Жол эрежесин маршруттук таксилер эң көп бузабы?

Балыкчы-Ананьева-Каракол унаа жолундагы кырсык Сүрөттүн автордук укугу mes.kg
Image caption Балыкчы-Ананьева-Каракол унаа жолундагы кырсык

Адам өмүрүн алып, колу-буттан ажыраткан жол кырсыктары айдоочу менен жүргүнчүгө сабак болбой жатабы? Канткенде кечинде үйүбүзгө аман кайтып келебиз? Өкмөттүн “акылдуу шаарынын” курулушун күтпөй, өз коопсуздугубузду сактоонун жолдорун издейбиз.

Маршрутка коюп мүрт кеткен эне менен колундагы наристенин бир бутунан ажыраганы, тратуарда турганына карабай унаа алдында калган мугалимдер уккандардын эсинен чыга элек.

Дегиче маршруттук таксилер аварияга кабылган видеолор интернетке арты артынан жарыяланууда.

Бишкекте эл ташыган айдоочуларга эмнеге силердин дарегиңерге көп сын айтылат деп сурадык.

“Бул жолго байланыштуу. Биз гана эмес, машиналардын баары эле бузуп жатат. Андай кабарларды укканда албетте абайлап калабыз”, - деди биринчи айдоочу.

“Жердин баары тыгын, жол эрежесин сактоого мүмкүн эмес. Бизде убакыт деген бар, аны сакташ керек, шашпай айдай албайбыз. Бутун жулуп кетти, колун жулуп кетти дегенди уккан жокмун, маршрутка жулуп кетип жатыптырбы? Жолдо миңдеген адамдардан андай кырсык чыгат да”, - деди башка бир айдоочу.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун эсебинде 2030-жылы жолдогу кырсык адам өлүмүнө алып келген жетинчи фактор болуп калышы мүмкүн. Анда жугуштуу оорулар менен диабеттен кийинки эле орунда туруп калат.

Дүйнөдө кандай чаралар натыйжа берген?

“Жол коопсуздугу” коомдук уюмунун жетекчиси Чынара Сапарбек жолдогу авариянын алдын алуу боюнча Швецияда жакшы натыйжа алып келген программаны айтып берди:

“Швецияда “Нөл толеранттуулук” деген программа иштеген. Ал жол кырсыгына такыр жол бербейбиз деген ураан. Төрт нерсеге көңүл бурушкан: инфраструктураны оңдоо, менеджмент, айдоочуларды даярдоо жана катуу ылдамдыкка каршы күрөшүү”.

Муну ишке ашырганда жакшы натыйжа болгон да, башка өлкөлөр ушул тажрыйбаны колдонгон.

Чынара Сапарбек Казакстанда видеокөзөмөл натыйжа көрсөтүп жатат дейт. Казакстан КМШда Орусиядан кийин кырсык көп катталган өлкө саналса, азыр көрсөткүчтөрү жакшырган.

Ал эми Орусияда көп жылдаган күрөшүү, мамлекеттик деңгээлдеги иш чаралар абалды жакшырытып келатат.

Азыр Европа өлкөлөрү телефон сыяктуу айдоочуну алаксыткан каражаттар менен катуу күрөшүүдө. Айрым өлкөлөрдө машина айдап баратып телефондо сүйлөшкөндөр дароо айдоочу күбөлүгүнөн ажырайт.

Жол коопсуздугун коргоо башкармалыгынын жетекчи орун басары Ыманалы Саркулов айдоочу саатына 80 чакырым менен баратканда эки секунда жолдон алаксыса жол кырсыгына алып келет дейт.

Жолдо баратып аман калууга аракет кыл

Жолдо жаракат алуунун алдын алуу боюнча дүйнөлүк докладда жеке коопсуздукту коргоо маршрутту түзүүдөн башталыш керек деп айтылат.

