Өкмөт үшүгөн шаардыктардын “үлүшүн” төлөйбү?

Буга чейин коомдук медиада төрөтканалардын биринде эгиз балдар төрөлүп, светтин жоктугунан керектүу жабдуу иштебей балдар чарчап калды деген каңырыш кеп да тарап кеткен
Image caption Буга чейин коомдук медиада төрөтканалардын биринде эгиз балдар төрөлүп, светтин жоктугунан керектүу жабдуу иштебей балдар чарчап калды деген каңырыш кеп да тарап кеткен

Суукта шаардыктардын ден-соолугуна залал келди деген маселе Жогорку Кеңеште да көтөрүлдү. Депутаттардын бири өкмөт башчыга кайрылып, турак-жайлардын суугунан далай киши ооруп калганын айтып, компенсация болобу, деп сурады.

"Бизде медицина бекер. Ооруканалар иштеп жатат. Мен өзүм да ооруканалардын жылуулугун, элди кандай карап жатат деп кыдырып чыктым. Компенсация деп жатасыздар, мыйзам чегинде ошондой жасай турган болсок аны да карайлы",- деп жооп берди премьер-министр Сапар Исаков.

Суук күчөгөн күндөрү Бишкек шаарындагы оорукана, төрөтканаларда да ар кандай кыйынчылыктар катталган. Жарыгы өчүп, жылыбай калган учурлар да болгон. Айталы Улуттук госпиталдын согуш ардагерлери даарылана турган бөлүмүндө түтүктөр тоңуп, жылуулук такыр эле чыкпай калган. Натыйжада дарыланып жаткан 98 бейтаптын көбүн үйлөрүнө чыгарып, дарылануусу улана турган 42 адамды оорукананын башка имараттарына которушкан.

Image caption Бишкекте катуу суук 26-январда башталган

Мындан сырткары шаардык перинаталдык борбордо да реанимация бөлүмү жана бейтаптар жаткан бөлмөлөр муздап, дарыгерлер кезектешип нөөмөткө турушкан. Бул борбор шаар боюнча ара төрөлгөн же сөзсүз дарыланууга муктаж болгон кош бойлуу энелерди кабыл алат. Андыктан адаттагыдан да жылуу бөлмөлөр, жасалма дем алдыруучу жабдууларды иштетүү үчүн узгүлтүксүз электр энергиясы зарыл.

Аталган борбордун башкы дарыгеринин милдетин аткаруучу Жамила Марипова сууктан ар кайсы бөлмөдө жаткан аялдарда алты жетиден бир бөлмөгө жаткырууга аргасыз болушканын Би-Би-Сиге билдирди. Анын айтымына караганда, бул айрымдарды нааразы да кылган. Негизинен температура төмөндөп, бир жолу жарым саатттай убакытка жарык да өчкөн. Бирок бул учурда кошумча энергия үчүн орнотулган генератор электр менен камсыздап турган.

Би-Би-Си аталган борборго барганда жылуулук системасы акырындап жылып келе жатканына күбө болду. Буга чейин коомдук медиада төрөтканалардын биринде эгиз балдар төрөлүп, светтин жоктугунан керектүу жабдуу иштебей балдар чарчап калды деген каңырыш кеп да тарап кеткен. Бирок Саламаттыкты сактоо министрилиги бул маалыматты төгүндөп, балдар ара төрөлгөндүгүн билдирген эле. Аталган мекеменин маалымат кызматы билдиргендей , бул эки жайдагы жагдайды эске албаганда башка дарылоо мекемелеринде оор кыйынчылыктар катталган эмес. Жылытуу системасы акырындап калыбына келе баштады.

Тема боюнча башка макалалар