ЖЭБдеги авария: Парламент өкмөттү тилдеп тим болду

ЖЭБдеги авария 26-январда орун алган Сүрөттүн автордук укугу Social media
Image caption ЖЭБдеги авария 26-январда орун алган

Кыштар ызгаар суугунда чыккан Бишкек ЖЭБиндеги техникалык кырсык Сапар Исаковдун өкмөтүнүн отставкасы тууралуу маселени кырынан койду. Жылуулук борборунда авария эмнеден чыкканы так айтылбай, кырсыктын себебин Башпрокуратура менен УКМК иликтеп бүтө элек.

Жогорку Кеңеште кышка өкмөттүн даярдыгы начар болгондугу айтылып, күнөөлүлөрдү жазалоо талап кылынууда.

Премьер-министр ЖЭБдеги кырдаалга байланыштуу парламентке чакыртылды.

Оппозициялык фракциялар премьердин отставкасы үчүн

"Республика-Ата Журт" фракциясынан депутаттар Алтынай Өмүрбекова, Мирлан Жээнчороев, Кенжебек Бокоев,"Өнүгүү-Прогресс", "Ата-Мекен" фракцияларынын төрагалары Бакыт Төрөбаев жана Алмамбет Шыкмаматов ЖЭБде чыккан авариянын талкуулоого премьер-министр Сапар Исаков өзү келишин талап кылышты.

"Премьер-министрдин түздөн-түз күнөөсү бар. ОЗПга даярдык болгон эмес. Бул жерге орун басарлары келиптир, өзү кайда жүрөт? Радио угуп отурабы? Ал моралдык жоопкерчиликти сезип биринчи болуп отставкага кетиши керек", -деди депутат Кенжебек Бокоев.

ЖЭБдеги кырдаал боюнча өкмөттүк комиссия түзүлдү

Мындан соң Жогорку Кеңешке келип доклад жасаган Сапар Исаков ЖЭБдеги кырдаал боюнча атайы өкмөттүк комссия түзүлүп, иликтөө иштери жүрүп жатканын айтып, калоочу депутаттарды комиссияга мүчө болууга чакыра кетти.

"Негизи бул проблеманын өзөгүн кароо үчүн 29-январда Башпрокуратурага тиешелүү кат менен кайрылдым, маселе боюнча юридикалык баа берсенер деп. Бүгүн Башкы прокуратура тиешелүү кылмыш ишти ачты",-деди премьер-министр.

Сүрөттүн автордук укугу official
Image caption Жогорку Кеңеш өкмөт мүчөлөрүнүн Бишкек ЖЭБдеги болгон авария тууралуу түшүндүрмөсүн угушууда

Премьер-министр кырдаал үчүн жоопкерчиликти өзүнө аларын, бул себептүү кырсыкка айыптуу деп эсептеген адамдарды өзү иштен аларын баса белгилеп өттү.

Исаков кырсыктын чоо-жайын түшүндүрдү

Өкмөт башчы кыштын ызгаарында күтүүсүз орун алган техникалык кырсыктын себептери тууралуу төмөндөгүчө түшүндүрмө берди.

"Штаттан тышкары окуя болуп кеткенден кийин адистер анын себебин таба албай атышты. Себеби суу келбей калды, суу бир жакка жоголуп кетип атты, бирок насос иштеп атканы көрсөтүп аткан. Насосту ачалы деп чечимге келишиптир, насосту ачканда ичинде кир ылай пайда болуптур. Эмне үчүн ал жерде кир болот? Жайында ремонттук иштер болуп атканда ал насос ачылды беле? Ремонт иштери жасалды беле? Ушундай суроолор болуп атат. Насосту тазалап ачканча агрегаттар тоңуп, муз болуп калган. Резервдик агретататрды ишке киргизели десе алар да иштебей койгон",-деди Сапар Исаков.

"Авария өкмөттөгү системалык кадрдык кризисти көрсөттү"

Буга чейин өкмөт башчы "улуттук энерохолдинг" жетекчилигине аварияга байланыштуу "Электрдик станциялар" ААКсынын директорунун орун басары Бердибек Бокоевди жана Бишкек ЖЭБ директор орун басары Нурлан Өмүркул уулун иштен алуу боюнча сунушун берген эле.

Бирок социалдык желелерде шаар тургундары бул эки адам жөн гана садага чабылып жаткандыгын айтышып,"Улуттук энергетикалык холдинг" башчысы Айбек Калиев өзү баштап кызматтан алынуусу эп болмогун айтышууда.

Бүгүнкү парламент жыйынында "Республика-Ата Журт" фракциясынан Руслан Казакпаев техникалык кырсыкка күнөөсүн сезип жумуштан кетүү үчүн өкмөт мүчөлөрүнөн бирөө жарым арыз жаздыбы деп кызыкты.

"Мага бир киши келип арызын берди. Ал кши менин жанымда отурат. Ал Калиев Айбек Рыспекович. Бирок мен ал кишинин арызын кабыл алган жокмун. Аны мен жактагым келбейт, бирок мен көруп атам бул жигиттин аракети болуп жатат. Өзү да күйү-бышып күнү-түнү уктабай жүрөт"- деди өкмөт башчы.

Сүрөттүн автордук укугу official
Image caption "Улуттук энергохолдинг" жетекчиси Айбек Калиевдин кызматтан кетүү тууралуу арызын өкмөт башчы кабыл алган эмес

Депутат Казакпаев бул жоопко ынабай, азыркы көрүнүш өкмөттөгү системалык кадрдык кризистин белгиси экенин айтты.

Премьер-министр ЖЭБдеги кырдаалга шалаакылык жана коррупциялык аракеттер себепчи экенин да кошумчалап, ЖЭБ модернизациядан өтпөсө "коллапс болмогун" да эскерте кетти. Өкмөт дарегине катуу сындар айтылган менен Жогорку Кеңеш жыйынында отставка маселеси кайра көтөрүлгөн жок. Анын үстүнө кырсык боюнча түзүлгөн, штаб, комиссия, Башпрокуратура, УКМК иликтөө жыйынтыктары чыга элек.

"Бийлик кырдаалда жоготуусуз чыгат"

Ал арада талдоочулар бул кырдаалдан бийлик эч кандай жоготуусуз чыгарын белгилеп жатышат.

"Өкмөт жазаланбайт. Себеби бүгүнкү күнү парламентте, өлкөдө бийликке каршы тура ала турган күчтүү оппозиция жок. Парламентте бул маселени калп эле талкуулашканын менен күнөөлүлөрдү жазалап кандайдыр бир чечим кабыл алганга саясий эрктери жетпейт. Анткени бардыгы мурдагы президенттин кадрлары, ошонун депутаттары бийликте отурат",- деди Жогорку Кеңештин мурунку депутаты Равшан Жээнбеков.

ЖЭБде суу бөлүштүрүүчү жабдуу 26-январдын кечинде иштен чыгып, ошондон бери абоненттерге жылуулук тиешелүү өлчөмдө бериле элек.

Өкмөт ЖЭБдин ишин жөнгө салууга эки жумадай убакыт керектигин билдирүүдө.

Тектеш темалар

Тема боюнча башка макалалар