Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан унаа жолунун Кыргызстанга пайдасы менен зыяны

1998-жылдагы келишим иштей баштаса Кашкардан Кыргызстан гана эмес, Өзбекстан да жүк алып чыгып калышы мүмкүн Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption 1998-жылдагы келишим иштей баштаса Кашкардан Кыргызстан гана эмес, Өзбекстан да жүк алып чыгып калышы мүмкүн

Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан жүк ташуучу унаа жолу боюнча Ташкентте 24-25 январда үч тараптуу сүйлөшүү өтөт. Кыргызстандын делегациясы анын алдында кечээ өзбек тарап менен жолугушту. Кыргызстан өз аймагы аркылуу жүк алып өтүүгө кандай шарт менен макул болууда?

Келишим иштесе Өзбекстан Кыргызстан аркылуу Кытайдан жүк ташый алат, ошондой эле Кытайга жеткирет. Бул көбүүрөөк Өзбекстандын кызыкчылыгында дешет айрым адистер.

Жол долбоорлору боюнча 2017-жылдын октябрь айында өткөн президенттердин сүйлөшүүсүнөн кийин бир нече жолугушуулар өтүүдө.

Жүк ташуу маршрутунда үч өлкөгө бирдей шарт

22-январда Кыргызстандын делегациясы өзбек тарап менен кезикти.

Унаа жана жолдор министрлигинин маалыматында, үч өлкө жүктү бирдей көлөмдө ташыйт.

Министрликке караган унаа жолдорго жоопкер агенттиктин директор орун басары Максат Жумабаев Кыргызстан өз жүк ташуучуларынын кызыкчылыгын коргогон талаптарды коюп жатканын айтты:

Жабдыгыңыз медианын бул түрүн ойнотууга ылайыктуу эмес.
Жаңы Жибек Жолу

“Үчүнчү өлкөнүн товарларын да Өзбекстанга киргизүү шартын коюп жатабыз. Мисалы, Казакстандан биздин жүк ташуучулар Ташкентке жүк алса, аны Кыргызстанга түшүрбөй алып баруу. Бул дагы биздикилерге кошумча жумуш. Андан сырткары Өзбекстанда Кыргызстанга салыштырмалуу жолдо алынган төлөмдөр көп, аны жеңилдетүүнү сурап жатабыз. Ошондой эле эки тараптуу келишим менен жүк Ташкентке жетпей, Ангрен ашуусу менен Анжиян, Ферганага чейин барып жүрсө андан ары өткөрөлү деп жатабыз”.

Жумабаев Кыргызстан-Өзбекстан арасындагы эки тараптуу келишимдин шарттарын толук иштетүүнү да талап кылып жатышкан белгилөөдө.

Кыргыз жүк ташуучулары ортомчулук ролун жоготот

Өзбекстанга, Кытайга каттаган кыргыз жүк ташуучулары алардын таап жаткан “нанын” бөлүп кетишет деген кабатырлануусун билдирип келишти.

Кытайга үчүнчү өлкө кире албаганы кыргызстандык жүк ташуучулар үчүн артыкчылык болчу.

Smart Business Solutions Central Asia консалтинг компаниясынын директорунун орун басары Марат Мүсүралиев жүк ташуучулар буга кабатыр экенин кошумчалап, эксперттик байкоолорун бөлүштү.

Ал Кыргызстан унааларынын Өзбекстанга оңой киришине ишенбейт, кирсе да укуктары чектелүү болот, андыктан шартты азыртан катуу коюш керек дейт:

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Кыргызстан Өзбекстан менен сүйлөшүүдө адам ташыган каттамдарды жандантууну да талкуулады

“Келишим менен Өзбекстандан Кыргызстанга жана Кыргызстандан аларга бирдей сандагы унаа кириши мүмкүн. Бирок Өзбекстандын максаты Кашкардан жүктү түздөн түз өзү алып өтүү. Азыр анын көбүн Кыргызстан алып чыгат. Кыргызстан анда транзит гана болуп калат, карызга курган Ош-Эркештам жолу талкаланып бүтөт, акчасын болсо биз төлөйбүз”.

Мүсүралиев Кытай менен Кыргызстандын ортосундагы эки тараптуу жүк ташууну мисал келтирүүдө. Эки өлкөдөн бири бирине жылына 18 миң машина өтөт.

