тартибине көнбөй жүрүп анан ыңгайлашып кетишет. (AbA)

Тектеш темалар