Баткен: чек арада кайрадан чыр чыкты

Аймакта чек ара маселесинен улам буга чейин дагы ондогон чыр-чатактар катталып келген.
Image caption Аймакта чек ара маселесинен улам буга чейин дагы ондогон чыр-чатактар катталып келген.

Баткендин Лейлек районундагы “Кулунду-Максат” көпүрөсүн тажик аскерлери тосуп алганы тууралуу маалымат тарады. Көп узабай чек ара кызматы аскерлер ал жерден кеткенин, учурда эки тараптуу сүйлөшүү өтүп жаткканын айтты. Аймакта чек ара маселесинен улам буга чейин дагы ондогон чыр-чатактар катталып келген.

Максат айылынын айыл башчысы Сапарали Адинаев Максат-Кулунду жолундагы көпүрөнү “тажик чек арачылары тосуп алды” деген кабарды түшкө жуук угушканынын айтып берди. Кулунду айылынын этегиндеги 20 кожолук жашаган Сада айылы тажик чек ара тилкесинде жайгашкан. Айылдын балдары чакан каналды кесип өтүп, анан мектепке келишет дейт Сапарали Адинаев. Мына ошондуктан жергиликтүүлөр бул каналга курулуш шаймандарын түшүрүп, көпүрө салган. Буга тажик тарап каршы болуп чоң жолду бууду деди ал:

“Сада айылы өтө тартыш жерде турат. Чек араны тактоо иштери бүтө элегине байланыштуу алар ашыкча кыймыл-аракет кыла да албайт. Чек арачылар чоң көпүрөнү тосуп алышып, эч кимди өткөрбөй койгон. Биздин чек арачылар дагы барып түртүштү, анан жол ачылды”.

Түштөн кийин интернетке тараган тасмада көпүрөдө көп киши чогулуп, ызы-чуу түшүп жатканын көрүүгө болот.

Image caption Лейлектеги Максат айылы 1996-жылы чек ара тилкесине тажик экспансиясын токтотуу үчүн атайын түптөлгөн конуш.

Кыргызстандын чек ара кызматы бул окуя тууралуу түшүндүрмө берди. Учурда тажик тарап “Кулунду” жана "Кайрагач” өткөрмө бекеттери аркылуу адамдардын, транспорттук каражаттардын жана жүктүн өтүүсүн бир тараптуу токтоткон.

“Тажик тарап көзөмөл жайынын ишин токтотуп, Баткен облусунун көпүрөнү тороп алышкан. Ошондой эле Сада айылынын мектеп окуучулары ары-бери өткөндө ар кандай тоскоолдук жаратышкан. Пайда болгон кырдаалга байланыштуу кыргыз-тажик чек арасынын өкүлдөрү жолугушуу өткөрдү. Учурда чек ара ачык”, - деди Чек ара кызматынын басма сөз өкүлү Салкын Абдыкариева.

Максат айылы 1996-жылы чек ара тилкесине тажик экспансиясын токтотуу үчүн атайын түптөлгөн конуш. Кыргызстандын Баткен аймагында Тажикстан менен чек аралары тактала электигине байланыштуу кыргыз-тажик айылдары ортосунда жыл сайын чыр-чатактар катталат. Жер, суу, жол маселесинен чыккан чыр кээде ок атышууга чейин жеткен учурлар болгон.

Өткөн аптада эле Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков Тажикстан тараптын чакыруусу менен Дүйшөмбү шаарына эки күндүк расмий иш сапары менен барып келген эле. Президенттердин жолугушуусу жемиштүү жана жакшы маанайда өткөнү айтылган эле.

Тектеш темалар