Бектур Асановдун энеси: балам кайраттуу отурат

“Камактагы саясатчыларды коргоо” комитети президент менен Жогорку Кеңешке кайрылуу жолдоду. Алар 16-17 күндөн бери ачкачылык кармап жаткан камактагы үч саясатчынын өмүрүнө коркунуч жаралды дешүүдө. Бектур Асанов менен жолукканы кечээ энеси кирип, ачкачылыктан баш тартуусун сураган.

Жабдыгыңыз медианын бул түрүн ойнотууга ылайыктуу эмес.
Бектур Асанов менен жолукканы кечээ энеси кирип, ачкачылыктан баш тартуусун сураган.

Саясатчы Бектур Асанов 18-күн кургак ачкачылык кармап жатканын жакындары айтты. 15-февралда аны менен энеси, жубайы жана эжеси жолугуп чыкты.

Айтымдарында, Асановдун өңү дурус эмес.

Бирок 79 жаштагы энеси Урият Асанова уулу кайраттуу отурат деди.

Ал тапта “Камактагы саясатчыларды коргоо” комитети президент менен Жогорку Кеңешке кайрылуу жолдоду. Алар ачкачылык кармаган саясатчылардын талабын угууну өтүнүүдө.

Бектур Асановдун энеси да андан ачкачылыкты токтотууну суранганын Би-Би-Сиги билдирди:

Image caption Бектур Асанов жана 2016-жылы камалган башка саясатчылардын соту жабык өтүүдө

“Ачкачылыгыңды токтот, балам, десем көнбөдү. “Эрнест, Кубаныч менен кол алышкамын, Жогорку Кеңештин комиссиясы келсе, анан сүйлөшүп көрөлү” деди”.

Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Жанар Акаев Бектур Асановдун абалы начар экенин айтып, кесиптештерин көңүл бурууга чакырган. Бирок андан ары уланган жок.

Коррупцияга каршы комитетте комиссия түзүлөөрү тууралуу маалымат тарап, азырынча дайын жок.

Бектур Асанов, Эрнест Карыбеков жана Кубанычбек Кадыров 16-18 күндөн бери ачкачылык кармап жатышат. Алар соттун жүрүшүнө протест кылууда жана УКМК төрагасынын кызматтан кетишин талап кылууда.

Карыбеков менен Кадыров 47-колониядан кайра СИЗОго которулду. Жаза аткаруу кызматы СИЗОдо да дарыгерлер бар экенин белгиледи. Кызмат 47-колониядагы Асанов болсо медиктердин такай көзөмөлүндө экенин айтып, абалы дурус деди.

Бектур Асанов менен Кубанычбек Кадыров “бийликти күч менен басып алууга даярдануу” беренеси менен айыпталып, 12 жылга эркинен ажыратылган. Эрнест Карыбеков “мамлекетке чыккынчылык” беренеси боюнча айыпталып, 20 жылга эркинен ажыратылган. Шаардык сот биринчи инстанциянын чечимин 7-февралда күчүндө калтырды.

Тектеш темалар