Сооронбай Жээнбеков: менин талаптарым катуу болот

Сооронбай Жээнбеков Сүрөттүн автордук укугу official

Коопсуздук кеңешинин жыйынында президент Сооронбай Жээнбеков "коррупцияга каршы чечкиндүү күрөштү күчөтүп", "укук коргоо, көзөмөл жана сот системаларын тазалоо боюнча токтоосуз чараларды көрүүнү талап кылам" деп айтты.

Коопсуздук кеңеши "Кыргыз Республикасынын сот, укук коргоо жана көзөмөл органдарындагы коррупцияга каршы күрөшүү боюнча актуалдуу чаралар жөнүндө" маселени алып чыкты. Сот, прокуратура, күч жана коопсуздук органдарынын иши каралды.

"Коррупциянын деӊгээлин иликтеген "Трансперенси интернешнел" эл аралык уюмунун рейтинги боюнча, Кыргызстан 176 өлкөнүн ичинен 136 орунда турат. Бир кыйла жакшыруу динамикасына карабай, биздин эл аралык рейтингибиз дагы эле төмөн бойдон калууда. Биздин позициябызды негизинен сот, укук коргоо жана көзөмөл органдары төмөндөтүп жатышат. Мага эл аралык уюмдар өлкөбүздө өткөргөн акыркы социологиялык иликтөөлөрдүн жыйынтыгын беришти. жумушсуздук жана коррупция көйгөйлөрү - коомду өзгөчө түйшөлткөн маселе болуп калды. Тилекке каршы, сурамжылоо бышыктап тургандай, элдин ою боюнча, коррупциядан тазалоо иши коомчулук күткөн натыйжага жете элек. Мамлекеттин өзөгү болгон сот органдарында, прокуратурада, финансы полициясында, улуттук коопсуздук комитетинде жана ички иштер органдарында коррупциянын орун алганы - өтө кооптуу. Чоӊ кылмыштар ачылбай, майда кылмыштарга гана көңүл бурулуп, бийликтин жогору эшелондорунда тургандар кол тийбес болуп калды деген кайрылуулар менин дарегиме келип жатат",-деди президент Сооронбай Жээнбеков.

Коопсуздук Кеңешинин жыйынында өлкө президенти уюшкан кылмыштуу топторду калкалагандар бар үчүн, алар күчөп жатканын айтты.

"Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөш ийгиликтүү болбой жатканынын негизги себеби - коррупция. Эксперттердин айтымында, криминалдык чөйрөдөгү капитализациянын көлөмү абдан чоӊ суммага жетти. Уюшкан кылмыштуулук чөйрөсүндө чоӊ өлчөмдөгү акчалардын агымы - укук коргоо жана сот органдарындагы жогорку кызмат адамдарынын катышуусу болбосо, мүмкүн эмес. Уюшкан кылмыштуу топтор наркотиктердин транзитин жана товарлардын контрабандасын тынымсыз жүргүзүүдө. Алар ири рентабелдүү бизнести, өзгөчө акциз товарлары менен байланышкан бизнести калкалоо менен алектенишет. Күч түзүмдөрүндө коррупция болбосо, криминалдык топтор бул иштерди жасай албайт. Наркокоррупцияны өзүнчө белгилөө керек. Коррупциялык кирешелердин экинчи чоӊ бөлүгү наркобизнес менен байланыштуу. Эл аралык "түндүк транзит маршрутунун" бар экенин эч ким тана албайт. Ири өлчөмдөгү баӊгизаттар, чоӊ суммадагы акча каражаттары айланып, көптөгөн адамдар аралашып жатканы маалым. Баӊгизаттарды көзөмөлдөө кызматын Ички иштер министрлигине өткөрүп берип, күчөткөнүбүзгө карабай, бул багыттагы иш начарлап кетти",-дейт президент.

"Силер элге жеткиликтүү болбой калдыӊар"

Сүрөттүн автордук укугу official

Президент мыйзамдуулукту көзөмөлдөгөн Башкы прокуратуранын иши да чабал болуп жатканына токтолду.

"Башкы прокуратура коррупцияга каршы күрөштө улуттук координатор болуп саналат. Бирок, азыркы учурда бул милдетти натыйжалуу аткара албай жатат. Коррупциянын алдын алуу маселесинде дале болсо бирдиктүү аракет болбой, ички карама-каршылыктар, мамлекеттик эмес, ведомстволук гана кызыкчылыктарды коргоо байкалууда.

Сүрөттүн автордук укугу official

Мыйзамсыз жана негизсиз текшерүүлөр көп. Мамлекеттик органдардан жана айыл өкмөттөрдөн текшерүүчү органдар тарабынан бирин-бири кайталаган текшерүүлөр жүргүзүлүп жатканы тууралуу көптөгөн арыздар мага келүүдө. Аларды токтотуу, көзөмөлгө алуу прокуратурага жүктөлгөн. Бирок андай болбой жатат, ал тургай, прокуратура органдары өздөрү жүргүзгөн текшерүүлөр көп болуп жатат. Мисалы, 2016-жылы прокуратура 8877 текшерүү жүргүзгөн, анын 8 пайызы боюнча гана кылмыш иши козголгон. Козголгон иштердин 50 пайызы гана сотко жөнөтүлгөн. Жүргүзүлгөн текшерүүлөрдүн болгону 1,6 пайызы боюнча гана сот тарабынан айыптоо өкүмдөрү чыккан, анын ичинен 8 эле иш боюнча айыпталуучу эркинен ажыратылган".

Сүрөттүн автордук укугу official

Президент сот тармагына дагы токтолду. 2016-2017-жылдары сот органдарына 22 600 дөн ашык кылмыш иши келип түшкөн. Алардын 9 миӊге жакыны, же 40 пайызы соттор тарабынан кыскартылган же токтотулган.

"Адилеттикке жетпей, узак убакыт бою канчалаган жарандар соттордо жүрөт, соттор ишти атайлап созгон учурлар көп кездешет. Эч кандай өкүм чыкпай, айлап-жылдап СИЗОдо жаткандар дагы бар. Алардын өзү эле эмес, үй-бүлөсү кошо жабыркап жатпайбы. Мыйзамда белгиленген убакта же камалып, же акталыш керек да. Адилеттикти камсыз кылат деп эл үмүтүн арткан соттордун өздөрүнө карата акыркы он жылда 97 кылмыш иши козголгон. Алардын жарымы тергөө тарабынан кылмыш жоопкерчилигинен бошотулган".

Сүрөттүн автордук укугу official

"Күч түзүмдөрү деп эл силерден коргоо издесе, силер өзүӊөр жан сакчылар менен жүрөсүӊөр, анан кантип элди коргойсуӊар?",-деди президент.

Сооронбай Жээнбеков президент болуп шайлангандан бери биринчи ирет Коопсуздук Кеңешинин жыйынын өткөрдү. Эксперттик чөйрө президенттин айткандарын ар кандай чемелеп жатышат. Айрымдар күч түзүмдөрүндөгү коррупциялык иштерди ачканга президенттин эрки жетеби деп суроо салууда. Буга чейинки президенттeрдин баары коррупция менен катуу күрөшүү убадасы менен бийликке келип, бирок иш жүзүндө күрөш "тандалма" жол менен жүргөнү сынга алынып келүүдө. (AbA)