Парламент тараса эмне өзгөрөт?

Парламент тараса эмне өзгөрөт? Сүрөттүн автордук укугу OFFICIAL

Коомчулукта парламент тарайт деген имиштердин аягы тыяла элек. Азыркы чакырылыш тараса Кыргызстан менен кыргыз бийлиги эмне жоготуп, эмне табат?

Парламентти таратуунун эч кимге пайдасы жокпу?

Жаңы шайлоо өткөрүүнүн эң эле орчундуу жагы анын чыгымы. Депутаттар да, саясат таануучулар да жаңы парламентти алып келүү ошол чыгымды актабайт дешүүдө.

"Республика-Ата-Журт" фракциясынан депутат Алтынай Өмүрбекова кийинки парламентке эл күткөндөй чыныгы адистер, билимдүүлөр келерине да кепилдик жок экенин айтууда.

Ал андыктан парламентти тараткандын ордуна азыркы депутаттарга каталарын оңдоп, телчиккенге убакыт бериш керек, ошондой эле кийинки шайлоого чейин шайлоочулар да жетилип, туура тандоо жасаганды үйрөнүш керек дейт.

"Кийинки шайлоого чейин коомдо ушул багытта талкуу жаралыш керек. Партияларга талапты азыр коюш керек. Эл ар бир партиянын ушуга чейин эмне иш кылганын карап, туура тандаса парламент дагы өзгөрөт. Акчалуулар, бизнесмендер гана эмес эл каалаган интеллигенция өкүлдөрү келет. Шайлоочулар жоопкерчилик алып, өмүр баяны жаман тизмедеги бир киши үчүн бул силерге добуш бербейм десе партиялар да кичине тарбияланат", - деди Өмүрбекова.

Жарандык активист Рита Карасартова азыркы парламенттин ишине нааразылардын бири. Бирок ал "чиновниктер шайлоо үчүн гана иштегендиктен шайлоо өткөрбөй, жыйынтык талап кылыш керек" деди.

Сүрөттүн автордук укугу OFFICIAL
Image caption Алтынай Өмүрбекова сапатын көтөрүү үчүн азыркы чакырылышка да, элге да убакыт бериш керек дейт

Карасартова шаардык кеңештерге өткөн акыркы шайлоолордо бийликтеги партия менен анын атын гана өзгөрткөн ар кандай туунду партиялары жеңип жатканына көңүл буруш керектигин белгиледи:

"Шайлоо болсо, парламентке оппозициядан эч ким өтпөйт, жалаң бийликтин кишилери өтөт. Бийлик бул схеманын баарын алда качан ойлонуштуруп койгон. Ошол бийликтен эле жасалма оппозиция болот. Эл көзүнө калп эле катуу сүйлөп, сындап коюшат. Ушундай шоуну көрсөтүшөт. Ал эми системалуу өзгөрүү болбойт. Анткени акча менен бийликке келип жатышкандан кийин алардын максаты акчасын гана актоо, оюнун баары ошондо".

Рита Карасартова шайлоо өткөргөндөн көрө күчүбүздү азыркы парлмаментти иштеткенге сарптасак деген ойдо.

Карасартова парламенттик шайлоо өткөрүш үчүн тандоо системасы өзгөрүш керек, антпесе, азыркыдан айырмалуу эл өкүлдөрү келбейт дегендердин катарында.

"Парламентти таратууга негиз жок"

"Республика-Ата-Журт" фракциясынан депутат Таабалды Тиллаев парламентти таратууга мыйзамда көрсөтүлгөн негиздердин эч бири жок деп билдирди:

"Биринчиден, өкмөт менен парламенттин ортосунда эч кандай пикир келишпестик жок. Парламент өз милдеттерин так аткарып жатат. Өкмөткө да, жаңы келген президентке да жардамын берип жатат. Жаңы парламент келгенде деле эч нерсе өзгөрбөйт. Ошондуктан Жогорку Кеңеш өзүн өзү таратууга эле барбаса, азыр эч кандай негиз жок".

Сүрөттүн автордук укугу OFFICIAL

Ушундай эле пикирдеги КСДП депутаты Рыскелди Момбеков парламент өзүн өзү таратып жибериши мүмкүн деген сөздөр да бар экенин, бирок ага ишенбей турганын белгиледи.

Ал жаңы шайлоо өтсө экономикадан сырткары, стабилдүүлүккө, коопсуздукка кесепетин тийгизет деп эсептейт:

"Маселен, эмдиги парламенттик шайлоого сырткы күчтөр да кийлигишүүсү мүмкүн. Анткени парламенттик республика курабыз деген дымагыбыз болгондон кийин башка күчтөрдүн да парламенттик шайлоого кызыкчылыгы, таасирин күчөтүүгө аракети болот. Ошондо талапкерлер, партиялар арасында кагылыш болушу ыктымал, шайлоонун жыйынтыгын тааныйм же тааныбайм деген талаштар орун алышы мүмкүн. Мына ушул жагынан жаңы шайлоо коопсуздукка да коркунуч болуп эсептелет".

"Ата Мекен" фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов парламенттин тарашы күн тартибинде жок экенин, ошондуктан бул тууралуу так позициясы да болбогонун билдирди.

"Тараса жаңы шайлоо болот, жаңы партиялар келет. Тарабаса, азыркы парламент 2020-жылга чейинки вазыйпасын аткарат, баасын кийинки шайлоодо алат. Бул парламентти деле эл шайлаган, өздөрү келип отуруп алган жок. Парламент элдин күзгүсү. Эл кандай болсо парламент ошондой. Кийинки парламенттин кандай болушу да элден көз каранды. Элдин аң-сезими канчалык өскөнүн кийинки шайлоодо көрөбүз. Акчасын алып шайлаган эл, болгондо да миң сом үчүн шайлап жатат", - деди Шыкмаматов Би-Би-Сиге.

Жогорку Кеңештин алтынчы чакырылышына сындар көп айтылып келет. Басымдуусу эл өкүлдөрүнүн билим деңгээлинин төмөндүгү, адискөй эместиги, жеке акчасынын кызыкчылыгын ойлогон олигархтар экени тууралуу сын пикирлер. Ал эми акыркы учурларда элдин кызыкчылыгы үчүн иштебей, бийликтеги партиянын, жогорку бийликтин камчысын чаап калганы көп айтылып келүүдө.

Тектеш темалар

Тема боюнча башка макалалар