Абактагы саясатчыларга байланышкан нааразылык акциясы

Жабдыгыңыз медианын бул түрүн ойнотууга ылайыктуу эмес.
Абактагы үч саясатчынын саламаттыгы кандай?

Бишкек шаарындагы 47-абак жайдын жанында нааразылык акциясы өттү. Нааразылык акциясына чыккан отуздай киши абактагы саясатчылар Кубанычбек Кадыров, Бектур Асанов жана Эрнест Карыбековду "кургак ачкачылыгын" токтотууга чакырды.

Буга чейин Бектур Асанов, Эрнест Карыбеков жана Кубанычбек Кадыров ден соолугуна байланыштуу УКМКнын убактылуу тергөө абагынан 47-абак жайына которулган эле. Алар "кургак ачкачылык" кармап жаткандыктан дарыгерлердин көзөмөлүндө болуп жатканы айтылган.

Нааразылык акциясына чыккандар саясатчылардын абалы тууралуу маалымат берүүнүн талап кылып, алардын укуктары бузулуп жатканын айтууда.

"Камактагы саясатчыларды коргоо" комитети билдиргендей, Бектур Асанов 30-январдан баштап ачкачылык жарыялап, соттук териштирүү адилетсиз жүрүп, алардын күбөлөрү чакырылбай жатканына нааразылык билдирген. Кийин Эрнест Карыбеков жана Кубанычбек Кадыров дагы ачкачылык акциясына кошулган. Алар УКМК жетекчисинин отставкасын да талап кылып жатканы айтылды. Анткени сотто объективдүү териштирүүгө тоскоолдук жаратып жатат деп эсептешүүдө дейт комитет мүчөлөрү.

2016-жылдын март айында Эрнест Карыбеков "мамлекетке чыкынчылык" кылган деген айып менен, ал эми Бектур Асанов менен Кубанычбек Кадыровдун "мамлекеттик бийликти күч менен басып алууга даярданган" деген айып менен камакка алынган.

Өткөн жылдын апрель айында Бишкектин 1-Май райондук соту Эрнест Карыбековду 20 жылга, Асанов менен Кадыровду 12 жылдан эркинен ажыратты. Алар бул өкүмдү саясый негизде деп нааразылык билдирип, жогорку инстанцияга даттанышкан.