ЖК депутаттары айылынын өкүлүбү же элдикиби?

ЖК депутаттары айылынын өкүлүбү же элдикиби?

Жогорку Кеңештин трибунасынан депутаттар өзү туулган жердин социалдык, экономикалык көйгөйлөрүн көп айтышат. Партиялык система менен шайлангандыктан алар өз аймагына гана көңүл бурбаш керек деген сындар айтылууда.

Бул талкуу депутаттардын өздөрүнүн арасында башталды. Эл өкүлдөрүнүн бири он депутат чыккан райондун кыштоолоруна чейин жолу оңдолуп, депутат чыкпаган райондун мектеби кулаганы турат деди.

Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев кайсы районго барганын коомдук тармактарга чыгарып турат.

Айтымында ар районго барып, угуп келген көйгөйлөрдү парламентте көтөрүүдө.

Молдалиев: күч тармагын парламент деполитизациялаш керек

Акаевдин белгилешинче, башка районго барганда эл кайра жакшы кабыл алат. Анткени депутаттардын басымдуусу бир жерге байланган менен “меники” деп бөлүнүү бийликке караганда эл арасында азыраак.

“Депутаттарды көп учурда өзүнүкүнөн башка аймактар кызыктырбайт. Эртең шайлоо болсо, районуңан беш миң добуш аласың деген жазылбаган талап бар. Баарыбир ошол жерге барам деп, беш жыл ичинде беш миң добуш табуунун аргасы менен иштешет. Дал ушул бөлүнүп-жарылуу болбосун деген максатта азыркы партиялык шайлоо системасы киргизилген. Бирок бул өзүн актаган жок. Анткен менен абал трагедиялуу дебейм, анткени депутат өкүлчүлүк милдетин өз жеринде болсо да аткарып жатат”, - деди Би-Би-Сиге Жанар Акаев.

Image caption Депутаттар Жогорку Кеңеште өзү чоңойгон аймактын көйгөйлөрүн көтөрүүнү адат кылышкан

Ал башка айылга барганда ошол жерде өскөн депутат тарабынан кызганууну байкаган.

Ошто жашаган саясат талдоочу Төлөгөн Келдибаевден депутаттар аймактардын кандай жумуштарын бүтүрүп жатканын сурадык.

Ал мектептерди, жол, көпүрөлөрдү бай депутаттар добуш чогултуу максатында чөнтөгүнөн куруп жатканын белгиледи. Келдибаев эл өкүлдөрү бир жолку жардамды бербей, баарына зарыл маселелерди системалуу чечсе болмок деген оюн бөлүштү.

“Жогорку Кеңештин депутаттары айылдык кеңештин депутаттарынын деңгээлиндеги маселелер менен чектелип жатат. Бүт жерге зыяны тийген мыйзамдар, токтомдор, андагы башаламандыктар, коррупциялык схемалар менен иштешсе болмок. Бир айылга барып футбол өткөргөндөн көрө ошондой бир маселени чечип койсо, жалпы кыргыз элине чоң иш кылган болушаар эле”, - деди Келдибаев.

Депутаттар кимдин маселесин көтөрүш керек деген суроо шайлоо системасы тууралуу талкууга барып такалат.

Image caption Саясат талдоочу Төлөгөн Бердибаев депутаттар жол жана башка курулуштары өз чөнтөгүнөн бүтүрөт дейт

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, экс-юстиция министри Марат Кайыпов партиялык система менен шайлоодо мандем бар экени көрүндү дейт:

“Партиялык тизме менен келгенден кийин ар бир партия өзүнүн программасын аткарат. Фракциянын саясатын, анын лидеринин тапшырмасын, каалоосун ишке ашырып жатышат. Партиялык тизме менен шайлоого барганыбыздын кемчилиги ушундан көрүнүп турат. Ар кандай партияга киргендиктен кээ бир райондордон депутат көп. Айрымдарынан такыр жок. Ошондуктан көп башка мамлекеттердегидей аралаш системага барышыбыз керек”.

Кайыпов кийинки шайлоону ойлоп, ар кимдин өзү туулган жери менен иштөөсү мыйзам ченемдүү болуп калды дейт.

Саясат таануучу, Жапонияда жашап келген Сейтек Качкынбай дагы аралаш системаны колдойт. Ал депутаттардын 70 пайызы партия менен, 30 пайызы бир мандаттуу округ менен келсе деген ойду айтууда.

“70-30 менен аралаш болсо жакшы болмок. Бирок андай болбосо азыркыдай жол-жоболорун дагы тактап жазыш керек. Ким депутат боло алат, ал депутат кайсы аймактарга жооп берет, тизмедеги киши гана премьер-минстр, министр жана орун басары болот деген көрсөтүлүш керек”, - деген Сейтек Качкынбай Жапонияда да аралаш система менен шайлоо өтөөрүн кошумчалады.

Жогорку Кеңештин депутаттары мурда бир мандаттуу округдан мажоритардык система менен шайланчу. Азыр пропорционалдык система менен партиялык тизме аркылуу тандалууда.

Жаңы системанын кемчиликтери оркоюп чыкканда преференциялык шайлоо системасын сунушташкан. Анда азыркыдай эле тизме болот, бирок аны партия жетекчиси өзү билип түзбөстөн, талапкерлердин добуш алганына жараша тизмеге коюлат.

Тема боюнча башка макалалар