Ал унаа саны бирдей бекитилген менен чек арадан кирүү аралыгында Кыргызстан уттуруп жатканына көңүл бурду:

“Торугарт-Кашкар 160 чакырым, ал эми Торугарт-Бишкек 540 чакырым. Биз Кытайга 160 чакырым гана кире алабыз, алар болсо 540 чакырым кирип келет. Анда аралык да тең болуш керек. Эркештам-Кашкар 215 чакырым, Эркештам-Ош 280 чакырым. Кытайдын унаалары Ошко жетип токтобой, кен үчүн Чаткалга, Баткенге кирип, Тажикистанга чейин өтүп кетет. Бирок күнөө аларда эмес, тартипти катуу карабаган бизде”.

Мүсүралиев Өзбекстан Кытайдан товарды өзү алып чыгып калса, кур дегенде жолго акы алууну сунуштоодо.

Кыргызстандын жүк ташуучулар ассоциациясынын директору Темирбек Шабданалиев Кытай менен Өзбекстандын ортосундагы жүк үч өлкөнүн айдоочуларына тең бөлүнүп, кыргыздардын ташучу жүгү азайып каларын тастыктады.

Image caption Максат Жумабаев Ташкенттеги сүйлөшүүлөрдө үч өлкө өз кызыкчылыгын коргойт дейт

Кыргызстан транзиттен пайда табууга үмүт артууда

Шабданалиев бирок транзиттик аймак болуп жаткан Кыргызстанга түшчү башка пайдаларды көз жаздымда калтырбаш керек деп эсептейт:

“Эки тарапка көп көлөмдөгү жүк өтсө, бизде жумушчу орундары пайда болот. Жол боюндагы инфраструктура өнүгөт. Кафе, ресторан, май куйган түйүндөр, жүк жүктөө же түшүрүүнүн баары Кыргызстандын аймагында болсо, мамлекеттин экономикасына абдан чоң салым кошулат. Ошондой эле Эркештам ашуусу чакан гана болуп келген болсо, эми жүк көбүрөөк өтө баштады. Ал чоң соода дарбазасына айланса, Тажикистанга, Иранга жүк ташуу мүмкүнчүлүгү ачылат”.

Шабданалиев эки тараптуу келишим менен Кыргызстан айдоочулары Өзбекстандын Анжиян, Фергана аймактарына да кенен кире албай келгенин айтты. Бул көрүнүш азыр салыштырмалуу жеңилдеди.

Өзбекстандан Кыргызстанга жашылча-жемиш жеңилирээк чыгып калды. Ал эми Өзбекстанга көбүнчө кыргыз катошкасы жеткирилип жатат.

Кытай менен Өзбекстандын кызыкчылыгы

Өзбекстан Кытайга кире албаган менен, медиадагы маалыматтарга караганда, учурунда өзгөчө статус менен Гүлнара Каримованын фирмасы иштеп турган. Азыр эми ал токтоп калды деген маалымат бар.

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Торугарттагы Кытай-Кыргызстан чек ара өткөрмө бекети

Темирбек Шабданалиевдин айтымында, Кытайга Өзбекстандын мунайы кетмек, буга Кытай кызыкдар. Ал эми Өзбекстан Кытайдан товардын көптөгөн түрүн арзан алып келмек.

Андан сырткары Кытай аркылуу башка өлкөлөрдүн жүгүн да өзүнө жеткирүү кызыкчылыгы бар.

“Түштүк Кореянын Daewoo компаниясынан айына 2000 контейнер Анжияндагы автомобиль кураган заводго келет экен. Алар бүгүнкү күнү башка мамлекеттер аркылуу айланып келет. Кытайдын Кашкары менен биз аркылуу өткөрсө, 350 чакырым жүрүп, убактысы да аз, чакырымы да Анжиян үчүн 1500 чакырымга кыскарат экен”, - деди Шабданалиев Би-Би-Сиге.

Өткөн жылдын аягында Ташкент-Анжиян-Ош-Эркештам-Кашкар жолунан жүк ташуучу унаалар сыноо катары өткөрүлгөн.

Анда үч өлкөнүн жүк ташуучу унаалары катышкан. Кытай менен Өзбекстан бири-биринин аймагына жаңы кирсе, Кыргызстан айдоочулары биринчи жолу Ташкентке барган.

Эскперттер Кытай жүгүн эки өлкөгө бөлүшүп жаткан Кыргызстан транзиттеги жана Ташкентке кирүүдөгү укуктарына бекем болуш керек деген пикирде.

Кыргыз өкмөтү 1998-жылы кабыл алынган бул боюнча келишимди аткаруу милдеттенмесин да эске алууда.

Тема боюнча башка макалалар