Балдар жомокко эмне үчүн кызыгаарын билесизби?

С. Рысбаев: Жомок ар бирибизде жашайт, биз жомоктун арасында жашап жүрөбүз
Image caption С. Рысбаев: Жомок ар бирибизде жашайт, биз жомоктун арасында жашап жүрөбүз

Педагогика илимдеринин доктору, профессор, белгилүү балдар жазуучусу Сулайман Рысбаевдин "Сөз жөнүндө" деп аталган жаңы китеби жарык көрдү.

Би-Би-Си жазуучуга кайрылып, соңку китептин негизги мазумуну жана маңызы тууралуу суроо узатты.

С. Рысбаев: Бир тарапка жөөлөшүп кетип баратып эле жеткиче блокнотума жазып жүрүп отурдум. Анан таң калдым, "бул эмнеден улам келип атат"деп. Көрсө, эгер мен төкмө болсом ошол жерден төгүлүп эле кетмекмин го деп ойлоп койдум. Жазбай коюуга болгон жок. Ошондон улам "Сөз адамдын маданияты", "Сөз элдик педогогиканын феномени", "Сөз табияты табышмак", "Биз маданияттуубуз, а сүйлөө маданиятыбыз кандай?" жана башка этюддарды биринин артынан бирин жаздым. Көп адамдардын сөзүн карап турсаң, башкача ширин, башкача энергия келет.

Этюддун биринчи сүйлөмү ушул: "Баардык эле адамдар сүйлөп тургансыйт. Бирок сөз билген адам сүйлөгөндө, ал ырдап жаткансыйт"-дегендей. Сөзгө маани бербейт экенбиз, байкабайт экенбиз. Мына ошондон улам бата сөзүнүн да маанисин унутуп баратыптырбыз. Өзгөчө Бишкек, Чүй аймагы сөзгө көп маани бербей баратканыбызды баамдадым. Салижан Жигитов айткандай, учурда үлгү текстер аба менен суудай зарыл.

"Замана ооруп турганда, мендеги кайдан ден соолук"

Би-Би-Си: Илим менен катар эле балдар адабиятын да кошо ала жүрөсүз. Балдар адабиятынын бүгүнкү абалына кандай деп баа берет элеңиз?

С. Рысбаев: Балдар адабияты Расул Гамзатов айткандай, "Замана ооруп турганда, мендеги кайдан ден соолук" деген абалда.

Элибиз китеп окуу маданиятынан сыртта калып, кайра кайрылып келе албай жаткан убакта, балдар адабияты да ооруп турат. СССР учурунда бир жылда балдар үчүн 70 наамдан кем эмес китептер чыкчу. Ата мекендик, чет элдик жазуучулардын китептери, жомоктор, котормолор. Азыр жазуучулар, акындар жазганыбыз менен чыкпайт, жетишпей атат. Мисалы, так айтканда 1-класска 60 миңден кем эмес кыргыз баласы кирет. 7-класска чейин китепке суусап тургандарды эле алганда, жомоксуз, аңгемесиз жарым миллион балага көп болсо 200-300 нуска менен китеп чыгарабыз. Кантип жеткиребиз? Балдар адабияты дегенибиз барбы же жокпу деген суроо ошондон чыгат.

Image caption С. Рысбаев: Балдар адамдарды, мыкты-мыкты образдарды көрүп кабыл алат.

Би-Би-Си: Китеп жетпей калды деп жаткан шартта эми дүйнөлүк балдар жазуучуларынын тажрыйбасына кайрылып өтөлүчү. Алардын чыгармаларын экрандаштырып, мультфильм же фильм тартып жеткирүү ыкмасы кеңири жайылган. Бул жагынан алганда сиздин чыгармалардын мазмунуна кызыгып, режиссерлордон сунуш түшөбү?

С. Рысбаев: Такыр жок деп айта бербейли. 4-5 жылдан бери балдар китептери кайрадан өз жолуна түшүп келе жаткансыйт. Басмалар, "ушундай китебиң бар экен чыгарайын" дегендер болуп жатат. "Ата-энелер момундай китеп талап кылып жатат, сүрөтү менен китептер керек деп атышат" дешип, китептерди өздөрү эле чыгарып таратып аткандар бар. Ал эми аннимациялык фильмдерди жаратуу, аңгеме, жомокторду радио-постановкаларга айлантуу, жомокторду сахналаштырып, куурчак театры же башка театрларда коюу зарылдыгы абдан күч.

Image caption С. Рысбаев: Эмне үчүн балдар жомокко азгырылат? Себеби...

Себеби, жомокту экран аркылуу жеткирсе абдан жеңил. Мен өзүм аракет кылып, өткөн жылы Манас университети менен бирге менин жомогумдун негизинде аннимациялык фильм тарттык. "Адамдын пейили" деген жомогум бар эле. Бүгүнкү күндөгү социалдык маселелерди чагылдырып, байлык керекпи же адамга ар-намыс, абийир, адеп-ахлак керекпи деген маселеде. Сегиз мүнөттүк жакшынакай аннимациялык фильм болду. Былтыр ал тургай "Кыргызстан - кыска метраждуу тасмалардын өлкөсү" деген конкурста калыстардын атайын сыйлыгын да жеңип алды. Ошону улантып быйыл дагы бир жомокту аннимациялык фильм кылсакпы деп жатабыз.

Мамлекетке дагы былтыр маселе койгонбуз. Жогорку Кеңеш, өкмөткө чейин кирип сценарийлерди көрсөтүп, фильмдерди тартууга каражат маселесин айтканбыз. Эки миллион сомдой каралган болчу. Бирок,азыр ага кандай фильмдерди тартып жатат менин кабарым жок.

