Ачкачылык кармагандардын айыбы күчүндө калды

Ачкачылык кармагандардын айыбы күчүндө калды
Image caption Ачкачылык кармагандардын айыбы күчүндө калды

Бишкек шаардык соту "бийликти күч менен басып алууга даярданган" деп камакка алынган Бектур Асанов, Кубанычбек Кадыров жана "мамлекетке чыккынчылык" кылган деген айып тагылган Эрнест Карыбековго карата райондук соттун мурдагы чечимин өзгөртүүсүз калтырды.

Адвокат Марс Кыдыкбаев, саясий ачкачылык кармап жаткан Бектур Асанов сотко катышпаганын, Кадыров менен Карыбеков акыркы сөзүн сүйлөөгө даяр эместигин айтканына карабай чечим чыкты деген пикирде.

2016-жылдын март айында Эрнест Карыбеков "мамлекетке чыккынчылык" кылган деген айып менен, ал эми Бектур Асанов менен Кубанычбек Кадыров "мамлекеттик бийликти күч менен басып алууга даярданган" деген айып менен камакка алынган.

Жабдыгыңыз медианын бул түрүн ойнотууга ылайыктуу эмес.
Абактагы үч саясатчынын саламаттыгы кандай?

Өткөн жылдын апрель айында Бишкектин 1-Май райондук соту Эрнест Карыбековду 20 жылга, Асанов менен Кадыровду 12 жылдан эркинен ажыратты.

Алар бул өкүмдү саясый негизде деп нааразылык билдирип, жогорку инстанцияга даттанышкан.

Аталган саясатчылардын алды он күнгө жакын убакыттан бери ачкачылка кармап жаткан эле. Буга чейин Бектур Асанов, сотторго жана прокурого кайрылып, сот системасынан такыр эле түңүлүп калганын, кандай чечим чыгарса да айырмасы жок экенин айтты делген аудио интернетке желдей тараган.

Ачкачылык кармаган саясатчыларды мажбурлап токтотпойбу?

Айрымдар абакта ачкачылык кармаган саясатчылардын абалына катуу тынчсызданууда. Бирок жазаларды аткаруу кызматы абактагы үч адамдын абалы канаатандырарлык экенин, алар такай дарыгерлердин көзөмөлүндө турганын билдирген.

"Биздин дарыгерлердин билдиргени боюнча, үчөөнүн тең саламаттыгы канааттандырарлык. Учурда тийиштүү дарылануусун алып жатат. Биздин медициналык кызмат алардын ден-соолугу кескин начарлап кетишине жол бербейт деп ойлойм. Бирок ачкачылык уланып жатат. Ачкачылык башталганга чейин алар УКМКнын убактылуу кармоочу жайында болчу. Ал жердин дарылоочу бөлүмү болбогон соң ачкачылык башталгандан бери 47-абак жайына которушту. Бул жерде түрмөнүн ооруканасы жана тиешелүү дарыгерлер бар",- деди Жазаларды аткаруу кызматынын басма сөз катчысы Александр Никсдорф.

Абактагы саясатчылар УКМК жетекчисинин кызматтан кетишин талап кылган жана түрмөдөн Жогорку Кеңеш депуттарына кайрылуу да жолдошкон. Мындан эки күн мурун эле, "Саясий туткундарды коргоо" комитетинин төрагасы Сапар Аргымбаев ачкачылык кармап жаткан Кубанычбек Кадыров инфаркт коркунучунун алдында турат деп билдирген.

Негизинен арга түгөнгөндө пикир билдирип же талап коюунун мындай курч ыкмасы Кыргызстанда буга чейин да көп эле кездешкен.

Үч саясатчыга соттук чечим чыгаардан бир нече саат мурун эле он алты жыл мурун саясий ачкачылыктан каза тапкан Шераалы Назаркуловду эскерүү өттү.

Анын ага-туугандары менен Акыйкатчы институнун өкүлдөрү 16 жыл мурун активист Шераалы Назаркулов, Кыргызстандын демократия жолунда каармандыктын эң жогорку үлгүсүн көрсөткөн деп баалашты. Анын бир тууган агасы азыркы президент бул инсандын ишмердиги боюнча кенен маалыматы бар экенин айтып, Назаркуловдун эмгеги өз баасын алат деген үмүттө.

Белгилүү укук коргоочу Турсунбек Акун Узөңгү-Кууш чуусунан улам активист Шералы Назаркулов менен кошо саясий ачкачылык кармагандардын бири. Ал бул окуя Кыргызстанды эле эмес, дүйнөнү солк эттирген деп эсептейт.

«КМШ өлкөлөрүнүн тарыхында далай ирет саясий ачкачылык өткөнү менен бир да жолу мындай көрүнүш болбоптур. Айтканынан кайтпай ачкачылык кармап, Шераалы каза болду. Ал Узөңгү-Кууш берилбесин деген талап менен чыккан. Ушундай талап менен 700дөн ашык адам ачкачылык кармаганбыз. Биз токтотуп, Шераалы токтотпой кармай берген. Кээ бир өлкөдө деңиз жээгине киттер чыгып калыптыр десе, президенти баш болуп ошолорду коргоп калалы деп жээкке барышат. А бизде Шераалы өлүп жатса да Акаевдин тушунда бир кишиси да басып келгенге жараган эмес. Аягында Акаев куулуп тим болду»,- дейт Турсунбек Акун.

Ал ошондой эле абактагы үч саясатчы ден соолуктарын өтө чоң тобокелге салып жатканын айтып, мындан ары улантпоого чакырды.

Тема боюнча башка макалалар