Жолго чыккандан кийин болсо зерикпей, шашпай пландалган жерлерден өтүш керек. Башкача айтканда, өзүңүздөн эки мүнөттү үнөмдөө артыкпы же ден соолук менен өмүрдү сактообу деп сурап туруңуз.

Чынара Сапарбек ар ким өзүнүн коопсуздугун коргоого келгенде мындай сунуштарды берет:

Сүрөттүн автордук укугу MYKTYBEK TURDUBEKOV
Image caption Бишкек-Ош жолундагы кырсык

“Жөө баратканда сфетофордон же ал жок жерден өткөндө эрежеге такабай, эки тарапты жакшылап караш керек. Унаа токтобой коюшу мүмкүн же биринчиси токтосо, экинчиси өтүшү мүмкүн деп, жалпы картинаны түшүнүп, элестетип, анан шашпай өтүш керек. Ал эми бизде сфетофор күйсө карабай дароо өтүшөт, кулагында кулакчыны да бар же телефондон сүйлөшүшөт”.

Жол кырсыктарынын 86-87 пайызын айдоочулардын, калганы жөө жүргүнчүлөр менен башкалардын айыбынан катталат.

Ыманалы Саркулов адам фактору негизги себеп болуп жаткан соң ар бир киши коопсуздугун сактоого аракет кылыш керек дейт:

“Мисалы, жол кырсыгында өмүрү кыйылган балдардын 40 пайызы ата-энесинин же туугандарынын унаасында болгон. Демек чоңдордун балдардын өмүрүнө, ден соолугуна кайдегер экени биринчи себеп. Балдарды өз отургучуна отургузуп, кемерин курчаш керек”.

Катуу айдоо Кыргызстанда, ошондой эле дүйнөдө кырсыктын башкы себеби.

Кыргызстандагы жол кырсыктарынын 33-34 пайызы белгиленген ылдамдыктан ашып кетүүдөн келип чыгат.

Демек, күрөш да ошол багытта жүрүш керек.

Кырсыктардын дээрлик 24 пайызы туура эмес буруу, озуп өтүүдөн келип чыгат.

Карама-каршы тилкеге чыгуудагы авариялар 11-12 пайызды түзөт. Машина көп Бишкекте бул эреже бузуу көп. Карама-каршы тилкедеги авариянын кесепети эң оор. Анткени кагышса эки тараптагы унаанын ылдамдыгы биригет.

Тогуз пайыз авария ичкилик ичүүдөн чыкса, бузук машиналар да кырсыкка себеп.

Радикалдуу чаралар керекпи?

Чынара Сапарбек жол кырсыгын жана анын кесепетин азайтуу үчүн баары бир мамлекеттик чара эң натыйжалуу болот деген жыйынтыкка келген. Ал сунуш, мыйзамдар, эрежелер элге жетпей жаткан соң мамлекет мажбурлоо саясатын колдонуш керек деген ойдо.

Ал эми Жол коопсуздугун коргоо башкармалыгынын жетекчи орун басары Ыманалы Саркулов жазаларды күчөтүүнү сунуштап жатабыз деди.

Ылдамдык эрежесин сактабагандарга 500-2000 сом айып салынат. Аны айдоочулук күбөлүктөн ажыратууга чейин күчөтүү сунушталууда.

Мас айдоочуга он миң сом айып салынып, айдоочулук күбөлүктөн бир жылга ажыратылат. Ал айыпты 30 миң сомго чыгарып, бир жылдык мөөнөттү үч жылга узартуу сунушталууда.

Карама-каршы тилкеге чыккандарга азыр айып миң сом болсо, башкармалык айдоочулук күбөлүгүн алууну сунуштап жатат.

Телефон менен сүйлөшүп бараткандарга Кыргызстанда эскертүү берилип же айып салынат. Саркулов бул жазаны да күчөтүүнү карап жатабыз деди.

2017-жылы Кыргызстанда жол кырсыгынан каза болгондордун саны 907ге жеткен.

Тектеш темалар

Тема боюнча башка макалалар