Мамбюджеттен сырткарылар кантип ипотекага үй алса болот?

Кыргыз өкмөтү мындан 2,5 жыл мурда "Арзан турак жай 2015-2020" программасын кабыл алган Сүрөттүн автордук укугу Social media
Image caption Кыргыз өкмөтү мындан 2,5 жыл мурда "Арзан турак жай 2015-2020" программасын кабыл алган

Мамлекеттик ипотекалык компаниясы февралдан тарта бюджеттен маяна албаган жарандар үчүн да насыя бөлө баштайт. Мамбюджеттен сырткарылар үчүн насыяга турак жай сатып алуу шарттары бюджеттегилердикинен өтө деле айырмаланбайт.

Бирок пайыздык үстөгү 4-6%га жогору болот.

Ипотекага Бишкек менен Оштон үй алууга болбойт

Мындан тышкары олуттуу чектөө - алар Бишкек жана Ош шаарларынан тышкары аймактарда гана турак жай сатып ала алышат.

"Бюджеттик эмес тармактарда иштегендерге ипотека берүүдө талап кылынчу критерийлерди жаңы эле иштеп чыктык. Аларга деле талаптартар мурдагыдай эле. Жаш курагы 21 жаштан 65 жашка чейин дедик. Сөзсүз өзүнүн турак жайы жок болушу шарт. Дагы бир олуттуу талап насыяга үй алам деген жарандын үй-бүлө мүчөлөрүнүн биринин дагы кыймылсыз мүлкү болбошу керек", - деди Мамлекеттик ипотекалык компаниянын жетекчиси Бакыт Шамкеев.

Жер тилкелери бар, бирок батир алгысы келбеген жарандар документтерин дайындап үй курууга насыя алуу мүмкүнчүлүгү да бар.

Казына эсебинен эмгек акы албаган өлкө жарандары үчүн мамлекеттик ипотекалык насыялоонун үстөк пайызы 12-14%ды түзмөкчү.

"Арзан турак жай 2015-2020" мамлекеттик программасы алкагында буга чейин бюджеттегилер үчүн берилип келген насыянын үстөк пайызы сатып алуучунун баштапкы салымдык суммасына карата 8-10%ды түзүүдө.

Ипотекалык баалуу кагаз деген эмне?

Турак жайга муктаждыкты жою үчүн Мамлекеттик ипотекалык компаниясы быйылтан тарта ипотекалык баалуу кагаздарды ишке киргизгени турат.

"Фондулук рыноктогу башка баалуу кагаздардан ипотекалык баалуу кагаздардын айырмасы - алардын артында камсыздандырылган күрөөнүн болгондугунда. Башкача айткандай күрөө кагаздардын артында ипотекалык насыя аркылуу алынган турак-жайлар бар. Башка корпоративдик кагаздардан ипотекалык баалуу кагаздын ишенимдүүлүгү жогору болот. Наркы өкмөттүн баалуу кагаздары менен тең деп айта алам",-деди Мамлекеттик ипотекалык компаниянын төрага орун басары Нуржигит Үсөнакун уулу.

Ипотекалык баалуу күрөө кагаздарын биржага Мамлекеттик ипотекалык компаниясы чыгарат. Биржадан ал кагаздарды үй алам деген жаран сатып ала алат.

"Биринчи эмиссиябыз жабык түрүндө өтмөкчү. Тиешелүү, конкреттүү инвесторубуз бар, ошол инвесторубуз жактырып, сатып алганга даяр. Бүгүнкү күнгө тиешелүү документтерди даярдап жатабыз. Кийинки эмиссияларыбыз ачык болмокчу. Андыктан ар бир каалоочу өзүнүн арызын биржага берип туруп, баалуу кагаздарды сатып алса болот, биз ошого чакырат элек ",-деп кошумчалады Нуржигит Үсөнакун уулу.

Image caption Шамкеев: Мамлекеттик ипотека программасынын жалпы тизмегинде учурда 10 миң 726 адам бар

Эмнеге алгачкы эмиссия жабык өтөт, баалуу кагаздардын наркы кайсы суммада башталат бүгүн өткөн маалымат жыйынында так, толук маалымат берилген жок. Бирок Мамлекеттик ипотекалык компаниясынын өекүлдөрү бул темада өзүнчө иш-чара уюштуруп журналисттерге кененирээк маалымат берүүнү убадалашты.

"Ипотекалык баалуу кагаздарды саткандан кийин бизге каражат түшөт, андан соң гана бюджеттик эмес мекемелерде иштеген жарандар үчүн насыялоо жараяны башталат. Мына азыр тийиштүү банк менен сүйлөшүүлөр жүргүзүп жатабыз. Февраль айында акчалуу болуп калабыз го деген оюбуз бар",- деп кошумчалады Шамкеев.

Кыргызстанда 2016-жылы "Ипотекалык баалуу кагаздар тууралуу" мыйзам ишке кирген.

Насыя үстөгүн 7%га түшүрүү убадасы

Президент Сооронбай Жээнбеков 18-январда каржы министри Адылбек Касымалиевди жана Мамлекеттик ипотекалык компаниянын төрагасы Бактыбек Шамкеевди кабыл алып, "Арзан турак жай 2015-2020" мамлекеттик программасынын иши менен таанышкан.

Президент ириде бул программа ипотекалык насыялоо менен саламаттык сактоо, билим берүү, маданият, укук коргоо органдары жана социалдык тармактардын кызматкерлери үчүн иштөөгө тийиш экенин белгилеген.

Сүрөттүн автордук укугу official
Image caption Жээнбеков 18-январда Каржы министри жана Мамлекеттик ипотекалык компаниянын төрагасын кабыл алды

"Кыргызстандыктардын төлөө мүмкүнчүлүгүн жана социалдык-экономикалык абалын да эсепке алыш керек. Бүгүнкү күндө белгиленген 8-10% үстөк айрым жарандар үчүн оор", - деген эле ал.

Каржы министри Адылбек Касымалиев менен Мамлекеттик ипотекалык компаниянын төрагасы Бактыбек Шамкеевдин президентке ипотекалык насыянын жылдык үстөгүн 6%га чейин акырындап төмөндөтүш үчүн каржылык мүмкүнчүлүктөр бар экенин айтышкан.

Бирок бүгүн өткөн маалымат жыйынында ипотекалык насыялоонун үстөгү 7-6% түшүрүлөрү тууралуу сөз болгон жок.

Кыргыз өкмөтү мындан 2,5 жыл мурда "Арзан турак жай 2015-2020" программасын кабыл алган жана анын негизинде Мамлекеттик ипотекалык компания түзүлгөн. Компания ушул күнгө чейин жалпысынан 2400дөй адамга суммасы 2,5 миллиард сомдон ашуун насыя берди.

Тектеш темалар