Казакстанда кармалган депутат тууралуу эмне билебиз?

Дамирбек Асылбек уулу 2009-жылы Жогорку Кеңешке "Ак Жол" партиясынан шайланып депутат болгон Сүрөттүн автордук укугу Tabyldy Kadyrbekov
Image caption Дамирбек Асылбек уулу 2009-жылы Жогорку Кеңешке "Ак Жол" партиясынан шайланып депутат болгон

"Кыргызстан" фракциясы депутат Асылбек уулу Дамирбектин Казакстанда кармалышы боюнча билдирүү таратты. Фракция алдын ала алынган маалыматтарга таянып, коюлуп жаткан күнөөлөргө депутаттын тиешеси жок деп ишенет.

Ошондой парламенттик фракция Казакстандын тиешелүү компетентүү органдары мыйзамдарды толук сактоо менен, күнөө коюлуп жаткан кыргыз жарандарынын укуктары тебелебестен, окуяны акыйкат изилдеп, чечет деген үмүтүн билдирди.

Ал арада парламент төрагасы Дастан Жумабеков ал өзү жана Жогорку Кеңеш Казакстанда кармалган депутат Асылбек уулу Дамирбектин ишин тергөөгө кийлигишпей турганы белгилүү болду. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматынан маалымат таратышты.

"Эгер депутатка кылмыш иши козголсо, тергөө болуп жатса, ага Жогорку Кеңеш жана төрага аралашпайт. Регламент боюнча ушундай", - деди парламенттин маалымат кызматынын башчысы Ибраим Нуракун уулу.

Депутат эки ай абакта болот

Алматы шаардык соту баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы атайын операциянын жүрүшүндө кармалган 29 адамдын, анын ичинде депутаттын баш коргоо чарасын карап, эки айга тергөө абагына камоо чечимин чыгарды.

Депутат кандай жагдайда кантип казак күч органдарынын колуна түшүп калгандыгы бүдөмүк болууда. Казакстандын атайын кызматы шектүүлөр арасында кыргызстандык депутат бар экенин алдын ала билгенби же жокпу да кызык.

"Мындай чоң операцияда айлап-жылдап информация топтолуп, андан кийин гана камоого алынат. Планы жок, спонтандуу түрдө мындай камоолор мүмкүн эмес. Себеби тергөө маалында сотто мындай иштер жыгылып калат да. Менин оюмча Казакстандын атайын кызматтары бул уюшкан топко карата көптөн бери маалыматтык жана далил базасын топтоп, анан финалдык стадия катары бул камоону ишке ашырды деп ишенем",- деди саясат талдоочу Даниэль Кадырбеков.

Жогорку Кеңеш депутаты Казакстанда чек ара аймактарында аткезчилик менен ишмердик кылган уюшкан кылмыштуу топторго каршы жүргүзүлгөн операция маалында 17-февралда кармалган. Бирок аны кармалышы расмий түрдө бир сутка өткөндөн кийин кыргыз тарап жиберген нотадан соң гана тастыкталды.

Асылбек Дамирбек уулу ким?

37 жаштагы "Кыргызстан" фракциясынын депутаты Асылбек Дамирбек уулу эл аралык класстагы грек-рим күрөшү боюнча спорт чебери.

2009-жылы Жогорку Кеңешке "Ак Жол" партиясынан шайланып, 28 жашында депутат болгон. 2010-жылдагы Апрель окуяларынан кийин "Альфа-Телеком" компаниясынын кызыкчылыктарын коргоо жана мамлекеттик органдар менен байланыш боюнча координатору болуп иштеген.

2015-жылы өткөн парламенттик шайлоодо "Кыргызстан" партиясынын тизмесине кирип, саясий карьрасында экинчи ирээт депутат болгон.

Былтыр өткөн президенттик шайлоо маалында президент Сооронбай Жээнбековго колдоо корсөтүп, ал өзү жана ал мүчө болгон партия Жээнбековду колдоорун 7-октябрда билдирген. Ошол эле убакта партиянын расмий жеткчиси Канат Исаев бийлик талапкери Жээнбековдун негизги атаандашы Өмүрбек Бабановго жан тартканы маалым.

Сүрөттүн автордук укугу Social media
Image caption Президенттик шайлоо алдындагы сүрөттөр. Солдон оңго биринчи Дамирбек Асылбек уулу

Асылбек Дамирбек уулу Жогорку Кеңеште Конституциялык мыйзамдуулук, мамлекеттик түзүлүш жана сот-укуктук маселелер боюнча комитеттин төрага орун басары болот.

Ошол эле убакта Кыргызстандын күрөш федерациясынын биринчи вице-президенти.

Салимбай "байбача" менен сүрөтү

12-февралда "Салимбай байбача" катары таанылган Борбор Азияда таасирдүү крим төбөл катары белгилүү Салим Абдувалиев менен кыргызстандык бир катар адамдар кошо түшкөн сүрөттөр да жарыяланган.

Алардын арасында Жогорку Кеңештин мурдагы депутаттары Шаршенбек Абдыкеримов, Нургазы Айдаров, "Кыргызстан" фракциясынан депутаттар Асылбек Дамирбек уулу, Салайдин Айдаров да тартылган.

Сүрөттүн автордук укугу Google
Image caption Салим Абдувалиев Борбор Азиядагы эң бай жана таасирдүү адамдардын бири делет

Ал сүрөттөр тууралуу Асылбек Дамирбек уулу журналисттерге комментарий берип, сүрөтту тастыктап, "байбача" менен спорт аркылуу тааныш экенин ырастаган.

Айтымында Интернетте тараган сүрөттөр 2014-жылы Ташкенттеги спорттук иш-чарада тартылган.

Асылбек Дамирбек уулу 1981-жылы 3-февралда Ысык-Көл облусуна караштуу Каракол шаарында туулган.

Үй-бүлөлүү, үч баланын атасы.

Ал арада Кыргызстандын Башпрокуратурасы казак тарапка кармалган депутаттын чоо-жайы боюнча кат менен маалымат сурап кайрылганы маалым болду.

Асылбек Дамирбек уулу менен операция маалында кыргызстандык дагы эки жаран: Чыңгыз Абакиров жана Уланбек Мурадилов кармалган.

Кармалгандарга Казакстандын Улуттук коопсуздук комитети тарабынан аткезчилик айыбы коюулуда.

Тектеш темалар

Тема боюнча башка макалалар