Image caption С. Рысбаев: Кээде кыялданам. Жакында бир повесть жаздым...

Би-Би-Си: Айталы, 15-20 жыл мурун мультфильмдер табиятты ого бетер сүрдүү же ого бетер көркөм кылып көрсөткөн өзгөчөлүгү бар эле. Учурда алардын ордун сүйлөгөн машина, түшүнүксүз шарлар же топтор ээлеп калган жокпу?

С. Рысбаев: Туура баамдагансыз. Чет элдик фильмдердин ичинен "Кызыл шапкечен" же "Кар ханышасы", "Күлчү кыз" ("Золушканы") алалычы. Аларды көрүү кандай сонун тарбия берет? Себеби балдар адамдарды, мыкты-мыкты образдарды көрүп кабыл алат. Ал эми биз ошондой каармандарды кыргыздын жомокторунун ичинен бөлүп чыгара албай жатпайбызбы. Кыргыз жомоктору канчалык көп дегенибиз менен ошондой образдарды алып чыгышыбыз кыйын.

Акылдуу койчу, акылдуу бала деп коёт. Бирок, анда предметтүүлүк жок. Шарль Перро айткан: "Күлчү кызды" жазганда мен элдик жомокторду чогултуп атып ичинен иргеп алдым деп. Андерсон: "Жомокто эки нерсе бар. Анын мазмуну жана окуясы"-дейт. Мазмуну социалдык проблемалар - анын балдарга кереги жок. Окуясы керек дейт. Мен өзгөчө образы керек деп кошумчалаар элем. СССР кезинде "Саякатчы бака", "Көк моюн" дегендер укмуш эле да. Табият менен жуурулушуп адамдарда аёо сезими, ошого болгон оң-терс мамилеси калыптанган.

Image caption С. Рысбаев: Кыргыз баласын кандай багытта тарбиялоо, өнүктүрүү бизде азыр табышмак маселе

Ал эми бүгүнкү күндө Диснейдин каармандары абдан жайылып кетти. Орустардын деле, андан башка мультфильмдерде деле машиналар сүйлөп атат, түшүнүксүз фигуралар жайнап кетти. Андан көрө кыргыздын адабий жомокторун жазган кыргыз жазуучуларынын чыгармаларында көп образдар бар. Ошолорду алып чыкса дейм.

Кыргыз баласын кандай багытта тарбиялоо, өнүктүрүү бизде азыр табышмак маселе. Мисалы, СССР кезинде мыкты пионер үлгү болчу. А бүгүнкү кыргыз баласына эмне же ким үлгү? Табышмак. Мен ошондуктан, кыргыз баласынын жаңы бир образын издеп жүрөм. "Умай бала" деген повесть жаздым. "Шам-бала" деген жомок жаздым. Шам баланын образы кандай болуш керек? Сүрөтчү кандай элестетет? Умай баланыкын кандай көрөт? Мен таңмын. Биздин сүрөтчүлөр дагы ушул багытта жакшы иштебей атышат.

Би-Би-Си: Балдар адабияты сизге эмне берди?

С. Рысбаев: Эмне үчүн балдар жомокко азгырылат? Себеби, илгери өткөн заманда, бир жакшы бала болгон экен. Акылдуу кыз болгон экен десең, угуп аткан бала дароо өзүн издейт. Анан ошол бала кандай болуптур?-деп кызыгат. Анан алар минтип-антип анан аягында бактылуу жашап калыптыр десең "өх" деп эс алат. Өзүн ошол баланын ордуна коёт, аралашып кетет, өзүн ошондон издейт. Өзүн-өзү көргүсү келет.

Көрдүңүзбү, жомоктун таасири. Азыркы эле окуя бизге үлгү. Кечеки окуя - бүгүн тарбия. Жомоктун өзгөчөлүгү ушунда. Жомок ар бирибизде жашайт, биз жомоктун арасында жашап жүрөбүз.

Би-Би-Си: Маселен, Гарри Поттерди алалы. Айласын таппай, баласын кантип багып, күнүн кантип өткөрөөрүн билбей поездде кетип бараткан аял. Ошол автор көз ачып-жумганча өзгөрдү. Себеби бир учурда басмаканалар жазган жомогун кабыл албай жерип келсе, кийин талашып окуган китепке айланды. Сизде "атаганат, менде да ошондой болсо"-деген кыялдар болобу?

Image caption С. Рысбаев: Миң бир туугандар кимдер болушу мүмкүн?Кумурскалар, аарылар

С. Рысбаев: Албетте! Ар кимдин өз чыгармасы өзүнө баласындай ыйык да. Кээде кыялданам. Жакында бир повесть жаздым. "Миң бир туугандар жашаган үйдө" деген. Миң бир туугандар кимдер болушу мүмкүн?Кумурскалар, аарылар. Бир тууган, ата-энеси бир. Аарылардын турмушу аркылуу, адамдардын мүнөзүн бердим. Аарылардын турмушун мен илимий китептерден окудум. Бал тартып аткан бал челекчилердин турмушуна аралашып жүрүп ушуну жаздым. Бир жагынан алып карасаң аарылардын турмушу. Экинчи жагынан үй-бүлөнүн маселелери. Адамдар менен согушу, аарылардын аарылар менен согушу.

Кыялымда Диснейдин "Чип и Дейли" сыяктуу эле муну да чоң тираж менен чыкса. Ушундан анан фильм тартса укмуш болот эле... Менин кыялымда кээде ушундай болот. Ошого жетээрмин. Кайсы күн экенин ким билет...

Тема боюнча башка макалалар