Күч түзүмүндөгү коррупцияны кантип жоймой болушту?

Коопсуздук кеңешинин жыйыны Сүрөттүн автордук укугу OFFICIAL

Коопсуздук кеңеши күч түзүмдөрүндөгү коррупцияга каршы уюштурган жыйындын чечими жарыялана элек. Президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү ал эми белгилүү болорун билдирди. Кеңештин төрагасынын биринчи орун басары сунуш деңгээлиндеги чараларга ылайык билдиришинче, күч түзүмдөрүндө иштегендердин киреше, чыгашалары текшерилет, кылмышка шектелсе дароо камалат.

Президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришкендей, Коопсуздук кеңеши коррупцияга каршы көрө турган чаралардын негизги багыттары талкууда айтылгандар деп билсе болот.

Коопсуздук кеңешинин төрагасынын биринчи орун басары Дамир Сагынбаев күч түзүмдөрүндөгү кызматкерлердин декларациялары текшерилет, алар мыйзамсыз тапкан акчасын сарптай албай турган механизм иштейт деди.

Сунуштарга ылайык күч түзүмдөрүнө жумушка кирем деген талапкер алдын ала бардык мал-мүлкүн текшертүүгө милдеттенме алган документке кол коймокчу.

Сагынбаев күч тармагынын кылмышка аралашкан кызматкерлерин жоопко тартуу жолдорун мыйзам долбооруна киргизүү каралууда деди:

Сүрөттүн автордук укугу OFFICIAL
Image caption Коопсуздук кеңешинин төрагасынын биринчи орун басары Дамир Сагынбаев

"Алар белгилүү бийликке ээ болгондуктан тергөө учурунда басым көрсөтүп жатышканын билебиз. Ошондуктан тергөө аракеттерине таасирин болушунча азайтуу үчүн күч түзүмдөрүндөгү кылмышка шектүү кызматкерлерди сөзсүз камакка алуу сунушталды".

Эгер кылмышы далилденсе, кызматкер мамлекет берген үй, унаа, эрте пенсияга чыгуу өңдүү социалдык колдоолордон дароо кол жуушу каралууда. Андан сырткары ишеним көрсөтүлбөй иштен алынган кызматкердин сотко кайрылуу укугун алып салуу сунушталды.

УКМКнын мурдагы төрагасы Кеңешбек Дүйшөбаев демейде Коопсуздук кеңешинин жыйынынан кийин чечим дароо кабыл алынып келген деди.

"Отурум даярдалып жатканда каралчу ар бир маселе боюнча чечимдин долбоору даярдалат. Жыйындагы пикирлер, сунуштарга жараша чечим ошондо эле толукталат, өзгөртүлөт. Чечим алдыда чыгат десе, демек чоң өзгөртүүлөр менен кабыл алынат чыгаар".

Дүйшөбаев Коопсуздук кеңешинин буга чейинки жыйындарынан жыйынтык чыгып келген болсо, коррупция азыр президент көрсөткөндөй гүлдөбөйт эле деген пикирде.

Ал күч түзүмдөрүндөгү коррупцияны жоюуга комплекстүү чара керек дейт:

Сүрөттүн автордук укугу OFFICIAL

"Биринчиден, биздин жетекчилердин эрки керек, ал канчалык жетиштүү экенин айтуу кыйын. Экинчиден чоң иш чараларды башташ керек. Мисалы, кызматкерлердин кызматынан пайдаланып жатышынын себептеринин бири - алардын начар социалдык абалы. Мисалы, Грузияда бир эле Ички иштер министрлигин реформалоого бир млрд доллард сарпташкан".

Ал эми УКМКнын мурдагы төрага орун басары Артур Медетбеков дагы Коопсуздук кеңештин чечими дароо чыгып, айтылган маанилүү фактылар боюнча жоопту ким тартары көрсөтүлүш керек эле деди. Медетбеков сот, укук коргоо, прокуратура жана коопсуздук тармагындагы коррупцияны жоюу оңой эмес, бирок саясий эрк менен чечсе болот деген ишенимде:

"Биринчиден, Жогорку Кеңеш болобу, премьер-министрби же президентпи саясий чечкиндүүлүк керек. Жакыныбы, тууганыбы, кызматташыбы мыйзамсыз аракеттерге барса кызматтан алыш керек. Экинчиден, таза, креативдүү адистерди койгонго аракет кылыш керек. Үчүнчүдөн, эң негизгиси, тартипти, мыйзамдуулукту көзөмөлдөгөнгө болгон күчтү жумшабаса жыйынтык чыкпайт".

Коопсуздук кеңешинин жыйынында талкуу учурунда ички иштер министри Улан Исраилов министрлик тазалоону өздөрүнөн баштаганын айтып берди:

Image caption УКМК төрагасынын мурдагы орун басары Артур Медетбеков күч түзүмдөрүндөгү коррупцияга каршы күрөшүү үчүн күнөөлүү жетекчилерди кызматан алыш керек деп эсептейт

"2017-жылы ички иштер органынын кызматкерлеринин мыйзамсыз иш-аракеттерине нааразы жарандардан 1935 арыз келип түшкөн. Ички иликтөө кызматы тарабынан 1614 кызматтык териштирүү өткөрүлүп, жыйынтыгында 111 кызматкер ички иштер органдарынын катарынан бошотулган. 181 кызматкер ээлеген кызматынан бошотулган. Башка тартип жазаларына тартылгандар 2425".

Ал эми Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Абдил Сегизбаев комитет жалпы коррупцияга каршы иштеп жаткан иштери ийгиликтүү экенин белгиледи.

Сегизбаев андан тышкары ички коррупция менен күрөшүү да маанилүү деди:

"Урматтуу Сооронбай Шарипович, баса белгилеп кетет элем, мамлекеттик комитет бүгүн айтылган сын-пикирлерди эске алып, топтолгон тажыйбалардын негизинде, кудай буюрса, коррупцияга каршы күрөштү чечкиндүү жүргүзүүгө жана күчтөндүрүүгө толугу менен даяр".

Коопсуздук кеңешинин 8-февралдагы жыйыны сот, укук коргоо жана көзөмөл органдарындагы коррупцияга каршы күрөшүү боюнча өттү. Анда президент Сооронбай Жээнбеков бул органдар коррупция менен күрөшмөк тургай өздөрү мыйзамсыздыкка малынганын айтып, алардын ар бириндеги фактыларды атады.

Президент толтура мыйзам бузуу статистикасына карабай, аны жоюуга өздөрүнө мөөнөт берүү менен сөзүн аяктаган эле.

Тектеш темалар

Тема боюнча башка макалалар